Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 25-февраль, 2020 Бишкек убактысы 06:11

Кыргызстанда IT тармагы жанданды


Жогорку технологиялар паркындагы иш-чаралардын бири.

Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркынын мүчөлөрү 2019-жылы дээрлик бир миллиард сомго жакын киреше менен чыкты. Бул мурдагы жылга караганда эки эсе көп.

Бирок адистер ушунун өзү деле аздык кыларын, кыргызстандык программисттер долларлык эсепте миллиарддык көрсөткүчтөргө жетсе болорун айтышат. Азырынча аталган уюмда 80дей мекеме катталып турат. Дагы ушунча фирма паркка катталбай иш алып барса, көпчүлүк IT адистери көмүскө жумуш кылышат.

«Азаттыктын» «Элдик экономика» түрмөгү бул жолу ушул темага арналды.

Алты жылдын үзүрү

Жогорку технологиялар паркы жөнүндөгү сөзүбүздү биз анын мүчөсү же резиденти болгон «Таймли Софт» компаниясынан баштайбыз.

Бишкекте катталган бул жоопкерчилиги чектелген коом IT кызматтарынын дээрлик көпчүлүк түрлөрүн, анын ичинде веб-сайттарды жасоо жана программалык камсыздоо сыяктуу кызматтарды көрсөтөт. Фирма өзү ачылган учурда эле Жогорку технологиялар паркына кошулган жана учурда аталган парктын алдыңкы үчтүгүнө кирет.

«Таймли Софт» компаниясынын директору Андрей Гуринов мындайча сөз баштады:

Андрей Гуринов.
Андрей Гуринов.

- Биздин компания Жогорку технологиялар паркында 2013-жылдан бери резидент болуп саналат. Башкача айтканда биз бул паркка биринчилерден болуп киргенбиз. Биз көбүнчө ири кардарлар менен иштөөгө багыт алганбыз жана өзүбүздүн гана өнүмдү чыгаруунун үстүнөн иштейбиз. Ири ишкерлик, билим берүү, ресторан бизнесин тейлейбиз. Кирешебизди ачык айта албайбыз, бирок жылдан жылга өсүп жатканын белгилейбиз. Учурда бизде кеминде 70тей киши иштейт, - деди ал.

Ооба, коммерциялык сыр болгону үчүн паркка мүчө болгон башка компаниялар да киреше-чыгашасы тууралуу маалымат бергиси келбейт. Бирок Жогорку технологиялар паркы резиденттеринин кирешелерин жалпы жонунан эсептеп, жылдык жыйынтыгын чыгарып турат.

Парктын директору Алтынбек Исмаилов узаган жылдын санагын «Азаттыкка» айтып берди:

Алтынбек Исмаилов.
Алтынбек Исмаилов.

- Чынын айтсак биз 2019-жылга чоң план коюп, өзүбүздүн кирешебизди бир миллиард сомго жеткирүүнү максат кылганбыз. Бирок жыл жыйынтыгында бул суммага жетпей калдык, жакындадык. Тагыраагы Жогорку технологиялар паркынын резиденттеринин жылдык кирешеси 2019-жылы 52% көбөйүп, 972 миллион сомду түздү. Биздин ишканаларда иштеп жаткан кызматкерлер 40% көбөйдү. Маселен, 2018-жылы аларда 686 кызматкер болсо, 2019-жылы анын саны 762 адис иштеди. Эмгекти төлөө фонду 47% көтөрүлүп, бир жылда ушул адистер 401 миллион сомду маяна катары алышты. Патент менен иштеген кызматкерлерге өзүнчө 63 миллион сом айлык төлөндү, бул да дээрлик төрт эсе көтөрүлдү дегенди билдирет.

Жогорку технологиялар паркынын кирешеси. «Азаттыктын» инфографикасы.
Жогорку технологиялар паркынын кирешеси. «Азаттыктын» инфографикасы.

Ошентип кирешенин өсүшүнө мүчөлөрдүн көбөйгөнү да себеп болгондой. Анткени 2018-жылы эле Жогорку технологиялар паркында 40тай резидент болсо, 2019-жылдын жыйынтыгында алар 81ге жетти.

Бул компаниялар кирешесин негизинен чет жакка экспорттоодон табышат.

- Эң маанилүүсү - экспорт көбөйүп, жалпы өндүрүштүн 86% түздү. Башкача айтканда 972 миллион сомдун 841 миллион сому жалаң экспорттун эсебинен түштү. Биз кызматтарыбызды 30дан ашык мамлекетке экспорттоп жатабыз. Алардын ичинен АКШ, Ирландия, Казакстан, Орусия, Кипр, Улуу Британия, Кытай, Германия, Түркия, Иран, Индия, Грузия, БАЭ жана башка бир топ мамлекеттер менен кызматташтык, - деди Исмаилов.

Жогорку технологиялар паркындагы иш-чаралардын бири.
Жогорку технологиялар паркындагы иш-чаралардын бири.

Албетте, береги көрсөткүчкө жетүү деле оңой болгон жок. Бул дээрлик алты-жети жылдык иштин үзүрү.

Жогорку технологиялар паркы алгач негизделген 2013-жылы анын мүчөлөрүнүн кирешеси болгону 14 миллион сомду түзгөн. 2014-жылы 80 миллион сом, 2015-жылы 129 миллион сом, 2016-жылы 241 миллион сом болгон.

Киреше 2017-жылы жарым миллиарддан ашкан, тагыраагы 518 миллион сом болсо, 2018-жылы 635 миллион сомго жеткен. Былтыр болсо, жогоруда белгилегендей, сумма 972 миллион сом болду. Башкача айтканда киреше беш жыл мурдагыдан он эсе көп, мурдагы жылга салыштырмалуу эки эсе көп.

Жогорку технологиялар паркынын негиздөөчүсү, азыр мекеменин байкоочу кеңешинин мүчөсү Азиз Абакиров буларга токтолду:

Азиз Абакиров.
Азиз Абакиров.

- Биз ушул паркты негиздеп жатканыбызда эч ким ишенген эмес. Мамкызматтагы кээ бир адамдар: «Бизде программист барбы?» деп сурашкан. «АКШга бир мык сата албай жатып, эми программаларды экспорттойбузбу?» дегендер болгон. Ооба, алгачкы жылдары киришеси азыраак болгон, негизинен Орусия менен Казакстанга эле экспорт кылганбыз. Азыр болсо биринчи орунда АКШга экспорт кылып жатабыз, жылдык киреше болсо бир миллиард сомго жетип калды.

«Бардык ишти жасашат»

Жогорку технологиялар паркында катталган компаниялар IT тармагындагы бардык кызматтарды көрсөтүшөт. Бирок көпчүлүгү программалоо менен байланыштуу.

Парктын директору Алтынбек Исмаилов кайрадан кепке кошулду:

- Биздин кирешелерибиздин 60% программа түзүү менен программа сатуудан түшөт. Башкача айтканда резиденттерибиз негизинен ушул багытта иш алып барышат. Экинчиси - азыр бизде аябай өнүгүп келе жаткан тармак - компьютерде түзүлгөн анимациялар. Бул «YouTube» аркылуу иштеген ишкерлерибиз. Алар компьютерде ар кандай, балдарга же чоңдорго мультфильмдерди тартып, киреше табышат. Үчүнчүдөн, интерактивдик сервистерди жаратабыз. Жанагындай call center – байланыштык тейлөө борборлору мурда телефон менен гана тейленсе, азыр интерактивдүү тейленип калбадыбы. Башкача айтканда компьютерден, смартфондон да тейленет, ишкерлерибиз мына ошол системаларды башкарууну камсыз кылышат. Төртүнчүсү - техникалык колдоо же камсыздоо тармагы, калгандары IT тармагына тиешелүү башка кызмат көрсөтүү. Ушинтип секторлорубуз да кеңейип жаткан кези.

Жогорку технологиялар паркынын жаңы кеңсесинин ачылышында. Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Алтынбек Исмаилов. 30-ноябрь, 2019-жыл.
Жогорку технологиялар паркынын жаңы кеңсесинин ачылышында. Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Алтынбек Исмаилов. 30-ноябрь, 2019-жыл.

Кеп болуп жаткан парк биринчи кезекте IT тармагында иштеген мекеме-компанияларга салык жагынан жеңилдик алып берүүнү максат кылат. Ошондой эле бул тармакта иштеген компаниялардын киреше-чыгашасын эсепке алууну жана аларды көмүскө иштөөдөн чыгарууну көздөйт.

- Ушул учурда катталган ишканаларга беш жеңилдик каралган. Биринчиден, кошумча нарк салыгынан, пайда салыгынан жана сатуу салыгынан жеңилдиктер бар. Мындан тышкары маянадан алынган салыкты 10 пайыздан 5 пайызга азайтабыз, Соцфондго төлөмдөрдү орто эсептеги маянанын эсебинен 12% азайтабыз, - деди Алтынбек Исмаилов.

Ал эми компаниялар мүчө-акы катары Жогорку технологиялар паркына жылдык жүгүрткөн каражатынын 1% төлөп турат. Муну «Таймли Софт» компаниясынын директору Андрей Гуринов да ырастады:

- Жалпы мааниде бул парк эркин экономикалык аймак сыяктуу, болгону IT компаниялары менен байланыштуу. Бул жерге кошулгандан кийин алган жеңилдиктерибиз биздин каражаттарыбызды жакшыраак колдонууга түрткү болду. Биз үнөмдөп калган акчабызды персоналды өнүктүрүүгө, кызматкерлерибизди чет жакта окутууга жана ар кандай социалдык иштерге жумшап жатабыз. Маселен, биздин компания студенттер арасында программалоо боюнча эл аралык олимпиаданын башкы демөөрчүсү болуп саналат, эл аралык «Силк Роад» марафонуна көмөк кылып турабыз. IT боюнча билим берүүгө каржы жумшайбыз. Биздин компания парктын ичинде жайгашуу менен эсеп-кысабын толук ачык жүргүзүп, маянаны так төлөп, насыяларды ээн-эркин алууга мүмкүнчүлүк ала алат.

Жогорку технологиялар паркындагы иш-чаралардын бири.
Жогорку технологиялар паркындагы иш-чаралардын бири.

Башка бир атамекендик IT компания «Улут софт» жоопкерчилиги чектелген коому Жогорку технологиялар паркына жаңыдан кошулду. Фирманын жетекчиси Мирбек Окенов парктын ичинде жумуш алып баргандын артыкчылыктарын атады.

- Биз «Жогорку технологиялар паркына мүчө болсок кандай болот, жөн эле иштей берсек кандай болот» деп, талдап, акыры мүчө болсок бизге пайдалуу экенин түшүнүп кошулдук. Башында алты айдай сыноо мөөнөтүндө турдук. Толук мүчөлүккө өткөнүбүзгө алты ай болду. Биринчиден, атайын каналыбыздан, электрондук почтадан биз өзүбүздүн тармакка тиешелүү маалыматтарды үзгүлтүксүз алып турабыз. Экинчиден, кардар табуу, компаниябызды кеңейтүү-чоңойтуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө жардам алып жатабыз. Андан тышкары резиденттер бири-бирибиз менен кызматташып жатабыз. Мисалы, менде киши жетпей жатса алардан жардам алабыз же кимдир-бирөөдө ашыкча буюртма болсо бизге бөлүшөт дегендей. Азыр биз жети кишилик командабыз, буюрса дагы кеңейебиз. Негизинен Түркия рыногу менен иштейбиз, - дейт Окенов.

«Миллиард долларга жетсе болот»

Мындай караганда Кыргызстандын IT тармагынын ийгилиги Жогорку технологиялар паркына катталган фирмалардын кирешеси менен гана эсптелбеши керек. Себеби учурда дагы 50дөн ашык компания бул бирикмеге кошулбаган тартипте иш алып барууда. Мындан сырткары патенттик ыкмада эмгектенген жана көмүскө иштеген жүздөгөн айтишниктер да бар.

Ошондуктан программисттерде алдыңкы жылдарга карата дымак да чоң, мүмкүнчүлүк да кеңири. Жогорку технологиялар паркынын директору Алтынбек Исмаилов муну башка мамлекеттин мисалына салыштырып түшүндүрдү.

- Маселен, Беларуста 9 миллиондой калк бар, алардын Жогорку технологиялар паркынын жылдык кирешеси эки миллиард доллардан ашык. Миңдеген ишканасы, 40 миңдей IT адистери бар экен. Эми бизде, Кыргызстанда 6-7 миллиондой калк бар, башкача айтканда ушул мамлекет менен бирдей эле мүмкүнчүлүккө ээбиз. Демек IT адистерибизди биз да көбөйтсөк, ушундай эле мүмкүнчүлүк ачылат экен, ушунчалык эле киреше тапсак болот экен. Мен эгер бир жылдагы санды эмес, жарым жылдагы эле көрсөткүчтү айтсам, Кыргызстандын ичинде акыркы алты айда компанияларыбыз IT адистиги боюнча 500дөй жаңы иш ордуна сынак жарыялашты. Маселен, «Гровейф» деген ишканабыз «быйылкы жыл үчүн 40тай адис керек, биз кеңейебиз» деди. Бул эмнени түшүндүрөт? Бул биздин компаниялар жылдан жылга кеңейип жатканын билдирет. Буюрса бул тармакта аябай чоң жетишкендиктер болот.

Жогорку технологиялар паркындагы иш-чаралардын бири.
Жогорку технологиялар паркындагы иш-чаралардын бири.

Бирок бул үчүн өлкөдө миңдеген программисттер болушу керек. Окуу жайлары, атайын борборлор жана кайра эле ушул компаниялар жүздөгөн адистерди окутуп чыгышы зарыл. Бул багытта жумуштар аз-аздан жүрүп жаткансыйт.

- 20 жыл мурда Кыргызстанда эки-үч программист да жок болчу. Мына, 20 жылда азыркы деңгээлге жетип, Жогорку технологиялар паркында эле миңдей IT адиси иштеп жатат. Жалпысынан Кыргызстанда канча? Биздин парктын максаты - ушул сферада 2030-жылга карата кеминде 50 миң иш ордун ачып берүү. Программисттер ассоциациясы азыр Бишкекте, Ошто, Караколдо жана башка жерлерде IT академияларын, окуу борборлорун ачып бердик. Алар бир жыл окуп, бүтүп эле ишке кирип жатышат. Азыр айылдарда, райондордо окутуу жүрүп жатат, «Программер айымдар» деген программаны баштадык. Буюрса келечекте Кыргызстанда ар бир үй-бүлөдөн бирден программист чыкканга жетишүүбүз керек. Дагы секирик жаратышыбыз керек. Азыр бир миллиард сомго жетсек, 2030-жылга биз бир миллиард доллар киреше табууга жетишибиз керек, - деди IT адиси Азиз Абакиров.

Жогорку технологиялар паркындагы иш-чаралардын бири.
Жогорку технологиялар паркындагы иш-чаралардын бири.

Ушул эле сөзгө «Улут софт» фирмасынын жетекчиси Мирбек Окенов да кошулуп, бирок ал үчүн өкмөттөн жана жарандардан кескин аракеттер зарыл болорун айтты:

- Жогорку технологиялар паркынын алкагында бул багытта иштер жүрүп жатат. Бирок реалдуу алганда алар дагы акыркы эки жылдан бери гана жанданды. Азыр эми комплекстүү иштер жүрүшү керек. Мунун ичинде жеке компаниялар, борборлор, өкмөт, Билим берүү министрлиги, окуу жайлары, керек болсо мектептер да IT адистерин чыгарууга салымын кошуусу зарыл. Керек болсо биринчи класстан баштап компьютерге, маалымат технологияларына кызыктырып, тартышыбыз керек. Радикалдуу чара көргөнүбүздө гана керек жыйынтыкка жетишебиз. Азыркы аракеттерибиз балким узак мөөнөттө бир нерсе алып келет, бирок эгер жакыныраак убакытта кандайдыр бир жетишкендик жаратабыз десек, анда чукул аракеттер керек. Балким башка мамлекетте болуп көрбөгөн, чыгармачыл кадамдарга баруу зарылдыр? Кыскасы кескин чаралар керек. Бул жерде «алма, быш, оозума түш» принциби иштебейт.

Кийинки убакта чет жакта иштеген кыргызстандык мигранттардын арасында да IT тармагына оогондор көбөйдү. Алардын алды «Google», «Microsoft» сыяктуу ири компанияларда иштеп калса, арты өз алдынча фирма ачып, дүйнөлүк деңгээлдеги компаниялар менен атаандаша иштеп жаткан кези. Алар өз мекендештерин ушул тармакка тартып, Кыргызстандагыларды окутууга жардам берип келишет. Ошол эле учурда ири каражаттарды мекенине жөнөтүп жатат.

Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркы Улуттук илимдер академиясынын бир ыптасында жайгашкан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (9)

XS
SM
MD
LG