Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Орусия Азимовдордун атасын өлкөдөн чыгарат


Ахрал Азимов уулдары Аброр жана Акрам менен. Сүрөт Ахрал Азимовдун "Фейсбук" баракчасынан алынган.
Ахрал Азимов уулдары Аброр жана Акрам менен. Сүрөт Ахрал Азимовдун "Фейсбук" баракчасынан алынган.

Орусиянын коопсуздук күчтөрү Санкт-Петербург шаарында теракт уюштурду деп айыпталган ага-ини Азимовдордун атасы Ахрал Азимовду 14-декабрда Москвадан кармаган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Санкт-Петербург шаарында теракт уюштурду деп айыпталган ага-ини Азимовдордун атасы Ахрал Азимов боюнча маалымат берди.

Министрликтин расмий өкүлү Айымкан Кулукееванын “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, Ахрал Азимовдун эки жарандыгы болгон. Бири Кыргызстандыкы, экинчиси Орусияныкы.

- Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматы боюнча, ФСБ аны кармаган эмес. Болгону, орусиялык жарандыгы жокко чыгарылганы жана ал Орусиянын аймагынан чыгып кетиши керектиги тууралуу билдирүүнү колуна тапшыруу үчүн гана чакыртылган. Кармалган жок. Биздин Москвадагы элчилик ага мекенине кайтуу тууралуу күбөлүк берди, - деп билдирди Кулукеева.

Бүгүн Фейсбук баракчасына балдарынын күнөөсүз экенин айткан Ахрал Азимовдун видеосу жарыяланды. Орусия президенти Владимир Путинден жардам сураган анын видеосу Москванын борборунда тартылган.

Санкт-Петербург шаарында теракт уюштурган киши катары айыпталган ага-ини Азимовдордун атасы Ахрал Азимов Москвада 14-декабрдын таңында кармалды деген маалымат тараган. Бул тууралуу маалыматты анын уулдарына жактоочулук кылып жүргөн адвокат Ольга Динзе “Азаттыкка” ырастаган:

- Эртең менен саат жетилерде Ахрал Азимов мага өзү телефондон СМС жазып, аны полиция кармап Москва шаарынын Кунцево райондук ички иштер бөлүмүнө алып келгенин билдирди. Эмнеге байланыштуу кармалганын ал тактаган жок. Бирок менин оюмча Азимовдун кармалышынын анын жарандыгына тиешеси жок. Менимче аны ФСБнын кызматкерлери профилактикалык баарлашуу үчүн кармаган болушу керек. Азырынча Азимовго адвокат жөнөтүлө элек.

Орусиянын күч түзүмдөрү Ахрал Азимов боюнча азырынча расмий билдирүү тарата элек. “Азаттык” радиосу Орусиянын Ички иштер министрлигинин Москва шаардык башкармалыгына кайрылганда, андагылар бул маалыматты ырастап, бирок түшүндүрмө бере алган эмес.

Ахрол Азимов уулдарынын сотунда журналисттерге интервью берүүдө.
Ахрол Азимов уулдарынын сотунда журналисттерге интервью берүүдө.

Ал эми Ахрал Азимовдун уулу, Кыргызстанда жашаган Билол Азимов атасынын ФСБга чакырылышын агаларына байланышкан кылмыш ишинен көрүп жатат. Анын айтымында, буга чейин атасы уулдары Аброр жана Акрам Азимовдорду ФСБ мыйзамсыз камакка алганын айтып жүргөн.

- Менин оюмча атамды бир туугандарым Аброр менен Акрамдын ишине байланыштуу эле кармашты го. Анткени атам маалымат каражаттарына катар-катар интервью берип, акелеримди ФСБ жок жерден күнөөлөп, жасабаган ишти моюнуна коюп жатканын айтып жүргөн. ФСБнын кызматкерлери аларды сабаганын да айтып, коркпой чыгып жаткан.

Маалым болгондой, быйыл 3-апрелде Санкт-Петербургдун метросунда болгон жардыруудан 15 киши мерт болуп, жарадарлардын саны элүүгө жеткен. Бир да террордук уюм бул калаба үчүн жоопкерчиликти өз моюнуна алган эмес.

Аброр Азимов сот учурунда.
Аброр Азимов сот учурунда.

Кийинчерээк Орусиянын ФСБ кызматы "терактты Кыргызстанда туулган, Орусиянын жараны, 22 жаштагы жанкечти Акбаржон Жалилов уюштурганы тергөөдө аныкталган" деп кабарлаган. Ал эми аны уюштурууга катышы бар киши катары Акбар жана Аброр Азимовдор камакка алынган. Кыргызстанда туулуп, кийин Орусиянын жарандыгын алышкан бул ага-инилер өздөрүнө коюлган айыптарды четке кагып келатышат.

Июль айында болсо камакка алынган бир туугандар Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын «жашыруун абагында» кыйноого кабылганын билдиришкен. Бул маалыматты алардын атасы Ахрал Азимов да ырастап, бир катар маалымат каражаттары менен болгон маегинде айтканы бар.

Акыркы жолу 10-11-декабрда Москвадагы "Ватандош" өзбек диаспорасынын жетекчиси Усман Баратовдун YouTube баракчасында Ахрал Азимов буларга токтолгон:

- Менин балам Аброр Азимовду чүмбөтчөн адамдар - ФСБнын кызматкерлери уурдап кеткен. Аны эки жума башына кап кийгизип алып бир түрмөдө кыйнашкан. Кылбаган нерселерди моюнуна алууга мажбурлашкан. Андай кыйноодон кийин ким болбосо дагы макул болот баарына. Ага козголгон кылмыш ишин жок жерден тагышкан. Жактоочу кийин гана берилген. Андан кийин экинчи балама дагы ошондой зомбулук көрсөтүлгөн.

Ахрал Азимов
Ахрал Азимов

Бир тууган Азимовдордун адвокаттары алардын ФСБнын «жашыруун абагында» кыйноого кабылганын текшерүүнү талап кылып Орусиянын Башкы прокуратурасына кат жөнөтүшкөн.

Жактоочу Ольга Динзенин билдирүүсү боюнча учурда Аброр менен Акрам Азимовдор «Лефортово» деп аталган тергөө изоляторунда камакта отурушат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG