Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:51

Каптагаев Жапаровдун китебинде айтылгандарды жокко чыгарды


Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаев экс-депутат Садыр Жапаровдун “Саясатка аралашкан он жыл” аттуу китебинде өзү тууралуу жазылгандарды төгүндөдү. Каптагаев анда жазылгандарды жалган жалаа деп эсептейт жана китеп чыккандан кийин сотко кайрылышы мүмкүн.

Жапаровдун китебинде Эмилбек Каптагаев Ысык-Көлдөгү биосфералык экологиялык аймактын башчысы болуп турган мезгилде коррупциялык иштерге аралашкан деп жазылган.

Садыр Жапаров убада кылып келген “Саясатка аралашкан он жыл” аттуу китебин жарыялады. Анда Жапаров өзү күбө болгон окуяларды баяндаган. Китепти учурда интернет булактардан таап, окууга болот. Анда көптөгөн кыргыз саясатчылардын аты аралашкан чуулгандуу иштер жөнүндө баяндалат.

Көп нерсени ачык жаздым деген автордун китебинде репутациялык жактан алганда азыркы президент Алмазбек Атамбаев жана чет өлкөдө дарыланып жаткан Акматбек Келдибековдун аброюна өтө олуттуу шек жараткан маалыматтар келтирилген. (TSh)

XS
SM
MD
LG