Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:45

Тыглай: Кырсык болгон авиакаттам аркылуу жүк ташыбайбыз


16-январь, 2017-жыл
16-январь, 2017-жыл

Былтыр 16-январда Түркиянын АСТ Havayolları компаниясына таандык "Боинг-747-400" жүк учагы Бишкектин четиндеги Дача-СУ айылына кулаган. Кырсыкта 35 жергиликтүү тургун жана төрт учкуч ажал тапкан. Ошондой эле бир топ турак жай кыйраган.

Түркиянын АСТ Airlines компаниясынын башкаруучулар коллегиясынын мүчөсү Хамза Тыглай "Азаттыкка" маек курду.

"Азаттык": Кыргызстандын борбор калаасы Бишкек шаарына жакын жайгашкан Дача СУ айылына түшкөн учак кырсыгынан бери туура бир жыл өттү. Бул бир жыл ичинде кырсыкка байланыштуу расмий жыйынтык чыктыбы? Башкача айтканда жыйынтыктоочу отчету чыктыбы?

Хамза Тыглай: Мамлекеттер аралык авиациялык комитет (МАК) даярдаган алгачкы отчет чыкты. МАКтын интернет баракчасынан баары окуй алат. Бирок жыйынтыктоочу соңку отчет азырынча чыга элек. Акыркы отчет жакынкы айларда жарыяланат деп күтүп жатабыз.

"Азаттык": Сиздердин фирмаңыз аркылуу Гонконг-Стамбул жүк ташуучу авиакаттам дагы деле уланып жатабы? Уланып жатса кандай чектөөлөр бар?

Хамза Тыглай: Биз учурда ал каттамда жүк ташыбайбыз.

"Азаттык": Кенемте темасына кайрылсак. Дача СУда каза болгондордун жакындарына төлөнө турган кенемтенин суммасы белгилүү болдубу жана төлөндүбү? Кенемте төлөө тартиби кандай болот?

Хамза Тыглай: Кырсыкта каза болгондордун кыргызстандык туугандарынын кенемте ала тургандардын тизмеси аныкталды. Кенемтенин суммасы боюнча кыргыз өкмөтү менен да, жабыр тарткандар менен да бирдей пикирге келдик. Кенемте алууга укугу бар бардык жарандардын төлөмдөрү камсыздандыруу фирмасы тарабынан төлөндү.

"Азаттык": Анда зыян тарткан бардык тарап кенемтесин алдыбы? Сиздердин жүк ташыган АСТ фирмасы, жүк ээлери, Дача СУнун тургундары, каза болгондордун жакындары, кырсыкта майып болгондор алдыбы?

Хамза Тыглай: Кырсыктан кийин дароо кыргыз өкмөтү түзгөн депутаттык комиссия бардык зыяндарды толук эсептеп чыккан. Бул жерден өкмөттүн зыяндары (жол, электр линиялары, аэропорттогу перрон) менен катар, Дача СУнун тургундарынын зыяндары (үй, машина, мал, үй эмеректер) баары өз-өзүнчө эсептелди. Натыйжада отчетто чыккан бардык зыяндар төлөнүп бүттү. Ал эми биздин АСТ Airlines фирмасы зыяныбызды өндүрө алган жокпуз.

"Азаттык": Мурдагы маегибизде кырсыкта жетим калган балдарга жардам беребиз дедиңиз эле. Алардан кабар алып турасызбы?

Хамза Тыглай: Алар менен байланышып турабыз. Кырсыктан беш айдан кийин 2017-жылдын июнь айында ал туугандарыбызды Анталияда бир жума коноктодук. Ал балдар кичинекей болгондуктан туугандары менен жашашат экен. Алардын мындай шартта жашашын туугандары жана кыргыз өкмөтү туура көрүштү. Бирок мындан кийин жашоолорунун ар бир баскычында муктаждык чыкса (мисалы, жогорку окуу жайда билим алуу сыяктуу), АСТ Airlines аларга жардам берүү үчүн бардык шарттарды түзүп берүүгө даяр деп айта алам.

"Азаттык": Маегиңиз үчүн рахмат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG