Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 07:27

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Кыргызстанда кыйноолордун саны мурдагы жылдарга салыштырмалуу 11% азайды. Ал эми өлкө боюнча кыйноого кабылдым деген 400дөн ашык даттануучунун 96% милиция кызматкерлеринен запкы тарткандар.

Башкы прокуратура аларга келген даттануулардын эсебин эске алып, кыйноолордун саны салыштырмалуу азайды деп бүтүм чыгарган. Өткөн бир жылда аларга 435 арыз келсе, ушул эле сан 2015-жылы 500дүн тегерегинде болгон экен. Башкы прокуратуранын сотко чейин процесстерди көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Бакыт Кетиренов мындай дейт:

- Кыйноолор жана адамгерчиликке жатпаган мамилелер 2015-жылга караганда 2016-жылы 54кө аз болду. Башкача айтканда 11 пайызга мурдагы жылдагыга караганда аз. Ал эми 435 фактынын 187си кыйноого гана байланыштуу фактылар. Мунун азайып жатышы прокуратура органдарынын Акыйкатчы институту, жарандык коом жана Кыйноолорду алдын алуу борбору менен биргеликте жумуш алып барып жатканынын жыйынтыктары болуп эсептелет.

Башкы прокуратура иликтөөлөрүндөгү ушул жана башка фактыларды 20-июнда Бишкек шаарындагы кыйноолорго байланыштуу жагдайларды талкуулаган жыйында жарыялады. Ал мындан сырткары Конституция жана мыйзамдык актыларга киргизилген өзгөрүүлөрдүн кыйноо фактыларын изилдөөгө тийгизген таасирлерин да ортого салды.

Бирок жыйынга чогулган айрым эксперттер кыйноо фактылары азайгандай көрүнүп жатканын, реалдуу түрдө айтылган сандан көп экенин белгилешти. “Эркиндик үнү” коомдук фондунун өкүлү Асел Койлубаева буларга токтолду:

- Жарандык коомдун эсеби боюнча, кыйноолор азайган жок. Албетте прокуратура тарабынан кайсы бир деңгээлде кыйноолорду алдын алуу иштери жүрүп жатат, бирок мындан баары укмуш болуп кетти дегенден качышыбыз керек. Учурда убактылуу кармоочу жайларда кыйноого кабылган жарандар жактоочулардын жардамын ала албай, аны алса, прокуратура, сот аларды укпай, көңүл бөлбөй кыйналып келишет. Өзгөчө сотторго карата дооматтар көп. Абактарда болсо сабалып, ур-тепкиге алынгандар толтура, алардын арыз-даттануулары катталмак тургай, ачыкка да чыкпай келатат.

Тегерек үстөлдө өткөн бир жыл ичинде 120 милиция кызматкеринин үстүнөн 48 кылмыш иши козголгону, анын ичинен 35и кыйноого байланыштуу экени кабарланды. Тергөөнүн натыйжасында кылмыш жоопкерчилигине 18 милиционер тартылып, иштери сотко өткөн.

Башкы прокуратуранын өкүлү Бакыт Кетиреновдун белгилегенине караганда, кыйноолор милициянын жайларында көп болот:

- Биздин талдоолор көрсөткөндөй, кыйноолордун 96% милиция кызматкерлери тарабынан жасалат экен. Көбүнчө кармалган киши тергөөгө чейинки текшерүүлөр учурунда, кармалгандан кийинки алгачкы сааттарда кыйноого алынат. Ар кандай кылмышка шектелип кармалган адамдар үчүн алгачкы сааттарда процессуалдык кепилдик жок болуп калат. Ошол учурда кармалган адамдар, күбөлөр жана шектүүлөр укугунан ажырап калышат. Дагы эки пайыз Жаза аткаруу кызматында, дагы эки пайыз Улуттук коопсуздук кызматында орун алат.

Кыргыз тартип сакчылары.
Кыргыз тартип сакчылары.

Ички иштер министрлигинин өкүлү Мирлан Карачалов болсо, көп кылмыштарды милиция карагандыктан, аларга дооматтар көп болот деп эсептейт. Ал ошондой кыйноого кабылдым дегендердин көбү жоопкерчиликтен качууну көздөгөндөр болушу мүмкүн экенин кошумчалады:

- Республикада катталган кылмыштардын 90% Ички иштер министрлигинин бөлүмдөрүндө каралат. Ошол жактан тергелет. Милиция ошонун баарында кылмышкерлер, күбөлөр менен карым-катыш кылат. Натыйжада биздин кызматкерлерге карата даттануулардын пайызы да жогору болуп чыга келет. Бирок биздин иликтөөлөр көрсөткөндөй, милиция кызматкерлеринин үстүнөн “кыйнады” деп даттангандын баары эле чындык болуп чыкпайт. Көп мезгилде кылмышкерлер жасаган кылмышы үчүн жаза алуудан качып, эптеп аны тергеген кишини жамандап, актангысы келет.

Ошентсе да Ички иштер министрлигинин жетекчилиги кыйноо фактылары орун алган учурда кызматкерлер жазага тартыларын жана милиция ичинде бул жаатта түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын белгилеп келишет. Ошол эле учурда эксперттер сурак учурунда шектүүлөрдү кыйнаган кызматкерлер жазага тартылбай калгандыктан алар сабак албай жатат деген ишенимде.

Кыйноолор боюнча иштеген “Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова мындай дейт:

- Биринчиден, милиция кызматкерлеринин кылмышты иликтөөдө тажрыйбасы аз, айыптууну табуу үчүн башка жолдорду издешпейт. Жабдуулары, унаалары жок. Анан алар тергөөнү тезирээк бүтүрүү үчүн эң оңой жолу катары шектүүнү кыйнап, эптеп көрсөтмө алып калгысы келет. Экинчиден, кыйноо көрсөткөн милиция кызматкерлери өтө сейрек гана жоопко тартылат. Анткени кыйноо фактысы боюнча иштер сотто жылдап созулуп жүрө берет. Кийин барып кыскарып кетет же күбөлөр, жабырлануучулар чарчаганда милиционер акталып да кетиши мүмкүн. Анан ал башка кызматкерлерге сабак болбойт. Бирөөнү сабасаң деле жоопко тартылбайсың, система биз тарапта деп, милиция кызматкерлери кайрадан кыйноо кылганга өтүшөт. Мунун көпчүлүгү соттордун алешемдиги, биздин доомат көбүнчө сотторго болот.

Иликтөөлөр көрсөткөндөй, кыйноолорго кабылгандардын 80% милиция кызматкерлери аларды сабап, тепкилеп, муунтуп, пакет менен тумчуктуруп, электрошокер жана газга каршы жабдууну башына кийгизип кыйнашарын белгилешкен. Укук коргоочулардын ишендиргендерине караганда, кыйноолордон улам каза болуп калгандар да бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG