Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:54

ТИМ: Ахрал Азимовдун эки жарандыгы болгон


Ахрал Азимов.
Ахрал Азимов.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Орусиянын Санкт-Петербург шаарында теракт уюштурду" деп айыпталган ага-ини Азимовдордун атасы Ахрал Азимов боюнча маалымат берди.

Министрликтин расмий өкүлү Айымкан Кулукееванын “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, Ахрал Азимовдун эки жарандыгы болгон. Бири Кыргызстандыкы, экинчиси Орусияныкы.

“Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматы боюнча, ФСБ аны кармаган эмес. Болгону Орусиядагы жарандыгы жокко чыгарылганы жана ал Орусиянын аймагынан чыгып кетиши керек экендиги тууралуу билдирүүнү колуна тапшырыш үчүн гана чакыртылган. Кармалган жок. Биздин Москвадагы элчилик ага мекенине кайтуу тууралуу күбөлүк берди” деп билдирди Кулукеева.

Кечээ Ахрал Азимовду Москвада ФСБ кызматкерлери кармап кетишти деген маалымат тараган.

Анын уулу, Кыргызстанда жашаган Билол Азимов атасынын кармалышын агаларына байланышкан кылмыш ишинен көрүп жатат. “Азаттык” радиосуна айтымында, буга чейин атасы уулдары Аброр жана Акрам Азимовдорду ФСБ мыйзамсыз камакка алганын айтып жүргөн. (RK)

XS
SM
MD
LG