Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:31

Кумтөр маселеси парламентке көз каранды


Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү Эмилбек Каптагаев "Азаттыктын" кабарчысына маек берди.

Бүгүн Караколдо Кумтөргө байланыштуу чыккан митингчилер өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Эмилбек Каптагаевди машинага отургузуп курчап алышкан. Кабарчыбыздын маалыматында, митингчилер Каптагаевдин машинесине бензин чачып, бирдеме болсо өрттөйбүз деп коркутканы айтылууда.

"Азаттык": Учурдагы кырдаал кандай өңүттө чечилиши керек, бул тууралуу өкмөттүн кабары барбы?

Каптагаев: Бул жаздан бери эле келаткан кырдаал. Кумтөр маселеси, ал качан чечилет, элге кандай пайдасы бар, бул тууралуу так маалымат болушу керек да. Менин билишимче, Жогорку Кеңеш бул маселени ушул жуманын шаршемби күнү карайт. Күн тартибине коюлган. Мына ошол жерден кандай маанайда каралып, маселе өңүтү кайда баратканына көңүл буруп, ошого жараша реакция кылышы керек. Элдин “Кумтөр элдин, мамлекеттин пайдасына иштесин” деген талабы туура. Бирок ушуну чечүү жолдору татаал болуп жатат, шарт ошондой. Азыр өкмөт Жогорку Кеңеш менен сүйлөшүп жатат.

"Азаттык": Өкмөт менен байланыша алдыңызбы, кандай реакция болдууда?

Каптагаев: Айттым, маалымат бердим. Алар Жогорку Кеңеш менен сүйлөшүп жатабыз деген жоопту берди. Азыр эми депутаттар жок да. Эгер бүрсүгүнкүгө коюлган болсо эртең таңынан Кумтөрдү карагандай бул маселени чечиши керек.

"Азаттык": Маселени чечкенге кыска убакыт бери жатышат, буга кандай карайсыз?

Каптагаев: Эми убакыт берди, кандай берди андан маселе чечилбейт. Бул Жогорку Кеңештин бүгүнкү күндөгү позициясына көз каранды. Жогорку Кеңеш кандай десе, ошондой болот. Карабайм десе, зордоп эч ким карата албайт. Ал жерде 120 депутат отурат, ар биринин өз пикири бар. Фракция, комитеттер бар, андыктан парламент окуяга түшүнүү менен мамиле кылышы керек.

"Азаттык": Азыркы ал-акыбалыңыз кандай, бул жерде эки-үч сааттан бери кармалып турасыз...

Каптагаев: Эми чынын айтканда бензиндин жыты ашыкча болуп кетти. Машиненин ичи-сыртына төгүлгөн бензин аябай жыттанып, баш айланып жатат.
  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG