Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Актөбөдөгү кырсык Бишкекти козгоду


Бишкектеги Батыш автобекети.
Бишкектеги Батыш автобекети.

Транспорт жана жолдор министрлиги Кыргызстанда жүргүнчү ташыган ички жана эл аралык каттамдагы автобустарды текшере баштады.

Текшерүүгө Казакстандагы Самара-Чымкент автожолунда жүргүнчү ташыган автобус өрттөнүп, элүүдөн ашык адамдын курман болушу түрткү болду. Ага карабай Кыргызстандан Орусияга кара жол аркылуу бараткандар көп.

"Спринтердин" артыкчылыгы

Зайырбек Жунусов Орусияга үч күн мурун маршрутка менен жол тартып, Казакстандын аймагынан автоунаа бузулуп калганынан улам кайра башка жүргүнчүлөр менен чогуу Бишкекке кайтып келди. Бүгүн жүргүнчүлөрдү башка маршрутка жүктөп кетиши керек. Жунусовдун айтуусунда, кичи автобустун негизги артыкчылыгы - билет баасынын арзандыгы. Киши башына 4500 сомдон алып, Бишкектен чыккан бусик эки суткадан ашыгыраак убакытта Москвага кирип барат.

Зайырбек Жунусов.
Зайырбек Жунусов.

- "Спринтердин" ыңгайлуу жагы - жолдо бат жүрөт. Анан карызга деле Москвага жеткирүүгө даяр, ошол жактан балдардан акчасын алып, жол кирени төлөп коёбуз. Мисалы, биз машинебиз Казакстанда бузулуп калганда, фирманын балдары өздөрү тамак-ашын уюштуруп, Бишкекке келгенче карап жатышты. Бүгүн буюрса кайра Москвага чыгып кетебиз.

Кыргызстандан жүргүнчүлөр менен башка өлкөгө чыккан кичи автобустар жарым жолдо бузулуп калган учурларга жүргүнчүлөр деле көнүп бүткөндөй. Автоунаа жол кырсыгына кабылганда гана жалпыга маалым болбосо, калган учурларда маселе ич ара ушинтип чечиле берет.

Маршруткалар.
Маршруткалар.

18-январда Казакстандын Актөбө облусунда болгон жол кырсыгы жүргүнчү ташыган автоунаалардын техникалык абалын күн тартибине чыгарды. Өзбекстандан Орусияга бараткан автобус өрттөнүп кетип, ичиндеги 52 адам каза болду. Бул жүргүнчүлөр Орусияга иштегени бараткан өзбек жарандары экендиги маалымдалды.

Текшерүү күчөтүлдү

Ушундан улам Кыргызстандын Транспорт жана жолдор министрлиги Орусияга жүргүнчү ташуу менен алектенген фирмалардын лицензияларын текшерүүнү күчөттү. Министр Жамшитбек Калилов автобустардын техникалык абалы талапка жооп бербесе кескин чара көрүлөрүн “Азаттыкка” айтты.

- Өзбекстандын мигранттары Казакстанда каза болгондугу тууралуу кабар келери менен мен өзүмдүн тийиштүү буйругумду чыгардым. Биздин сыртка чыгып жаткан автобустардын жана транспорттук каражаттардын баарынын техникалык абалы текшерилет. Талапка жооп бербеген фирмалардын лицензияларын алууга чейин барабыз. Бул албетте, өтө өкүнүчтүү окуя жана биз андай кайгылуу кырсыктарга жол бербегенге аракет кылышыбыз керек.

“Santа” фирмасынын кеңсеси.
“Santа” фирмасынын кеңсеси.

Казакстандын кан жолундагы кайгылуу окуя Орусияга кара жол менен сапар тарткан кыргызстандыктарга таасир бербегендей. "Мерседес-спринтер" унаасы менен Орусияга жүргүнчү ташыган “Santа” жеке фирмасынын өкүлү Адилеттин айтуусунда, күнүнө 3-4 бусик толо мекендештер Орусия жөнөп кетет.

- Поезддин баасы 7-8 миң сомдон жогору, ал эми самолёттуку 20 миң сомдун тегерегинде болуп жатпайбы. Ушундан улам эл "спринтер" менен каттоого ооп кетти. Азыр, мисал үчүн, "спринтерлер" жетишпей жатат. Бул жактан жүргүнчү толо кетип, көпчүлүгү Москвада киши толтура албай, ошол жерде токтоп турушат.

Автобус менен барууну каалагандар аз

Ал эми чоң автобус менен Орусияга аттангандардын сапары Бишкектин батыш автобекетинен башталат. Автовокзал мамлекетке таандык болгону менен андагы автобустар жеке фирмалардыкы. Батыш автобекетинин директорунун орун басары Алмазбек Байсопуев автобустар эки өлкөнүн техникалык кароосунан өтүп жаткандыктан жолдо бузулуу мүмкүнчүлүгү аз экенин айтты. Бирок мигранттардын көпчүлүгү ага карабай "Спринтер" менен жол жүрүүнү тандашат экен.

Алмазбек Байсопуев.
Алмазбек Байсопуев.

- "Спринтерлер" менен киши ташыганга Орусия тыюу салган. Бизден бараткан "спринтерлердин" айдоочулары чек арадан өзүнүн тууган-туушкандарын, тааныш кишилерин салып баратканын айтып өтүшөт. Алардын уктоо режими, эс алуусу кандай жүрүп жатканын текшерген эч ким жок. Ал эми бизде ар бир автобус кылдат текшерүүдөн өтүп, айдоочулар сөзсүз эс алып, уктап, анан жолго чыгышат. Автобустар тиешелүү текшерүүдөн өткөндөн соң ар бир рейс алдында вокзалдын механиги тарабынан да текшерилет. Мындан тышкары, Орусияда да текшерилет.

Анткен менен жол коопсуздугу боюнча эксперттер Кыргызстандагы жүргүнчү ташыган автоунаалардын бардык түрү эл аралык талаптарга жооп бербей тургандыгын айтышат. Инженер Ислам Байгараев "Өзбекстандын автобусу өрттөнүп кеткендей көрүнүш бизде да болбойт деген кепилдик жок" дейт.

Бизде техникалык кароодогу коррупцияны болсо көрүп атасыңар. Айдоочу каалаган учурда барып, "техкароодон өттү" деген штампты бастырып алат.

- "Спринтер" болобу, автобус болобу, бардыгы 10 жылдан ашык айдалып жүргөн эски автоунаалар. Бизде техникалык кароодогу коррупцияны болсо көрүп жатасыңар. Айдоочу каалаган учурда барып, "техкароодон өттү" деген штампты бастырып алат. Анын үстүнө “D” категориясындагы айдоочу күбөлүктү алуу өтө жеңил. Союз маалында бул категорияны алуу аябай кыйын эле, кеминде он жылдык тажрыйба керек болчу. Маршрутканы жаш балдар айдап жүрөт, аларда эч кандай тажрыйба жок. Ошондуктан жүргүнчүлөр айдоочуга ишенгени менен бардыгын Кудай эле сактап келатат.

Кыргызстандын эл аралык каттамдагы автопаркы өлкө эгемендүүлүк алгандан бери жаңылана элек. Ушундан улам мамлекеттик автобекеттеги автобустар жеке фирмалардын көмөгү менен гана жаңыланып, анда мамлекетке тиешелүү жүргүнчү ташуучу автотранспорт жок.

Өткөн жылы Казакстан менен Орусияда бир нече кыргызстандык жүргүнчү ташыган автоунаа жол кырсыгына кабылып, натыйжада ондогон мекендештер кайтыш болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG