Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:47

Илдетке каршы президенттерден кеңеш


Белорус президенти Александр Лукашенко жана Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Белорус президенти Александр Лукашенко жана Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Өпкөнү сезгенткен коронавирус дүйнөдө тез жайылып жаткан чакта, айрым өлкө лидерлери өз жарандарына кеп-кеңеш бере баштады.

Маселен Беларустун президенти Александр Лукашенко илдетке каршы азыраак арак ичип коюу жана мончо пайдалуу болорун айтты. Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров элин сарымсак жеп, лимон менен бал кошулган суу ичип турууга чакырды. Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедов болсо адырашман түтөтүүгө үгүттөп жатат.

Беларустун президенти Александр Лукашенко коронавируска каршы кеп-кеңештери менен жергиликтүү органдардын башчыларын дайындоого арналган жыйын маалында бөлүштү. Ал өзү ичимдик ичпей турганын баса белгилеп, бирок азыркыдай шартта азыраак ууртап койсо пайдалуу болорун айтты. Бирок ошол эле маалда жумушта ичимдик ичүүгө болбой турганын эскертти:

Александр Лукашенко.
Александр Лукашенко.

«Колуңарды улам-улам жууп тургула. Эртең менен, түштө жана кечинде, маалында тамак жегиле. Мен ичимдик ичпеген адаммын. Бирок акыркы күндөрү тамашалап «арак менен колду гана жууп турбастан, вирусту уулап жок кылыш үчүн күнүнө 40-50 граммдан ууртап турса болот» деп айтып жатам. Бирок муну жумуш маалында кылбагыла. Мен силерге ийгилик, ден соолук каалайм. Бүгүн кургак мончого баргыла. Эгер мончого жумасына эки-үч жолу барып турса, ал да пайдалуу. Кытайлар бизге «вирус 60 градус ысыкта жоголот» деп да айтып беришти».

Беларус лидери дарыгерлердин түйшүк-мээнетин жогору баалады. Ошондой эле жарандарды дүрбөлөңгө түшүп, кымгуут болбоого чакырды. Лукашенко элине «иштегиле» деп кеңеш берди.

«Адамдар трактор айдап иштеп жатат, ал жакта эч ким коронавирус тууралуу кеп да кылган жок. Трактор баарын дарылайт. Талаа баарын айыктырат!», - деди Лукашенко. Ал өз өлкөсүндө абал Орусияныкына караганда алда канча жакшы болсо деле расмий Москванын чек арасын жаап койгону үчүн капа да болду.

Лукашенконун кеп-кеңешин пайдалангандар болдубу же жокпу, азырынча белгисиз. Бирок анын айткандары айрыкча социалдык тармактарда ар кандай шакаба-тамашага сөздөргө жем таштады.

Беларуста коронавирус 36 адамдан табылган.

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров өзүнүн айрым бир адаттан тыш, чуулгандуу бир катар билдирүүлөрү менен белгилүү. Ал соңку жагдайга байланыштуу да үн катты. Тактап айтканда, коронавирустан улам дүрбөлөңгө түшүп жаткан адамдарды сынга алды. Оорунун алдын алыш үчүн сарымсак жеп, бал менен лимон кошулган суу ичип турууга чакырды:

Рамзан Кадыров.
Рамзан Кадыров.

«Адамдар вирус Кытайдан тараганы үчүн түн уйкусун бөлүп атат. «Вирус жугат, өлүп калабыз», деп коркуп атышат. Коё тур, сен баары бир өлөсүң! Ажалың жеткиче өлүп калганга аракет кылба. Сен баары бир өлөсүң да. Эл «Вотсапта», бардык жерде эле коронавирусту эле сөз кылып жатат. Миндеген адамдар сасык тумоодон деле ажал табат. Бул деген вирус эле да. Кимдин саламаттыгы жакшы болсо, анда ал ооруну көтөрөт. Иммунитетти бекемдеш үчүн сууга бал менен лимонду кошуп ичип отургула. Ошондо силерге оору жукпайт. Сарымсак жегиле. Каныңар тазарат».

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедов өз элин вируска каршы адырашманды колдонууга чакырган. Ал 13-мартта мамлекеттин өнүгүшүнө арналган жыйында бул чөп «түркмөн ата-бабалар миңдеген жылдар бою колдонуп келген, жаман адаттарга жана ар кандай жугуштуу ооруларга каршы даба болору далилденген» деп айткан.

Гурбангулы Бердымухамедов.
Гурбангулы Бердымухамедов.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы Бердымухаммедовдун мындай сунушунан кийин мамлекеттик мекемелерде, мектептерде күнүнө кеминде эки ирээт адырашман менен ысырыктоо жапырт башталганын жазып чыкты.

Ошондой эле адырашман 14-мартта Ашхабадда Түркмөнстан менен Бириккен Улуттар Уюмунун кызматташтыгына арналган жыйында да колдонулганы белгилүү болду.

«Сentralasia.media» интернет басылмасы Түркмөнстандагы «Ориент» маалымат сайтына шилтеме кылып, «Йылдыз» мейманканасынын жыйындар залы, коноктор жайгашкан бөлмөлөр ысырыкталганын жазды. Андан сырткары келгендердин баарынын колдорун йоддон жасалган антисептик менен тазалап, мурундарына оксолин майын сүйкөп беришти. Ошондой эле айрым адамдардын дене табы текшерилип, бул жыйын бүтөр-бүткүчө дарыгерлер күзөттө турушту.

Түркмөн бийлиги өпкөнү сезгенткен ооруга чалдыккандар тууралуу расмий кабарлай элек. Бирок «Азаттыктын» түркмөн кызматы Ашхабадда жугуштуу илдетке чалдыккан бейтаптар жаткан ооруканадагы ишенимдүү булактарына таянып, кеминде эки адамдан ушундай илдет аныкталганын жазган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG