Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:06

Бийлик Жапаровду чек арадан күтөбү?


Чек ара кызматынын оппозициялык саясатчы Садыр Жапаровду чек арадан өткөрбөөнү тапшырган телеграммасынын көчүрмөсү интернетке жарыяланып кетти.

Чек ара кызматынын расмий өкүлү бул маалыматты төгүндөгөн да, ырастаган да жок. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кайсы иштин негизинде Садыр Жапаровду өткөрбөй, кармоо боюнча чек ара кызматына тапшырма берилгени туурасында комментарий берүүдөн баш тартты.

"Маалымат бербейбиз"

Үч жыл мурда чет өлкөгө чыгып кеткен оппозициялык саясатчы Садыр Жапаров 25-март күнү өлкөгө кайтып келерин жакында эле жарыялаган болчу. Бирок көп өтпөй Чек ара кызматынын көзөмөл-өткөрмөлөрүнө жөнөткөн "өтө шашылыш" деген белгиси бар телеграммасы деген документтин көчүрмөсү интернетке жарыяланды. Анда Садыр Жапаровду чек арадан өткөрбөө жана бул тууралуу ысымдары телеграммада көргөзүлгөн чекисттерге токтоосуз кабарлоо тапшырмасы берилген. Документте атайын кызмат өкүлдөрүнүн телефондору да көрсөтүлгөн.

Чек ара кызматынын расмий өкүлү Сажира Чоколоева ошондой көрсөтмө берилгени туурасында эки анжы ойдогу комментарий берди:

- УКМК тапшырма берген документ бизге келди. Эгерде келген болсо... Ал эми биз ошону телеграмма түрүндө гана аскер бөлүктөрүнө жөнөтөбүз. Ал жактан чек ара өткөрмөлөрүнө берилет. Ал келген болсо чек арачылар кармашат. Бирок биз кимге ошондой көрсөтмө берилгени тууралуу тапшырма түшкөнүн эч кимге айтпашыбыз керек. Биз негизи тиешелүү укук коргоо органдарынан келген тапшырманы эле аткарып, андай маалыматтарды бербейбиз.

Бозгундагы саясатчылардын дымагы

Бозгундагы саясатчылардын дымагы

Чет өлкөлөрдө баш паанектеп жүргөн айрым оппозициялык саясатчылар жандана баштады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Садыр Жапаровду өлкөнүн аймагына киргизбей, кармоо боюнча Чек ара кызматына берилген көрсөтмө тууралуу комментарий берүүнү негедир туура көрбөдү. Атайын кызматтын расмий өкүлү Рахат Сулайманов чекисттер кызыгуу жараткан Садыр Жапаровдун ишинин жагдайы боюнча Башкы прокуратурага кайрылууну сунуштады.

Бирок Башкы прокуратуранын басма сөз өкүлү Алманбет Абдраманов ал жактан эбак эле тергөө функциясы алынып салынганын айтып, бул маселени тактап берүү жагын кайра атайын кызматтын өзүнө багыттады:

- Бул боюнча бизде маалымат жок. Анан калса, ал кызмат адамы болбогондуктан анын ишин биздин мекеме карабайт. Муну УКМК тактап берет. Ошол жакка кайрылыңыз. Анткени бизден тергөө функциясын алып койгон. Мына ошого байланыштуу тиешелүү иштердин бардыгы УКМКга өткөрүлүп берилген.

Жапаров: сөзсүз сурак берем

Мындан сырткары учурда чет өлкөдө жүргөн саясатчы Садыр Жапаров анын Ысык-Көл облусунун Кең-Суу айылындагы атасынын үйүнө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө башкармалыгынан 3-март күнү эртең мененки саат онго кайсы бир иш боюнча күбө катары чакыруу кагазы жөнөтүлгөнүн билдирди. Көрсөтүлгөн дарекке милдеттүү түрдө келүүнү эскерткен ал чакыруунун алдына атайын кызматтын тергөөчүсү М.Эсенбаев деген кол койгон экен.

Саясатчы Садыр Жапаров мындай коркутуу чарасына карабастан, айтылган убакытта Кыргызстанга учуп барып, тергөөчүнүн каалаган суроосуна жооп берүүгө даяр экенин айтты:

- Учурда Кыргызстанда болбогонумду өздөрү жакшы билишет. Бирок 3-4 күн мурун менин айылыма барышып, "кайсы бир иш боюнча күбө катары чакырып жаттык эле" дешип чакыруу таштап кетишиптир. Мен Кыргызстан чыгып кетип жатканда Башкы прокуратуранын уруксат кагазы менен кеткем. Себеби баягы сот ишинен кийин мага сыртка чыгууга чек коюлган экен. Андан бери мага козголгон кылмыш иши жок. Болушу дагы мүмкүн эмес. Чакыруу кагазын жиберип, чек арачыларга кат жөнөтүп, мени "коркутуп көрсөк, балким келбей калабы" деген ойлору болсо керек. Менин корко турган артымда эч нерсем жок. Эң негизгиси өздөрү бир чагым жасап, бир балээни башташпаса эле болду. Баары тынч болот. Мен 25-мартта барып, сөзсүз сурак берем.

Адатта, укук коргоо органдары кылмышка шектүү жарандар качып кетпөө үчүн аларды чек арадан чыгарбоо тууралуу Чек ара кызматына тапшырма беришет. Адамдын кыймылын чектөө боюнча буга окшогон бөгөт чаралары күч түзүмдөрүнүн ич ара жоболорунда каралган. Адистердин айтымында, бул чара кандайдыр бир конкреттүү иш боюнча кылмышка шектелгендерге карата гана колдонулат. Башка учурда адамдын бир жерден экинчи бир жерге баруу укугу чектелбейт.

Чек ара кызматынын мурдагы төрагасы Курманакун Матенов адатта мындай жабык көрсөтмөдө адамдын кайсы кылмышка шектелгени көргөзүлөрүнө токтолду:

- Мисалы, кылмышка шектелгендер өлкөдөн качып кетпесин деп чектөө коюлат. Ошондой эле биздин жарандар болобу же башка чет элдиктер болобу кайсы бир иш боюнча кылмышка шектелип жаткан болсо, ошондой адамдар боюнча дагы алар мамлекеттик чек араны кесип өтүп жатканда чара көрүү боюнча көрсөтмөлөр берилет. Анда ошол адамдарга карата иш козголду, алар качып кетпеши үчүн кармап, тиешелүү укук коргоо органдарына өткөрүп берүү боюнча тапшырмалар берилет. Бул адатта, мыйзам боюнча кылмышка шектелип издөө жарыяланган адамдарга карата колдонулат.

10-январь, 2013-жыл
10-январь, 2013-жыл

Адистердин айтымында, берилген божомол боюнча көрсөтмө чек ара өткөрмө бекеттериндеги электрондук базада сакталат. Бирок ошондой жабык маалыматтын интернетке чыгып, аны Чек ара кызматы менен УКМК төгүндөбөй же ырастабай жатканы дагы кызык.

Садыр Жапаровго карата кайсы кылмыш ишинин негизинде аны өткөрбөй, кармоо боюнча көрсөтмө берилгенин демилгечи болуп жаткан атайын кызмат тактаган жок.

Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2012-жылы 3-октябрда Кумтөр кенин улутташтыруу талабы менен уюштурулган митингде чыр чыккан. Буга байланыштуу кийин "Ата Журт" партиясынан депутаттар Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаров мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга айыпталып, бир жарым жылга соттолушкан.

Сегиз ай тергөө абагында отурган ар бир күнү эки күнгө эсептелип, алар 2013-жылы эркиндикке чыгышкан. Мына ошондон кийин Садыр Жапаров чет өлкөгө чыгып кеткен болчу. Садыр Жапаров менен бирге камалган Камчыбек Ташиевдин жана Талант Мамытовдун соттуулугу 2015-жылы парламенттик шайлоонун астында жоюлган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG