Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:41

25-мартта Бишкекте Садыр Жапаровду коргоо митинги өттү. УКМК алдында топтолгон Жапаровдун тарапташтары милиция менен тирешип, бир нечеси камалды.

Үч жыл мурда чет өлкөгө чыгып кеткен оппозициялык саясатчы Садыр Жапаров 25-март күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камакка алынды.

УКМКнын атайын өкүлү Рахат Сулаймановдун "Азаттык" радиосуна билдиришинче, тергөө 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарындагы митингдин катышуучулары өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ошол кездеги өкүлү Эмилбек Каптагаевди күчтөп машинеге салып, барымтага алганын аныктаган.

Мунун негизинде Жапаровго Кылмыш-жаза кодексинин 227, 341, 113 жана 234-беренесинин (адам өмүрүнө коркунуч келтирүү, барымтага алуу, ээн баштык, бийлик өкүлүнө күч колдонуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

- Каптагаев түшкөн автоунаа Садыр Жапаровдун бир тууганы Куланбаевге тиешелүү экени аныкталган. Куланбаев Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан кармалып, аны Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси чечилүүдө, - деди Сулайманов.

УКМК 2013-жылдын 7-октябрындагы митингдин максаты облустук акимчиликтин имаратын басып алуу жана Ысык-Көлдөгү абалды туруксуз кылууга багытталганын, Жапаров митингди каржылаганын билдирүүдө.

Аталган орган тараткан билдирүүдө күбөлөр бул митингди жана андан кийинки мыйзамсыз иштерди Садыр Жапаров уюштуруп, уюлдук телефон аркылуу Эмилбек Каптагаевди бошотпоону буйрук кылганын, "мурда макулдашылган план" боюнча иштөө тууралуу көрсөтмө бергенин айтышкан. Милициянын операциясынан кийин Каптагаев бошотулган.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы мурдагы өкүлү Эмилбек Каптагаев Садыр Жапаровдун кармалышы боюнча азырынча комментарий бере элек. Аны менен байланышуу аракетибизден майнап чыкпады.

Бирок Каптагаев 23-мартта Садыр Жапаровдун үстүнөн арыз жазбаганын Фейсбуктагы баракчасы аркылуу маалымдаган эле:

- Садыр Жапаровго карата арыз жазган эмесмин, жазайын деген оюм жок, анткени менде барымтага алууну анын уюштурганы боюнча эч кандай далил жок. Ошону менен бирге кандайдыр бир кызык жагдайлардан улам барымтага алууну уюштурууга түздөн түз же кыйыр катышы барлар Садыр Жапаровдун туугандары, жакын адамдары экенин буга чейин да айтып, жазып келгем, азыр да кайталайм. Бул факт, - деген Каптагаев.

Буга чейин Садыр Жапаров “Азаттык” радиосуна берген маегинде сурактан качпасын билдирген эле.

- Учурда Кыргызстанда жоктугумду жакшы билишет. Бирок үч-төрт күн мурда менин айылыма барышып, "кайсы бир иш боюнча күбө катары чакырып жаттык эле" дешип чакыруу таштап кетишиптир. Мен Кыргызстандан чыгып кетип жатканда Башкы прокуратуранын уруксат кагазы менен кеткем. Себеби баягы сот ишинен кийин мага сыртка чыгууга чек коюлган экен. Андан бери мага козголгон кылмыш иши жок. Болушу дагы мүмкүн эмес. Менин корко турган артымда эч нерсем жок. Эң негизгиси өздөрү бир чагым жасап, бир балээни башташпаса эле болду. Баары тынч болот. Мен 25-мартта барып, сөзсүз сурак берем, - деген Садыр Жапаров.

Көп өтпөй интернетте Орусиядагы жана Казакстандагы айрым эмгек мигранттары оппозициялык саясатчы Садыр Жапаровду Кыргызстанга коштоп келип, аны колдоо планын талкуулаган видео тасма пайда болгон. Бирок Жапаров тасмага түшүп калган жолугушуунун мазмуну одоно бурмаланганын, бийликчил басылмалар аны күн мурунтан эле оор кылмышка айыптап, каралап жатканын айтып чыккан.

Милиция менен нааразылардын тиреши

Ишемби, 25-мартта Садыр Жапаровдун тарапташтары Ошто, Бишкекте, Жалал-Абадда митинг өткөрдү.

Бишкекте Максим Горький эстелигинин жанында башталган митинг, Садыр Жапаровдун кармалышы менен УКМКнын астына жылды. Митингге байкоо салгандардын айтымында, ал жерде миңге чукул адам жүрдү. Нааразылар УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевдин сыртка чыгуусун, Жапаровду бошотууну талап кылышты.

Митингдин уюштуруучуларынын бири Эрлан Ташматов келген себебин минтип түшүндүрдү:

- Эч бир партия бизди колдобойт, Мигранттар бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгардык. Акыйкаттык орнотолу деп 600 адам келдик. Ар бирибиз өз чөнтөгүбүздөн акча бердик. Алды 50 миңден, арты 30 сомдон чыгарды.

Митингге укук коргоочу Турсунбек Акун да келип сөз сүйлөдү. Ал тергөөгө өзү келген адамды чек арадан камакка алууну "саясий куугунтук" деп сыпаттады.

- Мени эч ким чакырган жок. Бийлик мындан бир ай мурда Өмүрбек Текебаевди камады. Азыр эми Садыр Жапаровду камап жатышат. Бул дагы кыргыз элинин патриот жигиттеринин бири. Тергөөгө өзү келген адамды кармоону саясий куугунтук деп эсептейм. Бийлик бул жол менен кеткенин токтотушу керек. Адам укугу бузулуп жатат.

Көп узабай чогулгандар менен милиция кызматкерлери тирешип, күч органдарына таш жана желим бөтөлкөлөр ыргытылды. Милициянын кармоосуна каршылык көрсөткөндөр ошол жерде турган автобустун айнегин талкалашты. Милиция буга жооп иретинде көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, асманга ок атты.

Кечке жуук ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев менен Бишкек шаардык ИИБ башчысы Самат Курманкулов УКМК алдындагы митингге байланыштуу маалымат жыйын өткөрдү.

Алардын билдиришинче, митингде жалпы 68 адам кармалып, Биринчи Май райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Самат Курманкуловдун маалыматына караганда, кармалгандардын баарына Кылмыш-жаза кодексинин "бейбаштык", "милиция кызматкерлерине кол көтөрүү", "мүлккө чыгым келтирүү" беренелерине ылайык кылмыш иши козголду. Алардын баш коргоо чарасы тергөөдөн кийин аныкталат.

Кармалгандар арасында укук коргоочу Турсунбек Акун да бар. Ал арада милициядан таяк жегендердин видеолору да интернетке тарады.

Интернеттеги "митинг"

Социалдык тармактын колдонуучулары митингдин жүрүшү тууралуу ар кыл пикирлерди, сүрөт жана видеолорду жүктөп жатышты. Жергиликтүү интернет сайттардын бир нечеси окуяны жеринен тартып көргөздү.

Ал арада социалдык тармактарда Садыр Жапаров жана бүгүнкү митинг тууралуу ар кыл пикирлер жазылды. Айрымдар аны мактаса, башкалары жеке кызыкчылыгы үчүн ызы-чуу уюштурду деп айтыпташты.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда кысымга кабылып, чет өлкөгө чыгып кеткен журналист, конфликтолог Чолпон Орозобекова Фейсбук баракчасында Садыр Жапаров катаал режимдин камчысын чапкандардын бири болгонун эске салды.

- Садыр Жапаров Жаныш Бакиевдин канатында калкаланып парламентте отурганда элге пайдасы тийген демилгелерди көтөрдү беле? Албетте, камалышын, тергөө ишин чагылдырыш керек, бирок Атамбаевдин душманы болсо эле сүймөнчүк болуп, баатырга айлантканды токтотпойлубу?! Баса, Бакиевдин тушунда оппозицияга каршы Түптө элди тукуруп жумурткалар менен чаптырган ким эле?

Ошол эле маалда мындай процесстердин чыгуусуна азыркы бийлик өзү жол берүүдө дегендер да жок эмес. Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Ишенбай Кадырбеков:

- Революциялык процессти өз учурунда Ленин туура айткан да. Эгерде бара-бара бийлик элдин ишениминен кете баштаса, мамлекет башындагылар эл башкарганга күчү жетпей калса, анда төңкөрүш болот деген классикалык түшүнүк бар да. Ушинтип бийлик элдин ишениминен чыга берсе, анда кайсы гана саясатчы болбосун, жанагыдай өмүрүндө лидер болбой жүргөн Садыр Жапаровду деле ээрчип кетиши мүмкүн. Анткени эл жаңы өзгөрүүгө, бийликтин ишенимдүү болуусуна ынангысы келет. Мамлекеттен ошону күтөт.

Садыр Жапаров учурунда мурдагы президент Курманбек Бакиевге ылым санаган саясатчылардын бири болгон. 2006-жылы түзүлгөн “Ата-Журт” партиясынын түптөөчүлөрүнүн бири. Ал партиялаштары Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов менен бирге 2012-жылы Кумтөр кенин улутташтыруу боюнча өткөн митингден кийин “мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган” деген айып менен камалган. 2013-жылы Жогорку Кеңештин депутаты мандатынан ажыраган соң бошотулган. Кийинчерээк “өмүрүмө коркунуч жаралып жатат” деген негиз менен мамлекеттен чыгып кеткен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Санжи Туйтунова

    “Азаттыктын” Бишкек бюросунун кызматкери, веб-редактор. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин бүтүрүүчүсү.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG