Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 26-февраль, 2020 Бишкек убактысы 06:52

Беларусту визалык чектөөдөн куткарган жагдай


Юрий Дракохруст.

31-январдагы чечими менен АКШнын президенти Дональд Трамп Кыргызстандын жарандарына визалык чектөөлөрдү киргизди. Алгач америкалык басылмалар ал «кара тизмеге» Беларус да кириши мүмкүн экенин жазышкан.

Бирок Трамптын расмий билдирүүсүндө бир мамлекет дипломатиялык аракеттерди жөнгө салып, абалды оңдогусу келгени үчүн бул тизмеге киргизилбегени айтылды. Мындан тышкары АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Чыгыш Европа менен Борбор Азиядагы сапарынын алкагында Беларуска да барды. Минск бул тизмеден кантип чыгып кете алды? Деги эле Беларус менен АКШнын мамилеси кандай өнүгүп жатат? Биздин суроолорубузга «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун беларус кызматынын баяндамачысы Юрий Дракохруст жооп берди:

- Кээ бир маалыматтарга, америкалык расмий адамдар, анын ичинде президент Дональд Трамптын айтканына караганда, Беларус ошол «кара тизмеде» болчу. Өлкөнү ал тизмеден алып салыш үчүн күрөш жүрдү өңдөнөт. Эмнеден Беларус визалык чектөө киргизилген өлкөлөрдүн катарына адегенде камтылган? Балким, анын формалдуу бир себеби бардыр. Азырынча токтоп турганы менен, Беларуска каршы санкциялар салынганын эстен чыгарбаш керек. Балким, «кара тизмеге» өтө көп мусулман өлкөлөрү кирип калды дешкендир. «Келгиле, мусулман эмес бир мамлекетти кошолу. Мына, Беларуска каршы санкциялар да бар экен» дешсе керек. Бирок Минск азыр интеграцияны тереңдетүүгө аракет кылып жаткан Москванын катуу кысымына туш болуп келатат. Андай интеграция Орусия коңшу өлкөнү таптакыр «жутуп» кетет дегенге барабар. Аша чапкым келбейт, бирок Беларус Украинадагы кырдаалды жөнгө салууда бир топ эле роль ойноп келатат.

Минск тобу, аталышы айтып тургандай эле, Беларустун баш калаасында иштейт, Беларус Донбасстагы чатакты тынчытууда өзүнчө бир аянтчага айланган.

Адам укуктарынын абалына баа берген отчёттордо Беларус мурдагыдай эле начар позицияларда кала берүүдө. Буга карабай, Орусия тараптан интеграция коркунучу бар. Анан да Минск тобу иштеп жатат.

Мындан тышкары мамлекеттик катчы Помпео ошол маалда Минскиге келаткан. Ал биринчи Украинага, анан Беларуска, андан соң Казакстан менен Өзбекстанга барды. Бул визит Беларус менен АКШнын мамиле-катышы жөнгө салынып баратканынан кабар берген бир эле көрүнүш. Бир топ жылдан бери мамилелер өтө начар болчу, ал түгүл «кансыз согушка» да теңеп кетет элем. 2008-жылы президент Александр Лукашенко америкалык элчини иш жүзүндө өлкөдөн чыгарып салган. Азыркыга чейин Беларуста АКШнын убактылуу ыйгарымдуу өкүлү иштеп жатат. Элчилик кызматкерлери абдан азайган. Азыр болсо кайра көбөйтүлүп, 10 кишиге жетти. Кыскасы, тараптар алакаларды толук жарамдуу кылып калыбына келтирүүнүн үстүнөн иштеп келатышат. Албетте, эки өлкө байланышын оңдоп жаткан кезде, анын үстүнө мамлекеттик катчы келе жатканда визалык чектөө киргизүү туура эмес болмок.

- Балким Беларустун бийлиги да өз убагында чара көрүүгө жетишкендир?

- Балким. Беларус же Кыргызстан болобу, «кара тизмеге» киргизүү тууралуу чечимдин табиятына токтолсом. Чыныгы себепти балким биз да билбейбиз. Себеби Америкада башка жерлердегидей эле бюрократия, анын ичинде тышкы саясатта да бар. Айталы, кайсы бир өлкө тууралуу баяндама даярдалууда. «Мына ушунусу жакшы, мунусу жаман» деп баалашат. Кыргызстанга келгенде кандай жагдайлар эске алынганын мен билбейм. Мен сиздердин өлкөгө тиешелүү отчётторду маал-маалы менен окуп турам. Билишимче, Кыргызстанда адам укуктарынын абалы өзгөчө коңшу Казакстан же Өзбекстан менен салыштырганда алда канча жакшы, демократиянын оазиси десек болот. Албетте, демократия гүлдөп өнүгүп жатат, экинчи Швейцария дегенден алысмын.

Беларус, Өзбекстан же Казакстан болобу, чечимдерди кабыл алганда геосаясий жүйөгө артыкчылык берилет. Беларус коопсуздук жагынан алганда АКШга керек өлкө. Же тагыраагы, коркунучка кабылып жаткан мамлекет. Интеграциялык пландар, шарттуу түрдө айтсак, орусиялык аскерлердин Бресттин жанына жайгашуусуна алып келсе, чөлкөмдөгү кырдаал кыйла өзгөрөт. Кыргызстанга келсек, Помпео мырза бул жолку турнесинин пункттарын аныктоо менен кайсы өлкөлөр Борбор Азия аймагындагы коопсуздук үчүн маанилүү экенин ишарат кылгандай. Тилекке каршы ал тизмеге Кыргызстан камтылбай калды. Кайталап кетейин, сөз болгон Казакстан менен Өзбекстан Кыргызстанга караганда авторитардуу, репрессивдүү, ошол эле учурда маанилүү өлкөлөр.

- Сиз алдыда АКШ менен Беларустун алакалары оңолуп жатканын айттыңыз. Жылыштар кайсы тармактарда байкалууда?

- Өзгөрүүлөр негизинен расмий чөйрөлөрдө байкалып келатат. Мисалы, ортодогу иш сапарлары тез-тез жүрүп жатат. Жон Болтон АКШ президентинин коопсуздук боюнча кеңешчиси болуп турганда Минскиге келип кеткен. Мамлекеттик катчынын орун басары Дэвид Хейл, эми болсо Помпео иш сапары менен барды. Айтор, диалог уланууда. Ал эми америкалык инвестициялар Белурска жапырт агылды, Беларус АКШнын аскердик бир долбоорлоруна тартылууда деген нерселер, албетте, жок. Президент Лукашенко өзү «улуу коңшу» деп эсептеген Москванын кыжырын келтиргиси келбейт. Орусия ансыз да Помпеонун иш сапарына кыйла кыжалат болду. Вашингтон менен Минскинин жакындашуусунун белгилери саналуу десем жаңылышпайм. Бирок дипломатиялык алакалардын, дурус мамилелердин калыбына келип жатканын көрүп жатабыз. Парадоксалдуу бир нерсени белгилей кетким келет. Кыргызстандын бийлиги америкалык элчини Бишкектен кууп жиберген эмес. Лукашенко болсо элчини чыгарып салган. Эми болсо кайра кабыл алууга даяр. Президент оңоло баштагандыктан, Беларуска каршы ошол виза чектөөлөрү киргизилген жок.

- АКШ менен мамилелерди жөнгө салуу менен президент Лукашенко эмнелерди көздөйт?

- Менимче, Лукашенко биринчи кезекте Беларустун коопсуздугу үчүн кепилдиктерди каалайт. Башкача айтканда, америкалыктар орустарга «интеграция маселесинде өтө катуу кетсеңер, биз четте байкап тура бербейбиз» деп туюндурсун дейт. Географиялык жактан жана өнөктөш мамилелердин жоктугунан АКШнын колунан көп нерсе деле келбейт. Ошентсе да Лукашенко Вашингтон Москвага ошондой ишарат кылышын каалайт. Ал абдан куу адам болгондуктан Орусияны коркутуп тургусу бар. «Владимир Владимирович, АКШ алыс болсо да, биздин геосаясий мүмкүнчүлүктөрүбүз Москва менен чектелбейт» дегиси келет. Кыскасы, бул Америка менен бир оюндай, Москвага таасир этүүнүн бир ыкмасы дейт элем. Эки өлкөнүн институционалдык байланыштары жок. Беларус ошол эле Украинадан айырмаланып, андайга умтулбайт деле.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG