Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

“Чек арасыз кабарчылар”: Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча артка кетти


"Заноза иши" боюнча журналисттерге 30 млн. сомдой доо коюлган.
"Заноза иши" боюнча журналисттерге 30 млн. сомдой доо коюлган.

“Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму сөз эркиндиги боюнча рейтингде Кыргызстанды 85-позициядан 89-позицияга түшүрдү. Бул тууралуу уюмдун “Эркин маалымат каражаттарынын 2017-жылдагы индекси” отчетунда жарыяланды.

Мунун себебин эл аралык уюм өткөн жылы Кыргызстанда медиа каражаттарына карата соттук доолор көбөйгөнү менен түшүндүрөт:

- Борбор Азиядагы башка мамлекеттерге салыштырмалуу Кыргызстанда массалык маалымат каражаттарынын эркиндиги артыкчылыкка ээ. Бирок ага карабай республикада олуттуу проблемалар бар: дагы эле өзүн-өзү цензуралоо курч бойдон калууда. Буга улай журналисттерге бийлик тарабынан соттук доо-арыздар көбөйгөнү сөз эркиндигинин абалын оорлотууда, - деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

Уюм көрсөткөн рейтингде Кыргызстандын алдында Греция (88) коюлса, артындагы орунду Перу (90) мамлекети ээлеген. Бул айланада бир нече Африка өлкөлөрү да бар.

“Чек арасыз кабарчылар” уюмуну индексинде Орусия 148, Тажикстан 149, Казакстан 157 жана Өзбекстан 169 орунга коюлган.

Кыргызстанда былтыр Алмазбек Атамбаев президент учурунда "анын кадыр-баркына доо кетирилген" деген айып менен "Zanoza.kg" сайтынын журналисттери Нарын Айыпка, Дина Масловага жана белгилүү укук коргоочу Чолпон Жакуповага жалпысынан 30 миллион сомдук доо коюлган. "Жалган маалымат таратты" деген негиз менен журналисттерге жана укук коргоочуларга ири суммадагы акчалай айып салган дагы эки сот иши бар.

Мындан тышкары жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабы берген арыздын негизинде жыл аягында "24.kg" агенттиги менен журналист Кабай Карабеков 10 миллион сом доого жыгылышты. Бул жагдайды эксперттер жана укук коргоочулар сөз эркиндигин чектөө жана саясий куугунтук катары баалап келишет. (ErN)

XS
SM
MD
LG