Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 09:05

25-мартта Садыр Жапаровду колдоо митингинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга эки айга камалгандардын абалы менен акыйкатчы Кубат Оторбаев таанышып чыкты. Акыйкатчы кылмышка шектелип кармалгандардын саламаттыгы, аларга түзүлгөн шарттар тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": Сиз Садыр Жапаровдун камакка алынган тарапкерлеринен, туугандарынан кабар алып чыгыпсыз. Токмок жеген балдардын видеосун, сүрөттөрүн Фейсбуктагы баракчаңыздан да көрдүк. Канчасы менен жолуктуңуз? Алардын саламаттыгы, шарттары кандай экен?

Оторбаев: 27-мартта кечке маал орун басарым Эрлан Алимбаев экөөбүз Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына бардык. Ал жерде кыркка жакын адам кармалып турат. Бирок алардын баары эле 25-марттагы митингден кийин түшкөндөр эмес. Ал жерде Садыр Жапаровдун он эки тарапкери кармалып турган экен. Ошол күнү кечинде сот аларды эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Он эки адамдын ичинде Садыр Жапаровдун туугандары бар. Алардын бири агасы болсо, бири баласы Рүстөм Жапаров. Ошондой эле Рүстөм Жапаровдун достору. Досторунун бири сабалганы анык болду, көзү көгөргөн. Ал жигиттин айтымында, кармоо учурунда токмок жеген. 29-мартта түштөн кийин алар 1-СИЗОго которулушу керек. Мен аларды дароо №47 абакка которуу керек деп, тергөө абагынын жетекчилигине кат жаздым. Себеби ал жерде оорукана бар.

28-мартта Бишкектеги кармап, бөлүштүрүүчү жайга бардым. Ал жерде Садыр Жапаровдун кырктан ашуун тарапташтары жатат. Анын ичинде Жапаровдун баласы Ренат Жапаров да бар. Ренаттын кандайча токмок жеп, токмоктон кийин кантип кыйналып жаткандыгы түшүрүлгөн видеосу интернетке тараган. Мен анын өзү менен сүйлөштүм. Аны ооруканага алып барып, көргөздүк. Ага дары жазып беришти. Ал жерде кармалып тургандар 30-март күнү кечинде бошотулат. Аларга беш күнгө баш коргоо чарасы каралган болчу.

"Азаттык": Камактагылардын көбү жаш жигиттер экен. Аларды коргогусу келген энелер кыймыл түзүп, президентке кат жолдошуптур. Интернетте да ачык чакырыктарын жазып жатышат. Сизге да кайрылыштыбы?

Садыр Жапаровду жактабайм, анын тарапкери да эмесмин. Бирок анын балдарынын жана туугандарынын камакка алынышы суроо жаратууда. Ошондуктан Башкы прокуратура калыс, объективдүү карашы керек деген ойдомун.

Оторбаев: Мага негизинен ал энелер конкреттүү түрдө кайрылган жок. Бирок биз өзүбүз мыйзам чегинде иштеп жатабыз. Кармоо учурунда таяк жегендерден арыз алып, ошонун негизинде Башкы прокуратурага кат жөнөттүк. Аталган орган 25-марттагы мыйзам бузууларды так аныктап, калыс баа бериши керек.

"Азаттык": Милициянын күч колдонуусу канчалык мыйзамдуу? Эгер мыйзамсыз болсо аны далилдөө, ал аркылуу жоопкерчилигин кароо мүмкүнбү? Бул багытта кандай аракеттерди жасайсыз?

Оторбаев: Негизинен ал жерде, өзүңөр видеодон көргөндөй, бөтөлкөлөр ыргытылган. Бирок мен милиция ашыкча күч колдонду деген пикирдемин. Тополоңду башкача жол менен деле жайгарса болмок. Ошондой эле, кармалгандардын саны өтө көп болуп калды. Садыр Жапаровду жактабайм, анын тарапкери да эмесмин. Бирок анын балдарынын жана туугандарынын камакка алынышы суроо жаратууда. Ошондуктан Башкы прокуратура калыс, объективдүү карашы керек деген ойдомун.

"Азаттык": Акыйкатчы камактагылардын укугун коргоо жаатында бийликтерге кайрылуудан тышкары дагы кандай аракеттерди жасай алат? Эл аралык уюмдар кайрылдыбы?

Аксы окуясында милицияга кандай сындар айтылса, бүгүн деле күч органдарына ошол сындар айтылып жатат. Бул биз анчалык деле короодон алыс чыкпаганыбыздын белгиси.

Оторбаев: Соңку айларда Кыргызстанда жалпысынан абал курчуп баратат. Ошондуктан биз Акыйкатчы институту “Тынч жыйындарга жана сөз эркиндигине болгон укуктар” деген жыйын өткөрүп жатабыз. Биз бийлик өкүлдөрүнө анын ичинде президенттик аппаратка, өкмөткө жана Жогору Кеңешке кат жолдодук. Ошондой эле, жарандык коомдун өкүлдөрүн, медиа өкүлдөрүн да чакырдык. Ошол жерде абалды талкуулап, анан бир кайрылуу кабыл алсакпы деген ойдобуз.

"Азаттык": Милицияны гумандаштыруу, реформалоо жаатында көп аракеттер болууда. Бирок үстөмдүк, агрессия азайбаганы айтылып эле жүрөт. Эмне үчүн?

Оторбаев: Себеби ички иштер, сот, күч органдары дагы эле реформалана элек. Кандай иштешсе, ошондой эле иштеп келе жатышат. Күч колдонуу, дегеле зордук-зомбулук анын ичинде кыйноо боюнча, өзүм дагы маселе көтөрүп, үстүнөн чыгып, кыйналган адамдардын сүрөттөрүнөн бери көргөзүп, каттарды жазганыбызга карабай “кыйноо болгон жок” деген стандарттуу жоопторду алабыз. Ошондуктан Ички иштер министрлиги өзү реформаланып, кызматкерлерди кабыл алуу жана алардын профессионалдуу иштешине талап жогоруламайын, ушундай көрүнүштөр улана берет. 29-мартта президент Алмазбек Атамбаев ички иштер министрин кабыл алыптыр. Ал жерде дагы реформа талкуу болду деген маалымат келди. Бул мамлекет башчынын да көңүл чордонунда болгон маселе го деген ойдомун. Бирок өзүңүздөр көрүп атасыздар, 2002-жылы Аксы окуясында милицияга кандай сындар айтылса, бүгүн деле күч органдарына ошол сындар айтылып жатат. Бул биз анчалык деле короодон алыс чыкпаганыбыздын белгиси.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    Сабыр Абдумомунов "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG