Кыргызстандык Медер Орусияда миграциялык мыйзамды бузганы үчүн «кара тизмеге» алынган. Жигит бул тууралуу билгенден кийин өлкөдөн дароо чыгып кеткен. Бирок кийин апасынын фамилиясы менен жаңы паспорт алып, Москвага кайтып келген.
- Украинанын чек арасына чыгып, миграциялык карта жаңылап келгем. Анан ФМСке барсам, «кара тизмеде» экенсиң, жума күнү сотко кел» деп көк паспортумду алып калышты. Сот 5 миң рубль айып пул саларын уккандан кийин ID паспортум менен аэропортко бардым. Ал жерден заматта депортация кылышты. Анан бир жарым айдын ичинде атымды алмаштырып, апамдын фамилиясына өтүп кайра келгем.
Мигранттар: камакка жеткирген кенебестик
Мигранттар: камакка жеткирген кенебестик
Медер миграция мыйзамын бузганын мойнуна алат. Буга турмуш-шартка байланыштуу барганын айтып отурду.
- Көп балалуу үйдө чоңойдум. Мектептен кийин окууга өтүүгө шарт болбоду. Аскерге барып, андан кийин Москвага келгем. Жер алып, үй салышым керек эле. Карыз да болуп калгам. Орусияга айла түгөнгөндө келгем. Мына быйыл төртүнчү жылга аяк басты. Андан бери үч жылдык чектөө мөөнөтү бүтүп калды. Жер алып, үй салганга да жетиштим.
Ушул жумада Мамдумада «кара тизмедеги» чет өлкөлүк мигранттардын аты-жөнүн өзгөртүп, Орусияга кайра келгени тууралуу маселе көтөрүлдү.
Бул көрүнүштү токтотуу үчүн КМШ өлкөлөрүнүн тийиштүү министрликтерине жарандардын тек-жайын аныктоочу бирдиктүү база түзүү сунушталды.
Орусияда миграциялык жана административдик мыйзамды бузганы үчүн «кара тизмеге» алынган кыргызстандыктар жүз миңге чукул.
Кыргызстандын миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн башкы адиси Марлес Шаршеев жыл ичинде бул тизмеден 22 миңден ашуун жаран чыгарылганын билдирди.
- Былтыр жыл башында «кара тизмеде» 106 миң 29 кыргызстандык бар болчу, октябрдын аягында 22 миң 432 адам "кара тизмеден" чыгарылды. Булар федералдык 114-мыйзамды (Орусияда жүрүү эрежелерин) бузган, көбүнө үч жылга чейин өлкөгө кирүүгө тыюу салынган. Кийин «кара тизмеде» калган жарандардын санын тактоо үчүн Орусиянын тийиштүү органдарына кат жөнөткөнбүз. Азырынча жооп келе элек.
Орусияда мыйзамсыз миграцияны ооздуктоо максатында чет өлкөлүктөрдү дактилоскопиялык текшерүүдөн өткөрүү тажрыйбасы колдонулат. Келгиндердин бармак изин чек ара көзөмөлү менен укук коргоо органдары текшерет.
Орусиянын ИИМи 2016-жылы дактилоскопиялык текшерүү маалында 26 миң чет өлкөлүк мигрант Орусияга мыйзамсыз киргени аныкталганын маалымдаган.
Жасалма каттоодон жабыркаган мигранттар
Жасалма каттоодон жабыркаган мигранттар
Орусияга ишке барган эмгек мигранттарынан жашаган жерине миграциялык каттоого туруу талап кылынат.
Миграция боюнча адис Марлес Шаршеев мыйзам бузууну дактилоскопиядан тышкары өздүк маалымат аркылуу да аныктоого болорун кошумчалады.
- Паспортту алмаштырып келген күндө деле бармак изин текшеришет. Андан тышкары ИНН боюнча адамдын өздүгүн аныктоого болот. Ошондуктан, тобокелдик кылып Орусияга кайра кирүү мыйзам бузууга жатат. Текшерүү маалында аныкталса, Орусияга кирүүгө чектөөнү дагы узартып коюшат. Биз жарандарга мындай иштерге барбагыла деп айтабыз.
Москвадагы кыргыз элчилигинин юристи Мырзапаяс Карагулов тыюу салынганына карабай мигранттын Орусияга кайра келгени билинип калса, Орусиянын Кылмыш кодексинин «Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу» беренеси боюнча жазага тартыларын эскертти.
- Орусиянын Кылмыш кодексинин «Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу» деген 322-беренеси бар. Ага ылайык беш жылга чейин эркинен ажыратып кое алышат. Менин маалыматым боюнча былтыр үч мигрант кармалган. Мыйзамды билбейм дешет, айрымдары колго түшпөйм деп жаңылышат.
Орусиянын ИИМнин башчысы Владимир Колокольцев былтыр 1,6 миллиондон ашуун миграциялык мыйзам бузуу катталганын, орусиялык соттор 93 миң мигрантты өлкөдөн чыгарганын маалымдаган. 185 миңден ашуун чет өлкөлүк жаранга Орусияга кирүүгө тыюу салынган.