Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:34

Апта: Бир жыл мурун кыйраган учак, Актөбөдө күйгөн автобус


Бир жыл мурда болгон кырсыкта каза тапкандарга тургузулган эстелик
Бир жыл мурда болгон кырсыкта каза тапкандарга тургузулган эстелик

Узап бараткан жуманын урунттуу окуяларына сереп.

Шейшембиде "Манас" аэропортуна жакын жайгашкан Дача СУ конушунда туура бир жыл мурун учак кырсыгынан каза болгондор эскерилди. Жергиликтүү тургундар, кырсыктан жабыркагандар жана жакындарын жоготкондор, жарандык активисттер чогулуп, куран окутушту. Маркумдарга тургузулган эстеликтин алдына гүл коюлду.

Былтыр 16-январда эртең менен жети жарымдар чамасында түркиялык АСТ компаниясына таандык "Боинг-747" үлгүсүндөгү жүк ташыган учак "Манас" аба майданынын чукул жердеги эл жашаган конушка кулап түшкөн. Каргашалуу окуяда Дача СУ конушунун 35 тургунунун, андан тышкары учактагы төрт учкучтун өмүрү кыйылган.

Түркияда катталган MyCargo компаниясына (мурдагы АСТ компаниясы) таандык “Боинг-747” үлгүсүндөгү учак Гонконг-Бишкек-Стамбул каттамы боюнча жүк ташыган. Аны “Түрк аба жолдору” компаниясы убактылуу жалдаган. Учак “Манас” аба майданынан күйүүчү май куюп, экипажын алмаштырган соң кайра Стамбулга учмак.

Учак кулаганда айылдагы 19 үй түп орду менен бузулуп, жети үй жараксыз болуп калган. 12 үй жарым-жартылай кыйраган. Мындан сырткары чарбалык курулуштар, мал-жанга зыян келтирип, автоунаалар талкаланган. Эл аралык аэропорттун энергетика, аэронавигация тармагы жана башка мүлкү зыян тарткан.

Дача СУ: учак кыйраткан кыял-тилектер
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:33 0:00

Жүк ташып бараткан түркиялык авиакомпания жабыркагандарга кенемте төлөп бергенин кыргыз бийлиги билдирген. Кырсыктын кесепетин жоюу боюнча өкмөттүк комиссиянын төрагасы Мухамметкалый Абылгазиев "Түрк компаниясы төлөгөн кенемтенин суммасы курман болгондордун жакындарынын каалоосу боюнча ачык айтылган жок. Кенемтенин суммасы дүйнөдө болуп көрбөгөндөй деңгээлде төлөндү, эч ким нааразы болгон жок" - деп бышыктады.

Кырсыктан жабыркагандарга элден да жардам чогултулган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине 102 160 180 сом түшкөн.

Өкмөттүн маалыматына караганда чогулган акча калыс, текши бөлүштүрүлүп, жети жаран үй-жай алган. Ошондой эле коопсуздук маселесинен улам кимге канча акча тийгени коомчулукка ачык айтылган эмес. Жабыркагандардын өкүлдөрү дагы бийлик органдары бардык тарабынан көмөк көрсөткөнүн ырасташты.

Абылгазиев учактын кырсыкка кабылышы боюнча ачылган кылмыш иши жабыла электигин кошумчалады. “Эл аралык авиациялык комитеттин алдын-ала берген маалыматына караганда күнөөлүү – экипаж. Негизи дүйнөлүк практикада кырсыктын себептери боюнча башка ойлор болсо дагы талкуулашы керек. Түркиянын авиация саясатына жооп берген органдары жана “Боинг” самолетун чыгарган заводдун дагы ойлору болуп жатат. Аны кылмыш ишинин алкагында тергеп, өзүнчө бир жыйынтык чыгарышат" - деген бийлик өкүлү.

Авиакырсыктын себебин иликтеген Мамлекеттер аралык авиация комитетинин (МАК) алгачкы отчетуна караганда командир аэропорттун учуу-конуу тилкеси менен байланыш жок болгондуктан, экинчи айлампага кетүүгө буйрук бергенден кийин учак кулап түшкөн.

Конуу учурунда капитан байланыш жоктугунан улам "flare autopilot" режимине өтүп, жарым секундадан кийин экинчи айлампага кетүү үчүн кнопка басылганы катталып калганы жазылган.

"Бул аракет кыймылдаткычтардын ишин күчөткөн, кнопка басылгандан 3,5 секундадан кийин учак кырсыкка кабылган. Ошол кезде учактын ылдамдыгы 165 узелди (саатына 305 км ылдамдык) түзгөн", - деп жазылган отчетто.

Дүйнөлүк бир катар басылмалар 2017-жылдагы авиация коопсуздугунун жыл жыйынтыгын чыгарышып, “Манас” аэропортунун жанындагы кырсыкты адам өмүрү эң көп кыйылган окуя деп белгилешти. Өткөн жыл дүйнөдө аба мейкиндиги үчүн эң коопсуз же кырсыктар аз катталган жыл болуптур.

Британиянын Independent гезитинин редактору Cаймон Калдер “Азаттыкка” курган маегинде "Бишкектеги окуя эл аралык коомчулукта, керек болсо Улуттар Уюмунун алкагында каралышы зарыл эле" - деген пикирин айтты. "Улуттар Уюму ошончо киши өлгөн окуяны тиешелүү деңгээлде иликтөө маселесин көтөрүшү турган иш болчу" - деген журналист өткөн июнь айында Бишкекке келип, кырсык болгон жерди көрүп кеткен.

Калдердин белгилешинче, бир жыл мурунку Бишкектеги каргаша эл аралык авиацияда жүк ташыган учак кырсыгы деп каралган. “Албетте, авиажүргүнчүлөр менен жерде жашаган адамдардын өмүрү бирдей деп бааланса дагы – бул жерде эреже ушундай жазылып калган” – деп түшүндүрөт британиялык журналист.

“Азаттык” радиосу баш кеңсеси Канаданын Монреал шаарында жайгашкан Эл аралык жарандык авиация уюму - ИКАО менен байланышканда, “ИКАО бул иликтөөгө катышууга чакырылган эмес, андыктан эч кандай маалыматыбыз жок” – деген жоопту электрондук кат менен алды.

“Кыргызстан” авиакомпаниясынын башкы директору Жолдошбек Бектурганов болсо Көз карандысыз өлкөлөрдүн шериктештигинин аймагында болгон авиакырсыктарды Москвада жайгашкан Мамлекеттер аралык авиация комитети – МАК иликтей турганын белгилейт.

"КМШнын аймагында болгон кырсыктарды МАК гана иликтейт деп кол коюлган макулдашуу бар. МАКтын кырсыктын эмне себептен болгону тууралуу акыркы бүтүмүн эч ким талаша албайт. "Боинг" компаниясы, кыргыз бийлиги жана башка тараптар дагы ага кийлигише албайт" - деди Бектурганов.

МАКтын эксперттери кыргыз бийлигин Бишкектин эл аралык аэропортуна жакын жерлердеги курулуштарды карап чыгууга, мыйзам бузуулар болгон учурда тиешелүү чараларды көрүүгө чакырган. Ошондой эле "Манас" аба майданынын учуу-конуу коопсуздугун чыңдоо сунушталган.

Кырсыктан кийин Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын, Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук комитетинин өкүлдөрүнөн турган тергөө тобу түзүлүп, учактын кыйрашынын себептерин иликтөөгө киришкен.

Демократия менен адам укуктарынын абалы кооптондурат

16-январда "Фридом Хаус" уюму жылдык баяндамасын чыгарып, 2017-жылы дүйнөдөгү демократия соңку он жыл ичиндеги эң олуттуу кризиске туш болгонун жарыялады.

Эркин шайлоолор, азчылыктардын укугу, сөз эркиндиги жана мыйзам үстөмдүгү сыяктуу демократиялык баалуулуктарга көз салган эл аралык уюм дүйнөдөгү демократиянын абалына тынчсызданып, коңгуроо какты.

Баяндамада 2017-жылы саясий укуктар жана жарандык эркиндик жаатында 71 өлкөнүн көрсөткүчү артка кетсе, 35 өлкөда гана демократия багытында жылыш болгон.

Сөз эркиндиги: айып кимде...

Сөз эркиндиги: айып кимде...

Бийлик менен медиа ортосундагы чыңалуу кыргыз коомчулугунун көңүл чордонунда турат.

Орусия жана Борбор Азиядагы Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан мурдагыдай эле "эркин эмес" өлкөлөрдүн катарын толуктады. Алардан айырмаланып, Кыргызстан "жарым-жартылай өлкөлөргө" кошулган. Бирок 2016-жылга салыштырмалуу Кыргызстандын көрсөткүчү бир упайга азайып, 38ден 37ге түшкөн.

Кыргызстанда айрым тармактарда жылыштар байкалганы менен артка чегинүүлөр да көп болгонун эл аралык уюмдун Европа жана Евразиялык программаларынын директору Марк Берендт «Азаттыкка» маегинде айтып берди.

- Кыргызстандагы акыркы шайлоодо административдик ресурс кеңири колдонулду. Президенттикке талапкер боло турган адамдарды кармоо же аларды коркутуу сыяктуу окуялар болду. Шайлоодон кийин утулган талапкерге иш ачылды. Мындай жагдай эркин жана демократиялык шайлоонун талаптарына төп келбейт. Бирок Кыргызстанда бийлик тынч жол менен алмашканын белгилебей койсок да болбойт.

Баяндамада Борбор Азия чөлкөмүндө каршылаштардын үнүн басуу үчүн аларды экстремизмге айыптап, ошондой эле медиа каражаттарын сестенттүү аракеттери байкалганы көрсөтүлөт.

Берендт Кыргызстанда "2016-жылы кабыл алынган конституциялык өзгөртүүлөр жакшы болгон жок" деп баалайт. Эл аралык уюмдун өкүлү аны былтыр шайлоодо байкоочулардын укуктарынын, өнөктүк маалында жарандардын тынч жыйындарга чогулуу укугунун чектелиши менен түшүндүрөт. "Бишкек шаарынын негизги аймактарында кандайдыр бир акция өткөрүүгө тыюу салынды. Бул эмне болуп жатканын жакшы эле түшүндүрүп турат. Өкмөт митингдердин өтүшүн каалаган жок" - дейт "Фридом Хаустун" өкүлү.

Бейшембиде "Human Rights Watch" эл аралык укук коргоо уюму дүйнөдөгү адам укуктарынын абалы боюнча баяндамасын жарыялады. 2017-жылы Кыргызстандагы сөз эркиндиги катаал сыноого туш болгонун бул уюмдун Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн директору Хью Уильямсон "Азаттык" радиосуна берген маегинде айтты.

Былтыр “Заноза” медиа ишканасына, журналисттерге жана укук коргоочу Чолпон Жакуповага каршы прокурор, президенттин юрист-кеңешчилери "Атамбаевдин ар-намысына шек келтирди" деп сотко арызданышты. "Хьюман Райтс Вотчтун" жана дагы башка укук коргоочу уюмдардын талдоосу мындай доо коюуга эч кандай негиз жок экенин көрсөттү. Журналисттер менен укук коргоочунун президентке айткандары, жазгандары Кыргызстандын мыйзамдарын бузбайт. Андыктан президенттин ар-намысын коргогон соттук иштер жокко чыгарылышы керек эле – деген уюмдун өкүлү Кыргызстан «медиа каражаттарына чектөө коюу жагынан башкаларга жаман жол» көрсөткөнүн баса белгиледи.

Эл аралык уюмдун баасында 2017-жыл Кыргызстандын соңку тарыхында сөз эркиндиги чектелип, медиа уюмдардын жабылышы жана аларга каршы укуктук механизмдер колдонулганы жагынан катаал жыл болуп калды.

“Кыргызстандын тарыхы өзү көрсөткөндөй, бул өлкөдө сот адилеттиги сакталбайт. Айрыкча 2010-жылкы июнь окуясынан кийин көп кишилер соттордун адилетсиз чечимине дуушар болушту. Саясатчылардын сот иштери эмне болуп жатканынан биз жакшы кабардарбыз. Тилекке каршы, бийликтин каршылаштары негизсиз же толук далилденбеген кылмыш иштери менен абакка кесилип жатышат” – деди Хью Уильямсон “Азаттыкка” курган маегинде.

“Хьюман Райт Вотч” уюму жыл жаңырар алдында Жээнбековду мамлекет башына келиши менен куттуктап, 2017-жылы Атамбаевдин тушундагы кемчиликтерди оңдоо жана тышкы дүйнөгө Кыргызстан адам укуктарын урматтаган өлкө экенин көрсөтүү үчүн жаңы президенттин алдында “мүмкүнчүлүктөрдүн терезеси” ачылып турганын белгилеген.​

Актөбөдө өзбек мигранттар бараткан автобус күйүп кетти

Бейшембиде Казакстандын Актөбө облусундагы Самара-Шымкент автожолунда жүргүнчү ташыган автобус өрттөнүп, 52 киши каза болгон. Алар Орусияга иштегени бараткан өзбек жарандары болуп чыкты. “Сетра" үлгүсүндөгү автобуста 57 киши бараткан. Бешөө ар кандай жараат алып, ооруканага жаткырылды. Казак дарыгерлери алардын өмүрүнө коркунуч жок экенин айтышууда.

Жума күнү күйүп кеткен 52 сөөктүн 44ү Актөбө шаарына жеткирилди. Алардын тек-жайын аныктоо иши башталды. Бирок маркумдардын денеси таанылгыс болуп күйүп кеткендиктен, алардын ким экенин аныкташ үчүн генетикалык экспертиза жүргүзүүгө туура келет.

Актөбөдө мигранттар бараткан автобус өрттөндү
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:56 0:00

Актөбөдөгү тез жардам ооруканасынын башкы дарыгери Ракымжан Арстан алардын колуна түшкөн бейтаптар медициналык жардам алып жатышканын айтты. "Бизге жеткирилген беш адамдын күйүктөн алган жарааты анчалык коркунучтуу эмес. Негизинен алар иске ууланышкан. Алардын үчөө Казакстандын жарандары, экөө өзбек атуулдары" - деди дарыгер.

Мигранттарды салган эки кабаттуу автобус 18-январда саат он жарымдар чамасында Актөбөдөгү Калыбай айылына чукул жерде күйүп кеткен. Айрым маалымат каражаттары өрт учурунда автобустун эшиги торолуп калып, жүргүнчүлөр сыртка чыга албай калганын кабарлашты.

Казакстандын ички иштер министринин орун басары Ерлан Тургумбаев тирүү калган беш кишинин көрсөтмөлөрүнө таянып, кырсыктын себебин мындайча түшүндүргөн:

- Алардын баары өрт автоунаанын салонунан чыкканын айтып жатышат. Адегенде ис чыгып, көбү ошондон ууланган. Бул эмне үчүн баары кутулбай калганынын биринчи себеби. Экинчиси - эшик ачылганда аба кирип, автобустун ичинен жалын тутанган. Ушундан улам жүргүнчүлөр сыртка чыга албай калышкан. Андан тышкары, жүк дагы көп экен. Автобустун биринчи кабатында жүк, экинчи кабатында адамдар болгон.

Кырсыктан кийин
Кырсыктан кийин

Казак бийлиги ижарада жүргөн “Сетра” үлгүсүндөгү автобус 29 жыл мурда Германиянын заводунда чыкканын, анын ээсинин жүргүнчүлөрдү ташууга лицензиясы болбогонун, эки жыл мурда техникалык коопсуздукту кепилдеген сертификатынын мөөнөтү да аяктаганын билдирди.

Кырсыкты казак тарап менен биргелешип иликтөө үчүн Өзбекстандын өзгөчө кырдаалдар министри жетектеген делегация бейшембинин кечинде Актөбөгө келди.

Өзбекстандын Казакстандагы консулу Шухрат Кошабоев кырсыкка кабылган 30га жакын жарандын аты-жөнү такталганын жума күнү билдирди.

Бейшембидеги кырсыктан кийин Борбор Азиянын коңшу мамлекеттеринин башчылары Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге көңүл айтышты.

Бул каргашалуу окуядан кийин Кыргызстанда ички жана эл аралык каттамда киши ташыган автобустар текшерилип жатканын транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов “Азаттык” радиосуна билдирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG