Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Лукашенконун күтүүсүз «атаандашы»


Валерий Цепкало.
Валерий Цепкало.

Беларуста президенттик шайлоо 9-августта өтөрү жарыяланды. Көп өтпөй мамлекет башчылыкка ат салышууга ниеттенип жатканын президенттин мурдагы кеңешчиси, Беларустагы Жогорку технологиялар паркын негиздеген Валерий Цепкало да билдирди. Көп кишилер үчүн бул күтүүсүз жаңылык болду.

Кесипкөй дипломат, юридика илимдеринин кандидаты, Беларустагы Жогорку технологиялар паркынын негиздөөчүсү Валерий Цепкалонун «Фейсбукка» 8-майда жазган билдирүүсү көп адамдар үчүн күтүүсүз болду.

Цепкало Беларустагы азыркы режимди сынга алып, ал дымагы бар адамдардын оозун жаап же өлкөдөн чыгарып салганын, жыйынтыгында Беларус коомчулугунда эч кандай чыгармачылык, эрктүүлүк калбай калганын жазат.

Ал ошондой эле «күнүгө бир адамдын маанайын караган башкаруу системасынан баш тартууга» жана бийликти Беларус элине кайтарууга убакыт келгенин белгилеген.

Бирок ушул күнгө чейин 55 жаштагы Валерий Цепкало бул тууралуу эл алдына ачык чыгып өзү айта элек. Ошондуктан айрым беларус басылмалары балким Цепкалонун аккаунту кимдир-бирөөлөр тарабынан бузулган болушу мүмкүн экенин боолгошкон.

Анткен менен 11-майда Цепкало dev.by басылмасы менен маектешип, бирок кийин аны жарыялоого уруксат бербей койгон. Журналисттердин айтымында, ачыкка чыкпай калган маекте ал чын эле шайлоого катышуу ниети бар экенин ырастаган. Ал өзүн оппозицияга кошпойт. Цепкало өзү азыр Минскиде экенин айткан.

Жогорку технологиялар паркынын мурдагы башчысынын мындай мүдөөсү «Анын артында ким турушу мүмкүн?» деген ар кандай божомолдорго жем таштады. Анткени Александр Лукашенко башкарган 25 жылдын ичинде өлкөдө адилеттүү шайлоо өтөт деген үмүт эч кимде калбагандай.

Беларустун президентин шайлоо 9-августта өтөт. 15-майга чейин мамлекет башчылыкка ат салышууга ниеттенгендер арыздарын тапшырышы керек.

Валерий Цепкало деген ким?

Беларустун Гродно шаарында туулуп-өскөн Валерий Цепкало Москва мамлекеттик Эл аралык мамилелер институтун артыкчылык диплому менен аяктап, эл аралык укук жаатында юридика илимдеринин кандидаты даражасына ээ болгон.

1990-жылдардын башында Финляндиядагы СССРдин элчилигинде иштеп, Советтер Союзу таркаганда Беларуска кайткан. 1994-жылы өткөн президенттик шайлоодо Лукашенконун штабын жетектегендердин бири болгон.

29 жашында Беларустун тышкы иштер министринин орун басары болсо, үч жылдан кийин өлкөнүн АКШдагы жана Мексикадагы элчиси болуп дайындалган. Мекенине кайтканда президенттин илим жана технология боюнча жардамчысы болуп иштеген.

2004-жылы Цепкало Жогорку технологиялар паркын түзүү демилгесин көтөргөн. Анын негизделишин 150дөй окумуштуу, ишкер жана программисттер онлайн талкуулашып, бир жылдан кийин парк ачылган. Цепкало Паркты 12 жыл жетектеген.

Жогорку Технологиялар паркынын мурдагы жетекчиси Валерий Цепкало жана Беларустун президенти Александр Лукашенко. Минск. 25-октябрь, 2015-жыл.
Жогорку Технологиялар паркынын мурдагы жетекчиси Валерий Цепкало жана Беларустун президенти Александр Лукашенко. Минск. 25-октябрь, 2015-жыл.

Кыргызстандагы программалык камсыздоо жана кызмат көрсөтүү бирикмесинин башчысы Азис Абакиров Цепкало менен жакындан тааныш. Анын айтымында, Цепкало Кыргызстандагы Жогорку технологиялар паркынын түзүлүшүнө да салымын кошуп, кеңештерин берген.

«Биз 2005-2006-жылдары кандай жол менен маалымат технологияларын өнүктүрсөк деп изденип жүргөнбүз, - деди ал. - Индиянын, Сингапурдун, Ирландиянын тажрыйбалары менен тааныштык. Ошол кезде маалымат технологиялары жаатында көп иштерди жасап келген Эрмек Ниязов алыс жактардын эмес, Беларустун тажрыйбасын карап көрүүгө кеңеш берди. Ошентип Эрмек Ниязов Цепкалону Кыргызстанга чакырды. Ал Кыргызстандагы Жогорку технологиялар паркын курганга да жакшы кеңештерин берген. Ага бул үчүн ар дайым ыраазычылык билдирип келебиз. Андан кийин мен Минскиге бир нече жолу барып келдим. Ал өзү тосуп алып, көрсөтүп, өз тажрыйбалары менен бөлүшүп турду. Эми президенттикке ат салышуу ниети тууралуу айта турган болсом, мен үчүн деле күтүүсүз болду. Цепкало маалымат технологияларынын эле адиси болбостон, көп жылдар бою дипломат, президенттик аппаратта иштегендиктен саясатты да жакшы түшүнөт».

Беларустун «космосу»

Жогорку технологиялар паркы Беларус үчүн чоң ачылыш болду. Ал жакта ойлонуп табылган World of Tanks, MSQRD, Viber, Maps.me, Flo долбоорлору дүйнөлүк деңгээлге жетти.

Паркты Беларустун «космосу» деп атап келишет. Аталган парктын өзгөчөлүгү - андагы резидент-компаниялар корпоративдик бардык салыктардан, анын ичинде кошумча нарк салыгынан жана киреше салыгынан да бошотулган. Кызматкерлердин жеке киреше салыгы тогуз пайыздык өлчөнгөн коюмга ээ жана жылдык жалпы кирешеге эсептелбейт.

Парктын жетекчиси сынга кабылган да учурлар болгон. Мисалы, паркка жаңы башталып келаткан стартаптарды кабыл албай, туруктуу кирешеси бар гана компанияларды кабыл алышканы нааразылык жараткан.

Бирок Цепкало жетектеген он жыл ичинде киреше болжолдонгондон көп табылган. Парктын резиденттеринин саны 237ге жеткен. Товар жана кызмат экспорттоонун жылдык көлөмү 49 эсе өсүп, 2017-жылдын жыйынтыгында миллиард долларга чамалаган.

2020-жылдын башында Жаңы технологиялар паркында 61 миңден көп кызматкери бар 800дөй компания катталган. 2019-жылга карата парктагы резиденттердин кызматтарынын жалпы экспорту эки миллиард доллардан ашкан.

2017-жылдын 1-мартында «Financial Times» басылмасына Жогорку технологиялар паркы тууралуу макала чыккан, анда паркты «Google» компаниясы менен салыштырышкан.

Ошонун эртеси эле күнү Лукашенко Валерий Цепкалону кызматтан бошотуп, ошол кездеги өзүнүн кеңешчисин дайындаган. Бул Беларустагы IT коомчулугу үчүн күтүүсүз болгон.

Цепкало өзү бул тууралуу эч кандай комментарий берген эмес. Кийин ал Өзбекстандын бийлигине «Mirzo Ulugbek Innovation Center» инновациялык борборун түзүү боюнча кеңештерин берип жүргөнү маалым болду.

Эки жылдан бери ал коомчулукка чыга элек болчу.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

("Настоящее время" телеканалынын журналисти Елена Шалаеванын макаласынын негизинде жазылды)

XS
SM
MD
LG