Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:50

Орус түрмөлөрүндө мигранттар радикалдашып баратат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматы "Терроризм" беренеси боюнча соттолгон борбор азиялыктар кескин көбөйгөндүктөн, орус абактарында диний радикалдашуу коркунучу пайда болгонун билдирди.

Элзаттын 24 жаштагы уулу Арсен Орусияда үч жылдан бери абакта. Ал баңгизаттардын катарына кирген "спайс" менен кармалып, 11 жылга эркинен ажыратылган.

- Москвада иштеп жүргөндө бир топ балдар менен кармалган. Баарын өз мойнуна алып койду. Адвокат жалдап, алып чыгууга күчүм жетпеди.

Уулу Москвадан Екатеринбургдагы түзөтүү абагына которулгандан бери эне баласы менен жүз көрүшө элек. Анын түрмөдөгү абалы жөнүндө кат алышып турат.

- Балам намаз окуйт. Башында жайнамаз сурап, аны зорго алып киргенбиз. Ошол жакта интернет дүкөнү бар экен. Ошого акчасын төлөп, Куран китеп алып бергем. Орозо маалында "адал тамакка акча салыңызчы" деп суранган. Ал жакта мусулмандар өздөрүнчө топтошуп алышат окшойт. Албетте, ар кандай агымдарга азгырылып кетет дейбиз. Мындай коркунуч жакын туугандардын баарында бар болсо керек. Эртеден кечкиге чейин бир эле нерселерди окуй берсе эмне болот? Өзүм жазында Екатеринбургга барып келейин деп жатам. Ошондо көрүшүп, анын абалын өз көзүм менен көрөм.

Түрмө террорчулар уюгуна айландыбы?

Түрмө террорчулар уюгуна айландыбы?

Кыргызстандын №50 абак жайынан өтө оор кылмышка айыпталган адамдардын качып кетиши, алардын террордук уюмдарга тиешеси бар экендиги бир топ кооптондурган суроолорго жем таштоодо.

Былтыр Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги чет жакта 1793 жаран кылмыш жазасын өтөп жатканын, алардын 1354ү Орусияда экенин маалымдаган. Ал эми бул өлкөнүн расмий органдарынын статистикасы боюнча, өткөн жылы эле 2668 кыргызстандык Орусияда кылмыш ишине кириптер болгон.

Федералдык жаза өтөө кызматы болсо абактарда Тажикстандын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын 29 миңден ашуун жараны кылмыш жазасын өтөп жатканын билдирген. Алардын арасында акыркы эки жылда терроризм, экстремизм жана Орусияда тыюу салынган диний агымдарга үгүттөө үчүн соттолгондор көбөйгөнү белгиленген.

Абактарда исламдын радикалдуу агымдарын жактоочулар өзүнчө топторду түзүп, түзөтүүчү мекемелердеги жагдай өзгөрүп жатканын Федералдык жаза аткаруу кызматынын башчысынын орун басары Анатолий Рудый 16-февралдагы жыйында айтты.

Генерал мындай топтор түрмөдөгү эрежелерди сактабай, абактагы кылмышкерлердин арасында да кагылышуулар болуп жатканын белгилеп өткөн.

- Камактагылардын дээрлик жарымын борбор азиялыктар түзгөн бир колонияда башаламандык болду. Диний топ менен түрмөдөгү кылмыш чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн ортосунда кагылышуу болду. Акыры күч менен токтоттук.

Федералдык кызмат абактардагы радикал топтор менен иштешүүдө мусулмандардын диний башкармалыктарынан көмөк сураган.

Москвадагы Кыргызстан мусулмандар башкармалыгынын өкүлү Бакыт Тополоңов орус абактарындагы кыргызстандыктар менен жолугушууга мурдатан мүмкүнчүлүк болбогонун айтат.

- Өз күнөөсү менен да, күнөөсү жок да соттолуп кеткен туугандарыбыз көп болуп жатпайбы. Албетте, алар менен жолугуп, руханий жардам берели деп демилге көтөргөнбүз. Бирок иш жүзүндө кыйынчылыктар болду. Орусиянын Мусулмандар башкармалыгына кайрылдык. Алар аркылуу мындай иштерди жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бар экен. Биз өз алдынча барсак, бул зыярат сыяктуу болуп, уруксат жок. Барган күндө деле сүйлөшүүгө 5-10 мүнөт гана берилет. Негизи бул иштер планда бар.

Ал эми Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлү Раим Салимовдон орус абактарындагы кыргызстандыктардын абалын, өкүлчүлүктүн бул багыттагы иштерин билиш үчүн байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG