Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:05

Мамдуманын депутаты Атамбаевге жооп кайтарды


Алмазбек Атамбаев, 9-май, 2017-жыл
Алмазбек Атамбаев, 9-май, 2017-жыл

Президент Алмазбек Атамбаевдин Жеңиш майрамындагы куттуктоосу боюнча талкуулар уланууда. Президент өз сөзүндө ксенофобиялык көз карашы үчүн сындаган Орусиянын Мамдумасынын мүчөсү Константин Затулин жооп кайтарды. Ал кыргыз президентинин айыптоолорун четке кагып, негизсиз каралаганын билдирүүдө.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Жеңиш күнүндөгү куттуктоосуна жообун Орусия Мамлекеттик Думасынын депутаты Константин Затулин өз расмий сайтына жарыялады.

Анда Затулин "орус коомчулугунун өкүлдөрү кыргыз элине, согушта жалпы душманды жеңүүгө кошкон салымына урмат менен мамиле кылбайт деген сөздөр жалган" деп билдирген.

Орусиялык саясатчы президент Атамбаев мисал келтирген "Россия" каналындагы көрсөтүү Санкт-Петербурдагы терактка чейин тартылганын жана кайсы бир элге каршы сөз айтпаганын белгилеген:

- Соловьевдин талкуусунда Алмазбек Атамбаев айыптагандай эч кандай албууттанууга негиз болгон эмес. Көрсөтүү "орус тилинде сүйлөгөндөргө орус жарандыгын алуунун жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү боюнча мен Мамлекеттик Думага сунуштаган мыйзам долбоорлорду талкуулоого арналган эле. Көптөгөн кыргыздар ушул макамды алууга талапкер болушат -деп жазган Затулин.

Константин Затулин
Константин Затулин

Константин Затулин "жаттар" деген түшүнүк, ал гана эмес мурунку советтик жарандарга карата катуу чара көрүү деген менин сөздөрүмдө, саясий жана илимий практикамда жок. Муну Кыргызстандын президенти кайдан алды?"-деп суроо салган.

Ошол эле кезде орусиялык депутат 2010-жылга чейин Атамбаев оппозицияда болуп бийликтин куугунтугунда жүргөн кезинен тааныш болгонун жана айрым адамдардын суранычы менен ал кезде аны кабыл алганын эскерген.

9-майда Жеңиш аянтында өткөн эскерүү митингинде сүйлөгөн президент Алмазбек Атамбаев Экинчи Дүйнөлүк согуштагы жеңишти камсыз кылууга кыргызстандыктардын салымы чоң болгонун белгилеген.

Жүздөгөн бейкүнөө адамдарды, анын ичинде балдарды өлтүрүп, такырбаштар Орусиянын кызыкчылыгын коргойт имиш.
Алмазбек Атамбаев

Ошол эле кезде Атамбаев соңку жылдары жеңиштин арты менен келген тынчтыкты бузуу аракеттери байкалып жатканын айтып, Орусиянын өзүндө ксенофобияны, калктар ортосундагы кастыкты жайылткандар бар деп депутат Константин Затулин менен жазуучу Михаил Веллердин атын атаган:

- Бир нече жыл мурда белгилүү орус жазуучусу Михаил Веллер "Росбалт" гезитине маегинде такырбаштарды колдоп, атайын алар орус мамлекетинин кызыкчылыгын коргоп жатат деп билдирген. Башкача айтканда, жүздөгөн бейкүнөө адамдарды, анын ичинде балдарды өлтүрүп, такырбаштар Орусиянын кызыкчылыгын коргойт имиш. Ал эми Санкт-Петербургда жакында террорист метронун вагонун жардырып, ондонгон жай тургундарды өлтүрүп, жабыркаткан трагедиядан кийин айрым орусиялык саясатчылар менен ММКлар Кыргызстандан барган мигранттарга каршы албууттанууну жаратты. Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты "Россия-1" мамлекеттик телеканалынын эфири аркылуу Кыргызстандан барган мигранттарга карата, алар Орусияда тарыхый жашаган калктарга кирбейт, "жат адамдар" деп негиздеп, катуу чара көрүүгө чакырды.....Мен ал көрсөтүүнүн алып баруучусу Владимир Соловьев мырзага Затулинге татыктуу жооп бергени үчүн ыраазымын.

Президент Атамбаев кыргыздар Орусияга жат эмес, жада калса Сибир менен Алтайдан чыккан жана улуу Алтай цивилизациясынын мураскерлери деп белгилеген:

- Затулин менен Веллерге кыргыздар Орусияга жат экенин айтпай эле койсун. Алардын фамилияларына караганда бабалары Орусияга Палестинанын чөлдөрүнөн же Европанын токойлорунан келсе керек.

Ошондой эле Атамбаев өз сөзүндө Питердеги терактты уюштурууга шектүүнү тескери ишке орус скинхеддери түрткөн болушу ыктымал экенин кошумчалаган эле.

Көп кырдуу маселе

Мына ушундай көрүнүш коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратууда. Айрымдар президент Орусиядагы эмгек мигранттарына карата адилетсиз мамилеге жаны күйгөнүнөн ачык билдирүү менен чыкты деп айтышууда. Мындай пикирди колдогондордун бири Кыргызстан элдер ассамблеясынын төрагасы, саясатчы Токон Мамытов:

- Теракт болгондой эмнегедир орус коомчулугунун айрым бөлүгү, айрыкча телекөрсөтүүлөрдө кыргыз жарандары, кыргызстандыктар дегенге басым жасашты. Орусиянын депутаты да муну туура эмес белгилеп жатты. Ошондуктан президент айрым орус саясатчыларынын айткан сөзүнө туура жана так жооп кайтарды деп ойлойм.

Ал эми Санкт-Петербургдагы Европа университетинин профессору, этнограф Сергей Абашин бул маселени бир түрдүү кароого болбойт деген пикирде. Профессордун айтымында, орус коомчулугунда, анын ичинде саясатчылар арасында мигранттарга карата чочулоо менен карагандар арбын:

- Орус бийлиги, орус саясаты көп түрдүү. Ал ар кандай кызыкчылык топторунан куралган. Алар миграция көйгөйлөрүнө, айрыкча Борбор Азиядан барган мигранттарга ар түрдүү карашат, пикирлери да ар башка. Маселен, миграция бизге керек, мигранттар жок болсо бир катар тармактар аксап калат, анын үстүнө борборазиялыктар менен мамилебиз жакшы, Кытайдан көрө ушул өлкөлөрдөн келсин деген көз караштагылар бар. Ошол эле кезде мигранттар өтө кооптуу, террорчулук жана башка маселелерди алып келип жатат деген топтор да бар экенин жашырууга болбойт.

Жергиликтүү саясат таануучу Эмил Жураев президент бул талылуу маселеге башка жол менен көңүл бурса болмок деген ойдо:

- Албетте президент айткан мигранттарга болгон көз караш, басмырлоо боюнча угуп келатпайбызбы. Бирок ушуга окшогон маселелерди туура нукта, туура сөз менен жеткире билүү чоң нерсе. Анткени, учурда саясатта, саясий коммуникацияда ар бир сөзүн, ар бир интонация чоң мааниге ээ болот. Көбүнчө туура маселени деле бир кичинекей нерсе үчүн туура эмес кабыл алынып калышы мүмкүн.

Санкт-Петербург метросундагы 16 адамдын өмүрүн алган жардыруу апрелдин башында орун алган эле. Жардырууну ишке ашырды делген жанкечти Кыргызстанда туулган орусиялык жаран экени кабарланган. Мындан соң Орусияда теги борборазиялык бир нече адам кармалып, эмгек мигранттарына көзөмөл күчөгөнү айтылган.

Учурда Орусияда расмий маалыматтар боюнча 570 миңден ашуун, бейрасмий эсепте бир миллионго жакын кыргызстандык эмгектенип жүрөт.

Атамбаев Орусияда кастыкты жайылткандар көп болуп жатканын белгиледи
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:50 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG