Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:40

Азимовдордун атасы ФККнын дооматына ишенбейт


Ахрал Азимов уулдары Аброр жана Акрам менен.
Ахрал Азимов уулдары Аброр жана Акрам менен.

Жыл башында Петербургдагы жардыруу боюнча айыпталган бир тууган Азимовдордун атасы Ахрал Азимов Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматын (ФКК) "фашисттен бетер мыкаачы" деп айыптады.

Ахрал Азимов Орусиянын телеканалдарын бир гана ФККнын үнүн бир беткей жарыялаган үгүтчү катары сыпаттады. Ал балдарына коюлдан айыптарга далил жоктугунан улам сот болбой жатканын билдирди. Орусияда террорчуларды каржылоо жагынан шектелип, бири тапанча, экинчиси граната менен кармалган бир тууган Азимовдордун атасы менен кабарчыбыз маектешкен.

Ахрал Азимов. Москва, 12-июль, 2017-жыл.
Ахрал Азимов. Москва, 12-июль, 2017-жыл.

- Мени балдарым менен бир да жолу жолугуштура элек. Аларды сотто гана көрөм. Бир нерсе деп айтайын десем залдан кууп чыгышат. Эч нерсе айта албайм. Карап отурам. Аларда адамгерчилик деген такыр жок. Кыйнап мойнуна илип салуу деген эмне?

Бир тууган Азимовдор 2017-жылдын 3-апрелинде Петербургда болгон жардырууга байланыштуу айыпталган. Ахрал Азимов Орусиянын федералдык коопсуздук кызматы тарабынан уулдары кыйноого алынганын айтып ыйлайт. Анын айтымында, 17-апрелде ФКК тарабынан бактын ичинде тапанча менен кармалган уулу Абрордун телефону 3-марттан баштап өчүп калган.

6-мартта Москва шаардык полициясы Аброр милицияда кармалбаганын, ооруканага же өлүкканага түшпөгөнүн маалымдаган. Бирок бетинде шишик пайда болгон Аброр 17-апрелде Орусиянын ФККсы тарабынан тапанча менен кармалганы бүт телеканалдардан көрсөтүлгөн. Ахрал Азимов Орусиянын коопсуздук кызматтары уулун тапанча көтөрүп видеого түшүп берүүгө мажбурлашкан деп эсептейт.

ФКК кызматкерлери Аброр Азимовду кармап кетип бараткан учур. 17-апрель, 2017-жыл.
ФКК кызматкерлери Аброр Азимовду кармап кетип бараткан учур. 17-апрель, 2017-жыл.

- Керек болсо фашисттер да мындай кылбайт. Алар фашисттен да жаман иш кылышты. Орусиянын ЖМКларына да "силердин коопсуздук кызматтарыңар фашисттен да жаман иш кылып жатат" деп айттым. Менин бейкүнөө балдарымды жыныстык мүчөсүнө чейин электр тогуна урдуруп кыйноонун эмне кереги бар? Мындай кыйноого кабылган ар кандай адам "Кеннедини өлтүргөнмүн" деп да мойнуна алат. Мындай кыйноого кантип чыдайсың? Четте турган адамдар "мойнуна албаш керек эле" деген пикирлерди жазып атышат. Ушундай кыйноого кабылып көргөн адам билет. Атасын өлтүрүүгө да макул болот, андай кыйноодон кийин.

Ахралдын биринчи уулу Акрамды 14-апрелде Оштогу “Касиет” аттуу жеке ооруканада дарыланып жаткан жеринен Кыргызстандын коопсуздук кызматтары алып кетишкен эле. Тапанча менен кармалган Абрордун видеосунан кийин 19-апрелде агасы Акрам да Москвада капчыгына граната салып турган жеринен кармалган видео тараган. Акрам жана Аброр Азимовдордун атасы Ахрал Азимов ал видеолордун баары алдын-ала даярдалганын айтууда.

- Ооруканада гайморитин алдырып, 14-апрелде операциядан кийин жандандыруу бөлүмүндө жаткан жеринен биздин УКМК менен Орусиянын ФККсы алып чыгып кетишиптир. Анан учак менен Москвага алып барышкан. Аэропорттон өздөрүнүн жолдору менен башына кап кийгизип, жашыруун түрмөгө алып барып төрт күн кыйнашыптыр. "Резина союл менен зордуктайбыз" дешиптир. Анан балам кол коюп бериптир.

ФККнын кармоо операциясы, 17-апрель, 2017-жыл.
ФККнын кармоо операциясы, 17-апрель, 2017-жыл.

ФКК тарабынан Азимовдордун кантип кармалганы чагылдырылган видеолор жарыяланганына карабай, коомчулукта Орусиянын коопсуздук кызматтарына ишенбеген, нааразы пикирлер Кыргызстан эле эмес, Орусиянын жарандары тарабынан да көп айтылган. Азимовдордун атасы Ахрал да ФККнын тергөөчүлөрүндө далилдин жоктугунан улам Акрам менен Абрордун соту улам артка жылдырылып атканын айтууда.

Аялым акылдуулук кылып, ооруканага барып, баламдын ооруканада жатканы тууралуу аныктама кагаздарды алып койгонго үлгүргөн экен. Ошол документтер чыккандан кийин ФКК эмне кыларын билбей калды.

- ФКК баламды "ооруканадан алып чыгып барып эле граната менен кармап, көрсөтүп коёбуз" деп ойлогон. "Эч нерсени далилдей алышпайт" дешкен да. Ага чейин аялым акылдуулук кылып, ооруканага барып, баламдын ооруканада жатканы тууралуу аныктама кагаздарды алып койгонго үлгүргөн экен. Ошол документтер чыккандан кийин ФКК эмне кыларын билбей калды. Сотто тергөөчүлөр эч бир далил айта албай, убактылуу кармоо мөөнөтүн узартып берүүсүн суранып атат. Аны прокурор колдоп берет. Сот аны канааттандырып коюп жатат. Болбосо менин балдарым эркиндикке чыгышы керек эле. Буларды айтып мен орус ЖМКларына кайрылдым. Бирок мени эч кимиси ачык көрсөтүшкөн жок.

Ахрал Азимов буга чейин Орусиянын ЖМКлары аркылуу балдары бейкүнөө камалганын айтып, орус президентинен балдарын бошотуп коюуну суранган. Бирок орус бийлиги аны 16-декабрда орус жарандыгынан ажыратып, Кыргызстанга кайтып кетүүгө мажбур кылган. Учурда ал жоготуп жиберген кыргыз паспортун кайра алыш үчүн документтерди топтоп жатат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айымкан Кулукееванын “Азаттык” радиосуна түшүндүргөнүнө караганда, Ахрал Азимовдо Кыргызстандын да, Орусиянын да жарандыгы болгон. Адегенде Азимовдордун кичүүсү Билал атасы Орусияда кармалганын кабарлаган, бирок кийин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги анын кармалбаганын, болгону орусиялык жарандыгы жокко чыгарылып, ал Орусиянын аймагынан чыгып кетиши керектиги тууралуу билдирүүнү колуна тапшыруу үчүн гана чакыртылганын билдирген.

Жалпысынан Борбор Азияда диний радикалдашуу процесси чын эле күч алып, аларга мигранттар тартылып жатканын эскерткен адистер да бар. Алар негизинен сабатсыз мигранттар, жашоодо кыйналгандар, мындан улам жеңил жол менен акча тапкысы келгендер экстремисттердин тузагына илинээрин ырасташат.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, Санкт-Петербургдагы терактты Кыргызстанда туулган, Орусиянын жараны, 22 жаштагы жанкечти Акбаржон Жалилов уюштурган. Акрам жана Аброр Азимовдор аны уюштурууга катышы бар кишилер катары камакка алынган. Бир тууган Азимовдор кармалгандан кийин ФКК кызматкерлери алар күнөөсүн мойнуна алганын жарыялашкан эле. Учурда камакта жаткан 29 жаштагы Акрамдын үч баласы, 27 жаштагы Абрордун бир майып баласы бар.

Азимов: балдарым күнөөлүү эмес
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:09 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

XS
SM
MD
LG