Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 17:49

Чет өлкөдөн келгенде чек арадан кармалган Садыр Жапаровдун баш коргоо чарасын 26-мартта Биринчи май райондук соту карап, тергөө аяктаганча камакта болот деген чечим чыгарды. Ал эми 25-мартта Бишкекте Садыр Жапаровду колдогон акцияда кармалган 105 кишинин 64ү эки суткадан беш суткага чейин камалды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлү Рахат Сулаймановдун "Азаттык" радиосуна билдиришинче, мурдагы депутат Садыр Жапаров бүгүн, 26-мартта Бишкектеги №1 тергөө абагына камалды. Тиешелүү чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

- Садыр Жапаров 2017-жылдын 25-мартында Кылмыш-жаза кодексинин 227, 341, 113 жана 234-беренесинин (адам өмүрүнө коркунуч келтирүү, барымтага алуу, ээнбаштык, бийлик өкүлүнө күч колдонуу) негизинде козголгон кылмыш иштин алкагында УКМКга алынып келинген. Иликтөөнүн жыйынтыгында, 26-мартта Биринчи май райондук сотунун чечими менен Садыр Жапаровдун баш коргоо чарасы аныкталып, тергөө бүткүчө №1 абакка камакка алынды, - деди Рахат Сулайманов.

Милиционерлер жана митингчилер

25-мартта Бишкекте Садыр Жапаровдун камактан бошотулуусун талап кылып, УКМК имаратынын жанына митингге чыккандар милиция менен кагылышып, 105 адам кармалган. Алар коомдук тартипти бузганы үчүн "бейбаштык", "милиция кызматкерлерине кол көтөрүү", "мүлктү чыгымга учуратуу" беренелери боюнча айыпталып, кылмыш иши козголгон.

26-мартта Биринчи Май райондук соту чогулган материалдардын негизинде кармалган кишилердин ишин карап, 64 кишини эки суткадан беш суткага чейин камакка алды. 12 киши айыппул төлөөгө милдеттендирилди. Эки митингчиге эскертүү берилип, калгандары профилактикалык сүйлөшүүлөрдөн кийин коё берилген. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, 25-марттагы митинг учурунда беш милиция кызматкери түрдүү жаракат алган. Алар соттук-медициналык экспертизадан өтүшөт. Мындан тышкары Бишкек милициясына "Ясиня" үлгүсүндөгү автобустун айдоочусу да арыз менен кайрылып, митингчилер атайылап автобустун эшик-терезелерин талкалап салышканын айтып, даттанган. Милиция учурда окуя болгон жердеги бардык тасмалар текшерилип жатканын, натыйжада дагы айыптуулар аныкталарын кошумчалады.

Күч кызматкерлери.
Күч кызматкерлери.

Садыр Жапаровдун тарапкерлери болсо, тескерисинче, митинг учурунда кармалган адамдардын укугун бузду деп милицияга нааразы болушууда. Тарапкерлердин бири, Ишен Курманакунов кармоо учурунда таяк жеген адамдардын айрымдарына өз убагында медициналык жардам көрсөтүлбөгөнүн "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, кармалып, милициядан токмок жегендердин арасында Садыр Жапаровдун эки баласы да болгон.

Кармалган митингчилерге күч колдонулуп, сабалганы тууралуу маалыматтар социалдык тармактарда, айрым маалымат агенттиктеринде сүрөт, видеосу менен жарыяланган. Айрымдары катуу сабалып, Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилгени да кабарланган болчу. Аталган борбордун башкы врачы Алмазбек Кубатбековдун "Азаттык" радиосуна маалымдаганына караганда, ооруканага 6-7 киши медициналык жардам сурап кайрылган:

- Бизге ар кандай жаракат алган 6-7 киши кайрылган. Дарыгерлердин кароосунда болуп, медициналык жардам алышкан соң, кетип калышкан. Учурда ооруканада жаткан митингчилер жок.

Жапаровдун тарапкерлерин кармоо учуру.
Жапаровдун тарапкерлерин кармоо учуру.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери 25-мартта кармалгандар менен дароо жолуга алган эмес. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов "Азаттыкка" билдирди:

- Биздин борбордун кызматкерлери кармалгандар менен жолугууга укугу жана тиешелүү документтери болсо да, бир сааттан ашык сыртта турушкан. Алар киргенде Фейсбукка жана башка интернет агенттиктеринде жарыяланып кеткен токмок жеген балдар ал жерде жок болгон.

Кыйноолордун алдын алуу борборунун жетекчилиги 26-мартта да Бишкек ИИБ жана Биринчи май райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайында кармалып тургандар менен жолугушууга кирүүгө аракеттенип, бирок андан майнап чыккан эмес.

Нурдин Сулаймановдун маалыматы боюнча, борбордун юристтери 26-мартта кечинде дагы бир аракет кылып көрүшөрүн кошумчалады.

Буга чейин кармалган митингчилерге адвокат керектиги тууралуу кабарланган.

Кайчы пикирлер

25-марттагы митингде болгон кагылыш, элди күч менен таратууу, милициянын аракети коомчулукта түрдүү талкууланууда. Социалдык тармактарда аларды жактагандар менен бирге, өлкөгө тынчтык зарыл экенин белгилеп, бийликтин митингчилерди күч менен кууп таратканын колдогондор да бар.

Мурдагы акыйкатчы Бакыт Аманбаев тынч жүрүштөргө чыгып, митинг уюштуруу кыргызстандыктардын Баш мыйзам тарабынан кепилденген укугу экенин белгиледи:

- Ар бир нерсенин чеги болот. Бул жолу бийлик бардык чектен чыгып, мыйзамдарды, Конституцияны, адам укуктары боюнча эл аралык мыйзамдарды тебелеп, өзүнүн элин милицияга сабатты. Өзүңүздөр көрдүңүздөр, алыстан келген атасын сагынып чыккан балдарды койдой сабады. Ар бирибизде балдар бар, президентте да бар. Өтө жаман прецедент түзүлдү деп айтат элем.

​Ошол эле учурда Кыргызстанда учурда митинг баштап, элди дүрбөтүп, көчөгө алып чыгууга эч кандай зарылчылык жок деген пикирлер да бар. Жазында элди талаага иштеп, бак тигүүгө, тынч эмгек кылууга чакыргандардын бири, Социал-демократтар партиясынын экс-депутаты, Апрель баатыры Мээрбек Мискенбаев:

- Камалгандар боюнча ызы-чуу түшүп жатышат. Мен айтар элем, элге тынчтык керек. Ал эми мыйзамды бузгандар анын чегинде жоопкерчиликке тартылышы керек. Биз Садыр Жапаровдун камакка алынышын, ал эми анын жакындарынын жана тарапкерлеринин кармалып, сот жообуна тартылышын колдойбуз. Биз туруктуулукту колдойбуз, 7-апрелдин баалуулуктарын сактап калууга күчүбүз жетет.

Мээрбек Мискенбаев.
Мээрбек Мискенбаев.

Бул аралыкта Эл аралык укук коргоочулар федерациясы Кыргызстандагы кармоолорду айыптады. 25-мартта баш кеңсеси Парижде жайгашкан укук коргоочулар федерациясында Кыргызстандагы жана Беларустагы митингдер, анын катышуучуларынын күч менен куулуп, таратылышы, кармалгандардын камалышына арналган маалымат жыйыны өттү. Анда федерация президенти Димитрос Кристополос Кыргызстандагы камоолорду айыптаганын "Азаттыкка" кыргызстандык укук коргоочу, учурда Европада жүргөн Төлөкан Исмаилова маалымдады. Исмаилованын маалыматы боюнча, кыргызстандык укук коргоочулар 27- 28-мартта Брюсселде Евросоюз өкүлдөрү менен жолугуп, өлкөдөгү адам укугунун абалы тууралуу маалыматтарды жана сунуштамаларды беришмекчи.

Жапаровдун таржымалы

Үч жыл мурда чет өлкөгө чыгып кеткен оппозициялык саясатчы Садыр Жапаров 25-март күнү Кыргызстанга келгенде, кыргыз-казак чек арасынан кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жеткирилген. Атайын кызмат тергөө 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарындагы митингдин катышуучулары өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ошол кездеги өкүлү Эмилбек Каптагаевди күчтөп машинеге салып, барымтага алганын аныктаганын, мунун негизинде Жапаровго "адам өмүрүнө коркунуч келтирүү", "барымтага алуу", "ээнбаштык", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгонун жарыялаган.

Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов. 2013-жыл.
Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов. 2013-жыл.

Жапаров "Ата Журт" партиясынан депутат болуп турган учурунда Кумтөр маселесин көтөрүп чыгып, парламенттик комиссияны да жетектеген.

“Ата Журт” партиясынын мурдагы теңтөрагасы Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2012-жылы Кумтөр алтын кенин улутташтыруу боюнча өткөн митинг учурунда башаламандык чыккан. Буга байланыштуу "Ата-Журт" партиясынан депутаттар Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаров мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга айыпталып, бир жарым жылга соттолушкан.

Ал эми 2010-жылга чейин Жапаров бакиевдер бийлигин колдогон саясатчы катары белгилүү болгон. 2008-2010 жылдары Коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттиктин комиссары болуп эмгектенген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG