Линктер

шаршемби, 18-июль, 2018 Бишкек убактысы 17:05

"Сузактын 41 жаштагы тургуну Москвада "такырбаштардын" колунан каза тапты" деген маалыматты Орусиянын полициясы иликтеп жатат.

Ушул жылдын 12-январында Тахиржан Хамраевдин бычакталып, жанчылган денеси Москванын четиндеги Ногинск шаарынан табылган. Буга чейин Хамраевдердин бир баласын Сузакта белгисиз кишилер атып кеткен.

Сузак районунун Сузак айылында жашаган Хамраевдердин үй-бүлөсү Тахиржанды 17-январда жерге берди. Аба ырайына байланыштуу сөөктү алып келген учак Ош аэропортуна коно албай, Бишкекте бир сутка кармалган. Маркумдун апасы Хайринса Хамраева уулу кайсы жазыгы үчүн жашоо менен кош айтышканын түшүнө албай турган чагы.

- Каргашалуу окуя болордо балам телефон чалып, жарым саатка жакын сүйлөштүк. Ал Москва облусундагы Ногинск шаарында көп кабаттуу үйдүн курулушунда иштеп жаткан. "Кышында үйгө эле кел" десем макул болбоду. Ошол жердеги орус кемпир-чалга иши жакканын, алар башка жактан жумуш таап бермей болгонун айткан. Балам дүкөндөн келе жатканда күндүз "такырбаштардын" колуна түшүптүр. Манжалары менен бет сөөгү эле соо экен. Кайсы күнөөсү үчүн мынча жазалашканын түшүнбөй турам.

Тахиржан Хамраев.
Тахиржан Хамраев.

Маркум Тахиржан Хамраев Орусияга 2017-жылдын май айында кеткен. Анын иниси Гафуржан Хамраев бир топ жылдан бери Москвада иштейт. Агасы акыркы жолу ага телефон чалганы үчүн милиция суракка алганын айтты.

- Агам акыркы жолу мени менен сүйлөшкөнү үчүн шек санашты. Суракка бардым. Бирок ага-ини экенибизди билгенден кийин кое беришти. Тергөө Черноголовка деген шаарда өттү. Сөөк Старая Купавна деген жердеги өлүкканада жатты. Мен тергөө башка жакта өткөнүнө таң калдым. Алар кандайдыр маалыматты жашырып жаткандай. Кыргызстанга келгенден бери тергөө кандай жүргөнүнөн кабарыбыз жок. Бул жакка келерде аэропортто отурсак тергөөчү телефон чалып, окуянын күбөлөрү табылганын айтты.

Хамраевдердин үй-бүлөсү уулунун өлүмүн Москвадагы такырбаштардан көрүп жатат.

Ногинск шаарынын жашоочусунун тергөөгө берген көрсөтмөсүнө караганда, маркум дүкөндөн келе жатып токой арасында ондон ашык улутчул "такырбаштардын" колуна түшкөн. Учурда орус полициясы “Киши өлтүрүү” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, тергөө жүрүп жатканы маалым болду.

Хамраевдердин ортончу уулу Илхомжанды 2011-жылы Сузактагы чачтарачтын жанынан белгисиз бирөөлөр атып кеткен. Ага чейин 2010-жылдын май айында ал жашаган үйгө өрт коюшкан. Уулунун өлүмүнө шектүү катары каралган кылмыштуу топтун мүчөлөрү азыр чет жактарда жүргөнүн апасы Хайринса Хамраева айтып отурду.

Маркум Тахиржан жана Илхомжан Хамраевдер чогуу түшкөн сүрөт.
Маркум Тахиржан жана Илхомжан Хамраевдер чогуу түшкөн сүрөт.

- Илхомжан ушул жерде иштеп жүргөндө акча талап кылып, коркутуп жүрүшкөн экен. Уулум аны бербегени үчүн 2010-жылы май айында Сузактагы үйүнө өрт коюшкан. Ошол учурда Илхамжан Орусияда иштеп жүргөн, үйдө келиним балдары менен бар болчу. Уулум Кыргызстанга 2011-жылы кайтып келди. Үч күндөн кийин эле атып кетишти. Тергөө болду, бирок күнөөлүү деп табылган балдар жазага тартылган жок.

Хайринса Хамраева бул окуядан кийин күйөөсүнүн жүрөгү кармап, 57 жашында каза болгонун айтты. Азыр эне эки уулунун артында калган жети небереси, кичүү уулу Гафуржан менен Сузакта жашап жатат. Ал уулунун өлүмүнө күнөөлүүлөрдү таап, жазага тартууну кыргыз бийлигинен суранды.

- Биз кылмыштуу дүйнөдө жашап жатабызбы? Кайда барып, кимге кайрылууну билбей турабыз. Тахиржандын өлгөнүнө он күн болду, тергөөдөн дайын жок. Биз бийлик өкүлдөрүнөн жана тиешелүү кызмат адамдарынын жардам сурайбыз. Мамлекет өз атуулдарына кам көрүшү керек.

Чупик: Орусиядагы кыргыздардын арасында да улутчулдук күчөп баратат

"Тахиржан Хамраев "такырбаштардын" колунан өлдү" деген маалыматтан кийин "Азаттык" Москвадагы «Утро мира» уюмунун жетекчиси, юрист Валентина Чупик менен мигранттардын коопсуздугу тууралуу маектешти.

Валентина Чупик.
Валентина Чупик.

Валентина Чупик: Бул маселе азыркы убакта 2010-жылга чейинкидей курч эмес. Сегиз жыл мурда үрөй учурган окуялар болгону талашсыз. Азыр андагыдай ачык эле коркутуу, кол салуу жокко эсе десек болот. Тилекке каршы, улутчулдардын ордун мигранттарды алардан кем эмес кодулаган укук коргоо органдарынын кызматкерлери басты. Азыр мигранттар "такырбаштарга" караганда полициянын колунан көп жабыркайт. Полиция кызматкерлери чет элдик мигранттарга зордук-зомбулук көрсөткөн жагынан улутчулдардан кем калбайт деп айта алам. Ага кошумча полиция коррупциялашканын эстен чыгарбасак.

2010-жылы Орусияда өкмөттүк деңгээлде "өлкө үчүн "такырбаштар" кооптуу, анткени алар бийликке каршы маанайда" деген чечим кабыл алынган. Ошондон тартып улутчулдарды колдоо, аларды калкалоо токтогон. Андан кийин улутчулдар полициянын назарына илинип, “кол тийбестигинен” ажырашкан. Бул болсо дароо жемишин берген. Тилекке каршы, Орусиядагы “нацизмди” полиция сиңирип алды деп айтар элем. Эми мигранттар полициядан ыдык көрүп, ысык-суукта ачка-ток болуп, зордук-зомбулукка кабылган учурлар көп.

"Азаттык": Орусиянын бардык жеринде бийлик улутчул күчтөрдү катуу көзөмөлдөп, баш көтөртпөйт деп айтууга болобу?

Валентина Чупик: Жок, антип айтуудан алысмын. Иш жүзүндө бийлик эч кимди көзөмөлдөбөйт, бийлик укук коргоо органдарын гана көзөмөлдөйт. Укук коргоо органдары баштагыдай улутчулдарды коргобойт. Эгер улутчулдар полицияга түшсө аларга мамиле катаал. Улутчул күчтөрдү басып, баш көтөртпөй коюуга бул жетиштүү эле чара болду. Бирок мен жана айткандай, Орусияда "нацизм" такыр жок болгон жок. Бийлик колдогону үчүн өкүм сүрүп жатат. Бийлик колдоосун токтоткондо гана массалык масштабдагы «нацизм» жоголот.

"Азаттык": Орусиядагы аярлуу катмар болгон эмгек мигранттарына эмне кеңеш бере аласыз? Алар жеке коопсуздугу үчүн жетиштүү кам көрүшөбү?

Тилекке каршы, башка өлкөлөрден келген мигранттарга караганда кыргызстандыктардын арасында «улутчулдук» күчөп бара жатат. Соңку үч-төрт жылда «кыргыз улутчулдарын» арбын кезиктире баштадым.
Валентина Чупик

Валентина Чупик: Мен эң оболу алардын өздөрүнө улутчул болбогула деп кеңеш берет элем. Тилекке каршы, башка өлкөлөрден келген мигранттарга караганда кыргызстандыктардын арасында улутчулдук күчөп бара жатат. Соңку үч-төрт жылда кыргыз улутчулдарын арбын кезиктире баштадым. Орустардын такырбаштарына караганда кыргыздын улутчулдары ошол эле кыргыздын кыз-келиндери менен жигиттерине кол салганына күбө болуп жатабыз.

Экинчиден, мигранттар жеке коопсуздугуна өздөрү да кам көрүшсүн. Мүмкүн болсо түн ичинде көчөдө же башка жерлерде жүрбөш керек. Мына бүгүн эле таңкы саат төрт жарымда мага кыргыз мигрант Одинцово шаарынан чалып, полициянын колуна түшүп калганын айтты. "Таңкы саат төрт жарымда ал эмне кылып жүрөт" деп ойлойсуң. Таң аткыча сүйлөшүү жургүзүп жатып, аны араң бошоттук.

"Азаттык": "Кыргыздардын улутчулдарынан запкы жегендер арбып баратат" деген сөзүңүз уккан кишини сестентет. Так маалыматыңыз барбы?

Валентина Чупик: Былтыр кыргыздардын улутчулдары өз мекендештерине кол салганы тууралуу 15тей билдирүү келди. Аларды башка улуттагылар менен мамиле түзгөнү үчүн кармап сабашкан. Бул эмне деген жорук? Аларга капысынан кол салып, катуу сабашкан, бир кыздын жүзүнө так салышкан, бычак менен мойнун тилишкен. Эки жигитти да "башка улуттун кыздары менен жүрөсүңөр" деп катуу тепкилешкен. Мындай окуялардын болуп жатканы өтө өкүндүрөт. Бул Орусиядан мигранттар үйрөнө турган жорук эмес.

"Азаттык": Орусияга миңдеген мигранттар кетип, иштеп жүргөн өлкөлөр өз жарандарынын коопсуздугу үчүн кам көрүп, жеткиликтүү саясат жүргүзүп жатабы? Сиз кандай баалайсыз?

Валентина Чупик: Эң оболу мигранттардын «репрессиясын» токтотуш үчүн чечкиндүү аракет көрүлүшү керек. Орусиядан айдалгандардын жарымынан көбү - мыйзамсыз, эч бир негиздүү жүйөсү жок чыгарылгандар. Тилекке каршы, мигранттарды жиберген өлкөлөр буга толук көз жуумп коюшат. Бул “мигранттарыбыз толтура, булардын ордуна башкалары барат” деген мамилени айгинелейт.

Ошондой эле мигранттар кыйноого кабылганы далилденген учурда деле алардын өлкөсү баш көтөрүп, сөз айтып койбойт. Мына, жаңы жыл алдында, 31-декабрда 420 мигрант кармалды. Жети автобус кишини полиция бөлүмдөрүнө жеткирип, кыштын кыраан чилдесинде короолордо кармап турушкан. Кечки 10дордо кармалгандардын арты кийинки күнү саат 10дордо бошотулган. Бул окуядан кийин бир элчилик же өлкө реакция кылдыбы? Албетте, жок.

Мигрантарды жиберген өлкөлөр өз жарандарын полициядан коргомоюнча аларды улутчулдардан же башка топтордон эч ким коргой албайт. Ал мамлекеттер “Ооба, булар биздин жарандар. Биз аларды коргоого даярбыз” деген так жана активдүү позициясын билдириши зарыл. Орус бийлиги мигранттар кабылып жаткан көйгөйлөрдү көрмөксөн, билмексен болот – муну баарыбыз түшүнөбүз. Ар бир иш боюнча “натыйжалуу иликтөө жүрүшүн талап кылабыз” деген мамиле болмонча эч кандай майнап чыкпайт.

"Азаттык": Маегибиздин соңунда сизге бир суроо берейин деп турам. Эмгек мигранттары Орусияга келгенден кийин аң-сезиминде, жүрүм- турумунда кандай өзгөрүү болот? Ооба, Орусияга иш издеп келгендердин билим деңгээли, көз карашы ар кандай деңизчи.

Орусияга келген жигит эки же андан көп жолу мигрант болгондон кийин таптакыр өзгөрөт. Тилекке каршы, миграциянын адамга тийгизген таасири ушундай экен.

Валентина Чупик: 2015-жылы Өзбекстандан келген эмгек мигранттарынын арасында укуктук аң-сезимдин өзгөрүшүн аныктоо максатында иликтөө жүргүзгөнбүз. Миңдей мигрантты сурамжылоого тартып, алардын укуктук аң-сезиминин психологиялык деңгээлин изилдегенбиз. Миграцияда канчалык узак жүрсө, адамдын укуктук аң-сезими ошончолук төмөндөгөнүн байкадык. Эки жолу мигрант болуп келген кишиде "мыйзамдарды аткарбай деле койсо болот, жең ичинен сүйлөшсө болот, пара берген кылмыш эмес, күч менен деле маселе чечсе болот" деген ишеним жаралат.

Мигранттардын адеп-ахлактык жана жалпы эле укуктук аң-сезими төмөндөп баратканы талашсыз. Бир кезде жаркын кыялы менен Орусияга келген жигит эки же андан көп жолу мигрант болгондон кийин таптакыр өзгөрөт. Тилекке каршы, миграциянын адамга тийгизген таасири ушундай экен.

Орусияда ашынган улутчулдардын мигранттарга кол салуулары 2007-2010-жылдар аралыгында күчөп кеткен. Соңку учурда деле чет элдиктерди кодулаган көрүнүштөр жоюлбаганын Интернетке жарыяланган видеолордон, кабарлардан байкаса болот. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, былтыр 2017-жылы чет жактардан 238 кыргызстандыктын сөөгү алынып келген. Алардын 211и Орусиядан келген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Руслан Калматов

    "Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG