Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 25-май, 2020 Бишкек убактысы 04:11

Коронавирус ЕАЭБдин биримдигин сынады


Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) онлайн жыйыны. 19-май, 2020-жыл.

Евразия Экономикалык Биримдигиндеги (ЕАЭБ) өлкө лидерлеринин онлайн жыйынында уюмдун ичиндеги келишпестиктер кайрадан козголду.

Анын ичинде товар жүгүртүүдөгү тоскоолдуктар боюнча да маселе көтөрүлүп, газдын баасына карата карама-каршы пикирлер айтылды. Мунун фонунда казак президенти уюмдун интеграциясын токтото турууну да сунуш кылды. Кантсе да пандемия аталган биримдикти сынап жаткандай.

Кайра-кайра козголгон маселелер

ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн лидерлери кирген Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) кезектеги жыйыны коронавирус илдетине байланыштуу 19-майда видео аркылуу онлайн форматта өттү. Саммитке Беларус төрагалык кылды. Бул - ЕАЭБ лидерлеринин пандемия башталгандан берки экинчи онлайн жыйыны.

Бул ирет Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков уюмдун ичиндеги тоскоолдуктар алынбаса, сотко кайрылуу мүмкүнчүлүгүн караштыруу маселесин көтөрдү.

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

«Бүгүнкү шартта ЕАЭБдин ичинде товарлардын эркин жүрүшү азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылыш үчүн актуалдуу болуп калды. Биз биримдиктин ички бажы аймагындагы тоскоолдуктарды жоюу маселесине кайрадан көңүл бурууга аргасызбыз. Биринчи керектелчү өндүрүмдү жеткирүүдө «жашыл коридорлорду» түзүү жөнүндө макулдашууга жетишкенбиз. Ошого карабастан, биримдикке кирген айрым мамлекеттер көзөмөлдү күчөтүп, азык-түлүк жеткирүүгө чектөөлөрдү киргизүүдө. Тоскоолдуктарды жоюу боюнча азыркы механизмдер натыйжалуу эмес, Евразия экономикалык комиссиясынын ыйгарым укуктары жетишсиз болуп жатат. Комиссиянын бөгөттөрдү жоюу тууралуу чечимин айрым мамлекеттер толук аткарбай жатат. Ошондуктан ЕЭКтин коллегиясын тоскоолдуктарды жойбогондорго карата айыппул санкцияларын колдонуу тууралуу ЕАЭБдин сотуна кайрылуу укугун берүүнү сунуш кылам», - деди ал.

Жээнбеков «тоскоолдук кылып жатат» деп, сыягы, Казакстанды мисал кылгансыды. Анткени Кыргызстан уюмга казак өлкөсү аркылуу гана чектешет жана экспорту көбүнчө кыргыз-казак чек арасы менен чыгат.

Арийне, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мындай келишпестиктер буга чейин бир нече жолу байкалган. Айрым учурларда казак тарап чек арада текшерүүнү катаалдатып, тилкеде автоунаалардын узун кезеги туруп калчу. Кезинде бул маселелер эки өлкөнүн мурдагы президенттери Алмазбек Атамбаев менен Нурсултан Назарбаевдин тирешүүсүнө чейин жеткирген жайы бар.

Кыргыз мамлекет башчысы андан ары газ темасына да токтолду. Ал ЕАЭБдин газ рыногу өзүнүн жеке өндүрүшүнөн гана эмес, үчүнчү өлкөлөрдөн да камсыздаларын айтып, кайсы өлкөдөн чыкканына карабастан, аны жеткирүү тарифи дискриминация болбошу керек деген пикирин билдирди.

Андан кийин сөз алган Орусиянын президенти Владимир Путин уюмдун 2025-жылга чейин интеграциялык документи тууралуу сөз кылып, анда газды ташуу тарифинен башка маселелер дээрлик макулдашылып бүтүп калганын маалымдады:

Владимир Путин.
Владимир Путин.

«Менден мурда сүйлөгөн Кыргызстандын президенти да бул жөнүндө айтып кетти. Бул формуланы Орусия, Казакстан жана Кыргызстан колдоду. Анын мааниси газга карата бааны түзүү ыкмасы кийин ЕврАзЭКтин жалпы газ рыногун түзүү тууралуу сүйлөшүүлөрдө аныкталса да болмок. Бул формуланы азырынча биздин армян жана беларус кызматташтар кабыл албай жатат, аларда газга карата өзүнүн көз караштары бар».

Буга чейин уюмдун мүчөсү Беларус жаратылыш газы дүйнөдө арзандап жатса, Орусия аны дүйнөлүк баадан да жогору сатып жатканына доомат коюп, газдын тарифин кайра кароону сунуш кылган.

Кийин Кыргызстан да Орусиядан жаратылыш газынын баасын кайра карап чыгууну өтүнгөн. Орус тарап бул сунушту карап чыгууга убада бергени кабарланган.

«Газпром Кыргызстан» компаниясы апрель айында калк үчүн бир куб метр газды 15,3 сомдон 17,6 сомго чейин кымбаттаткан. Бизнес үчүн (өнөр жай ишканалары, коммерциялык түзүмдөр жана бюджеттик уюмдар) бир куб метр газдын баасы 18,7 сомдон 21,3 сомго көтөрүлгөн. Баанын өзгөрүшү АКШ долларынын расмий курсу жогорулагандыгы менен байланыштырылган. Бирок кийин өкмөт «Газпром Кыргызстан» компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга ылайык, көгүлтүр оттун баасы мурунку калыбында калганын кабарлаган. Бул карапайым газ колдонуучулар менен катар эле ишканаларга да тиешелүү экени айтылган.

Интеграцияны токтото туруу жөнүндө сунуш

Интеграция демекчи, «2025-жылга чейин Евразия экономикалык интеграциясынын стратегиялык өнүгүү багыттары» деген долбоор туурасында онлайн саммитте дээрлик ар бир мамлекет башчы сөз кылды.

Кыргыз мамлекет башчысы документтеги өз ара көмөктөшүү тууралуу маселени дагы бир сыйра тактап жазуу зарыл экенин белгилеп, аны жеткире иштеп чыгууга чакырды. Беларустун президенти Александр Лукашенко да долбоор боюнча сүйлөшүүлөр улантылышы керек экенин белгиледи.

Ушундай эле маселени көтөргөн Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев интеграциялык документтин долбоорун кабыл алууну токтото турууну сунуш кылды.

Онлайн саммитте Касым-Жомарт Токаев сүйлөп жаткан учуру.
Онлайн саммитте Касым-Жомарт Токаев сүйлөп жаткан учуру.

«Комиссиянын өкүлдөрү мурдараак стратегияны мамлекет башчылар кабыл аларын анонс кылып жиберишкенин белгилеп коёюн. Менин оюмча бул алдыга орунсуз чуркоо. Президенттерге талкуулоого мүмкүнчүлүк берип, бул документти кабыл алабызбы, жокпу, өздөрүнө өз алдынча чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк бериш керек. Евразия экономикалык комиссиясынын кээ бир мүчөлөрүнүн «биз документти даярдадык, президенттердин иши - аны кабыл алуу» деген аракети ашыкча. Менимче биз, президенттер, мындан кийин ката кетирбеш үчүн жана коомчулукту сынына кабылбаш үчүн документти кошумча талкуулап алышыбыз зарыл».

Бирок жыйынтыгында кеп болгон документтин долбоору мындан ары оңдоо шарты менен кабыл алынды. Онлайн саммитте ошондой эле ЕЭКтин кадрдык курамы, макроэкономикалык саясаттын багыттары, салык маселеси жана башка маселелер тууралуу да бир нече документ жактырылды.

Кантсе да соңку саммитте ЕАЭБге кирген мамлекеттердин лидерлеринин бул жана башка темалардагы таарынычтары сыпайы түрдө болсо да айтылгандай болду. Башка маселе - онлайн жыйында айтылган маселелер мурдагы жыйындарда деле көтөрүлүп, бирок чечилген эмес.

Ал ортодо дүйнөнү каптаган вирус жана пандемия да уюмдагы мамлекеттердин мамилесинин реалдуу жүзүн көрсөткөндөй болду. Бул жөнүндө саясий эксперт Эмил Жороев ушундай пикирде.

Эмил Жороев.
Эмил Жороев.

«Пандемия шартында дүйнөдөгү ар кандай биригүү сыноодон өтүп жатат десек болот. ЕАЭБди карасак, мындагы ар бир мамлекет кризис менен өз алдынча кармашып келди. Мурда да толгон-токой маселелер болчу. Ошол эле чек ара маселеси, санитардык жана башка техрегламенттер боюнча келишпестиктер, кыскасы ар бир мамлекеттин өзүнүн маселеси бар эле. Беларус менен Орусиянын талаштарын айтуунун да кажети жок. Кризисте болсо биримдиктеги мамлекеттердин алакасында кемчиликтер, жаралар көп экени ого бетер көзгө урунуп чыга келди. Кечээги саммитте өлкөлөр өнүгүү стратегиясын кабыл алууга даяр эмес болгону, кризистин чакырыктарына жооп бере албаганы ЕАЭБ өзүн биримдик катары көрсөтө албаганын айгинелейт», - дейт талдоочу.

Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ) 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган.

Кыргыз өкмөтү ЕАЭБге мүчө болгондо төрт эркиндик берилерин, алар - жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү экенин жарыялаган. Уюмдун ичинде фитосанитардык нормалар жана талаптар бар.

Соңку жылдары ЕАЭБге мүчөлүк Кыргызстанга пайда алып келбегени тууралуу пикирлер парламентте айтылып, уюм ичиндеги пикир келишпестиктер тууралуу өкмөт да билдирүүдө. Айрым эл өкүлдөрү ачык эле биримдиктен чыгып кетүүнү сунуш кылышкан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (4)

XS
SM
MD
LG