Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:33

Лукашенко Орусияны мунай үчүн сындады


Лукашенко мунай эксперттери менен жыйында. Минск, 21-январь, 2020-жыл.
Лукашенко мунай эксперттери менен жыйында. Минск, 21-январь, 2020-жыл.

Беларустун президенти Александр Лукашенко Орусия казак мунайын алып келүүгө бут тосуп жатканын билдирди. 21-январда Минскидеги жолугушууда президент өлкө экономикасы кыйынчылыктарга туш болуп жатканын белгиледи.

Беларус, Орусия жана Казакстан - үчөө тең Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) мүчөлөрү. Эксперттер орус президенти Владимир Путин бул уюм аркылуу Москванын мурдагы постсоветтик республикалардагы таасирин арттырууну, НАТОго жана Евробиримдикке туруштук берүүнү көздөйт деп эсептешет.

- Өнөктөшүбүздүн дагы бир өнөктөштөн мунай алышыбызга макул болбой жатканы өтө таң калыштуу. Мунай сатуу тармагында жагымсыз кырдаал түзүлдү, биз муну оңдошубуз керек, - деди Лукашенко 21-январда Минскиде мунай эксперттери менен болгон жыйында.

Президенттин айтымында, орус мунайынын беларус рыногундагы көлөмү 30-40% түзүүгө тийиш.

Бир нече убакыттан бери эки өлкө мунай транзитинин тарифтерин чече албай, талашып-тартышып келатышат. Орус жаратылыш ресурстарына көз каранды Беларус аркылуу кошуна өлкө Европага газ менен мунай ташыйт.

Беларустагы Мозырь мунай тазалоочу ишканасы.
Беларустагы Мозырь мунай тазалоочу ишканасы.

1-январда Москва Минскиге чийки зат жеткирүүнү токтоткон. Ошол эле маалда Европага транзит уланып жатат. Беларус азырынча былтыркы запастарды пайдаланып келатат.

Лукашенко орус мунайына альтернатива табууну тапшырган.

14-январда Беларустун вице-премьер-министри Дмитрий Крутов Минск Европа өлкөлөрүнө жана Казакстан менен Азербайжанга мунай сатып алыш үчүн коммерциялык сунуш жибергенин айткан.

Беларуска мунай жөнөтүүгө даярдыгын Литва менен Латвия да билдирди.

Шейшембиде «Белнефтехим» компаниясы Норвегиядан 80 миң тонна кара май сатып алганы белгилүү болду.

22-январда чийки зат Клайпеда порту аркылуу Беларуска келип, андан ары темир жол менен мунай тазалоочу «Нафтан» заводуна ташылып бармакчы. Андан тышкары Минск Москва былтыркы апрелде булганган кара май үчүн кенемте төлөй элек экенин билдирүүдө.

Беларустук саясат таануучу Павел Усов азыркы «мунай согушун» жалпы «интеграциялык согуштун» уландысы деп эсептейт.

- Азыркы «энергетикалык согуштун» контексти мурдагылардан айырмаланат, - деди ал. - Бул интеграциялык согуштун, Орусия ишке ашырып келаткан «интеграциялык басымдын» уландысы. Мунай маселеси «интеграцияны тереңдетүү» программасына байланган болчу. Ал программага былтыр декабрда кол коюлмак. Бирок Лукашенко документке кол коюудан баш тарткан. Натыйжада мунай талашы Беларусту интеграцияны кеңейтүүгө мажбурлоо каражаты катары колдонулууда.

Орусия менен интеграцияга каршы акция. Минск, 29-декабрь, 2019-жыл.
Орусия менен интеграцияга каршы акция. Минск, 29-декабрь, 2019-жыл.

Москва менен Минск Союздук мамлекет тууралуу келишимге 1999-жылы кол коюшкан. Бирок ошондон бери бул багытта алга жылуу дээрлик байкалбайт.

Президенттердин жыл соңундагы жолугушууларынан майнап чыккан жок. Лукашенко «эки өлкөгө бирдей шарт түзүлсүн» деп талап кылганын билдирген.

Мамлекет башчылардын кездешүүлөрүн утурлай Беларуста Орусия менен интеграцияга каршы нааразылык акциялар өткөн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG