Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-май, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 16:49

ЕАЭБде ажырым жараткан газ маселеси


Иллюстрациялык сүрөт.

ЕАЭБ уюмуна кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчылары 2025-жылга карата Евразия экономикалык интеграциясын талкуулап, бирок газ боюнча бир пикирге кел албай коюшту.

Бирок ошол эле кезде премьер-министрлер газдын бирдиктүү баасын аныктоо маселесинде бир пикирге келише албады. Буга чейин уюмдун мүчөсү Беларус жаратылыш газынын баасы дүйнөдө ылдый түшүп жатса, Орусия аны дүйнөлүк баадан да жогору сатып жатканына доомат коюп, газдын тарифин кайра кароону сунуш кылган.

Ынтымакташуунун ырааты

Евразия Экономикалык Биримдигинин өкмөт башчылары 2025-жылга карата Евразиядагы экономикалык интеграцияны аныктаган стратегиялык документтин долбоорун талкуулашты. Интеграцияны тереңдетүүнү караган иш-чаралардын жол картасы ЕАЭБ уюмунун алкагында кошумча 15 эл аралык келишим жана 60тан ашуун укукту ченемдерди иштеп чыгууну карайт. Андан соң өкмөт аралык кеңештин жыйынында уюмга кирген мамлекеттер үчүн газдын бирдиктүү баасын аныктоо маселеси каралды. Бирок өкмөт башчылар бул маселе боюнча бир пикирге келе албай, аны кароо кийинкиге калтырылды.

Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин баа саясаты боюнча талаш-тартыш болгонуна карабастан, мунаса табууга мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи:

Михаил Мишустин.
Михаил Мишустин.

«Казакстан биримдиктин аймагындагы жалпы рынокто газдын тарифин түзүш үчүн бирдиктүү жолдорду иштеп чыгууну сунуш кылды. Орусия менен Кыргызстан бул сунушту колдоду. Анткени ал конструктивдүү мүнөздө болуп, мунаса табууга багытталган. Керек болсо, жалпы соода-сатык үчүн бирдей газ тарифин бекитүүнү талкуулап жаткан фактынын өзү биздин биримдик жогорку интеграциянын деңгээлине өсүп жетилгенинен кабар берет».

Баа саясатындагы байкоосуздук

Газдын бирдиктүү баа саясаты боюнча Казакстан иштеп чыккан долбоорго Беларус менен Армения каршы чыккан. Бирок газ сатуучу эмес, аны керектөөчү тарап болгон Кыргызстандын Орусия менен Казакстандын газдын баасын биримдик аймагында кармап калууну көздөгөн позициясын колдоп чыкканы кызык болду. Анткени жакында эле газдын баасы түшүп жатса, орусиялык «Газпром» доллардын наркынын өсүшүнө байланыштуу газдын тарифин 15% көтөрүп жиберген болчу.

Жогорку Кеңештин «Бир Бол» фракциясынын башчысы Алтынбек Сулайманов өкмөт эмнеге мунай менен газдын баа саясаты боюнча улуттук кызыкчылыкты коргобой жатканын айткан эле:

Алтынбек Сулайманов.
Алтынбек Сулайманов.

«Дүйнө жүзүндө мунай менен газдын баасы аябай эле арзандады. Бирок эмнегедир биздеги бааларда эч кандай өзгөрүү болбоду. Бизде бензиндин, солярканын баасы түшкөн жок. Кайра тескерисинче, долларга байланыштуу деген негизде газдын баасынын көтөрүлгөнү тууралуу маалымат таратышты. Сиздер эмне себептен орусиялык «Газпром» менен сүйлөшүп, мунай менен агздын баасын азыркы дүйнөлүк баага түшүрүп, келтире албай жатасыңар? «Газпром» Өзбекстандан 125 доллардан алып, бизге кайра кандайча 230 доллардан сатып жатат. Беларус өкмөтү 120 долларды кымбат деп, аны 90 долларга түшүрүүнү талап кылууда. Ал деле биздей эле ЕАЭБ уюмунун мүчөсү. Эмнеге бул багытта биздин өкмөт улуттук кызыкчылыкты коргоп, талашып-тартыша албайт? Же биз бир топ жогору баада мунай менен газды сатып алып тургандай Беларустан байбызбы?»

Өкмөттүн жообу

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев газдын баасы доллардын наркына байланыштуу көтөрүлгөнүн айтып, өкмөт башчы сүйлөшкөндөн кийин газдын тарифи кайра буга чейинки тариф боюнча өзгөртүүсүз калганын билдирди:

Эркин Асрандиев.
Эркин Асрандиев.

«Жылдын башында солярканын бир литри 45,59 сом болсо, азыркы учурда «Газпром» аны 42,90 сомдон сатып жатат. Жалпысынан күйүүчү жана майлоочу майдын баасы бизде деле 1-1,5 сомго арзандады. Ал эми газдын баасы боюнча айтсак, көгүлтүр отундун наркы башында келишим боюнча доллар менен түзүлгөн экен. Анан доллардын наркы көтөрүлгөндө газдын тарифин көтөрүү маселеси келип чыккан. Бирок биздин өкмөт башчы «Газпромдун» жетекчилиги менен сүйлөшүп, газдын тарифин март айындагы абалында калтырууга жетишти».

Орусиялык «Газпром» компаниясы Өзбекстандан көгүлтүр отунду 120-125-доллардан сатып алып, Кыргызстанга анын миң кубун 220-230 доллардан кайра сата турганы маалым болгон. Ал эми Тажикстан газды Өзбекстандан 120 доллардан түз келишим менен эле сатып алып келе жатканы мисалга алынган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (40)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG