Линктер

ишемби, 22-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 09:06

Беларус IT тармагына эркиндик берди


“БелаПАН” маалымат агенттигинин журналисти Александр Ярошевич.

Беларус санариптик экономиканы өнүктүрүүгө багыт алганы IT тармагынын баасы да, баркы да артып баратат. Беларустун стартаптарын дүйнөлүк компаниялар сатып алган мисалдар бар.

Минск шаарындагы "БелаПАН" агенттигинин журналисти Александр Ярошевич "Азаттык" менен болгон маегинде беларустар жаңы технологиялар тармагын кантип өнүктүрүп жатканын айтып берди.

"Азаттык": Беларус постсоветтик аймакта IT технологиясын өнүктүрүүдө алдына ат салдырбай баратат. Мунун сыры эмнеде?

Александр Ярошевич: Беларуста “Жогорку технологиялар паркынын” түзүлгөнүнө 10 жылдан ашты. Ал жердеги компаниялар IT технологиясын өнүктүрүрөт. Соңку жылдары алардын тапкан кирешеси миллиард доллардан ашты. Беларус мынча каражатты башка өлкөлөргө жүк ташуучу машиналарды, айыл чарба техникасын сатып таап келгени менен салыштырсак болот. Бул көрсөткүч IT тармагы канчалык тез өнүккөнүнүн белгиси.

Былтыр президент Александр Лукашенко жаңы тармактын бардык өкүлдөрүн чакырып, анын келечеги тууралуу алардын сунуш-пикирлерин уккан. Белгилей кетчү нерсе, ушул тапта мындай компаниялар аутсорсингге иштешет. Жөнөкөй сөз менен айтканда, алар сырттан чоң компаниялардын заказдарын алып, аларды аткарып беришет.

Муну далилдеген ийгиликтүү мисалдар бар. Беларустун IT адистери ошол эле "Фейсбук" компаниясына “Маскарад”, "iMетр" деген тиркемени "Гуглга" сатышкан. Мына ушуларды эске алуу менен бул тармакты дагы кеңейтип, илгерилетип, Беларустун өзүндө продукт түзүүнү сүйлөшүшкөн. Башкача айтканда башка бирөөгө эмес, өзүбүз үчүн иштөөнү макулдашышкан.

"Азаттык": Баарыбыз эле билгендей, Беларус авторитардык лидер башкарган дээрлик жабык өлкө. Анан эмне үчүн президент Лукашенко IT тармагына мынчалык эркиндик берип жатат?

Александр Ярошевич: Президенттин андан башка аргасы жок. Соңку жылдары Беларус Орусиядан мунай менен газдын баасында субсидия турүндө алган жардам бара-бара азайып баратат. Орусиянын Батыш менен тиреши башталгандан бери өзүнүн экономикасы начарлап, беларустарга субсидия берүүгө чамасы дагы азайды.

Аларды карап отуруп, акыры Лукашенко түшүндү. Азыр бийлик салык саясатын ийкемдүү кылып, кандайдыр бир жаңы эрежелерди киргизүүнүн үстүндө. Өлкө товар өндүрүп, сатып, пайдасын көргөн тармактар аз кирешелүү болуп калды. Мурдагыдай орустардан чийки мунайды арзан алып, аны иштетип, Батышка эселеп кымбат саткан заман бүтүп баратканын Лукашенко көрүп турат. Демек, улуттук экономиканы жаңы деңгээлге чыгара турган башка тармактарды карап, башка жолдорду табуу керек.

Андыктан IT адистерин жыйнап алып, бул тармакты мындан дагы өркүндөтүп, эл аралык деңгээлге кантип чыгарса болот деген суроону койгон. Адистер Беларуста британдардын укук системасын колдонууга жол ачууну сунуш кылышкан. Ошондой эле криптовалютаны мыйзамдаштырууну айтышкан. Жаңы түптөлүп аткан IT компанияларга жеңилдиктерди берүүнү cунуш кылышкан. Президент алардын баарын ишке ашырууга макул болгон.

Ушул тапта мыйзамдын жол-жобосу иштелип жатат. “Жогорку технологиялар паркы” ийгиликтүү иш жүргүзүп кеткенин далилдеди. Алардын кирешеси эселеп көбөйүп, миллиард доллардан ашты. Беларустун стартаптары өздөрүн эл аралык рынокто көрсөтө алышты. Бийлик аларды колдоп жатат. Ошол эле маалда биздин өлкөдө баары көзөмөлдө, бийлик кимди болбосун тизгиндеп, керек болсо түрмөгө отургузуп коё алат.

"Азаттык": Кыргызстанда дагы IT адистери бир топ. Бирок алар ачыкка чыкпай иштешет. Алар ар кандай текшерүүлөр менен баштарын ооруткулары келбесе керек. Сиз Беларуста Британ мыйзамдары киргизилет дедиңиз. Ал кандайча иштейт, түшүндүрүп берсеңиз.

Александр Ярошевич: Буга чейин Беларуска кандайдыр бир инвестиция салам дегендер чочулашчу. Эми келген инвестордун акчасы дүйнөдөгү эң ишенимдүү жана күчтүү Британ мыйзамдары менен корголот. Беларуста акча салып, кандайдыр бир долбоор баштайм дегендер эл аралык мыйзамдын коргоосунда экенин түшүнүшөт.

"Азаттык": Беларус постсоветтик аймакта биринчи болуп криптовалютага расмий уруксат бербедиби?

Александр Ярошевич: Беларуста криптовалюта расмий төлөм бирдиги деп таанылбайт, муну Улуттук банк такай кайталайт. Бирок ошол эле маалда криптовалютаны сатканга жана сатып алганга уруксат. Ал кантип ишке ашат? Сиз аны колдон сатып алсаңыз болот. Маселен, мага 2 биткоин берсеңиз, мен сизге анын кунуна тең турган беларус рублин берем.

Ошондой эле биржаларда же атайын алмаштыруучу жайларга барса болот. Эми криптобиржалар менен криптовалюта алмаштырчу жайларды расмий ачууга камынып жатышат. Ушул тапта биздин өлкөнүн бийлиги аны легалдаштыруунун нормативдик базасын түзүп жатат.

“Жаңы технологиялар паркында” ачылган атайын алмашуу пункттарына келип, Беларустун рублине кайсы бир суммадагы электрондук акчаны сатып аласыз. Алар сиздин электрондук капчыкка которулат. Азыр бийлик арам акчаны адалдаштырууга каршы күрөшкөн эл аралык уюм (FATF - Financial Action Task Force) менен позициясын такташып жатат. Бул уюм Беларуста жаңы кирип жаткан система финансылык көз боёмочулукка каршы эл аралык мыйзамдарга шайкеш келишин карайт. Беларус арам акчаны адалдаштыруучу аймакка айланып калбашы керек.

"Азаттык": “Жогорку технологиялар паркы” баш калаа Минскте жайгашкан эмеспи. Өлкөнүн башка аймактарындагы IT компаниялар кандай иштейт жана IT адистерин даярдоо кандай ишке ашат?

Александр Ярошевич: Өлкөнүн башка шаарларындагы компаниялар дагы Минсктеги "Жогорку технологиялар паркынын" резиденти боло алат. Башкача айтканда ишкана Брестте же Могилёвде жайгашса дагы "Жогорку технологиялар паркына" берилген бардык жеңилдиктерден колдоно алат. IT компаниялар жаңы адистерге дайым муктаж, алар кадр керек деп эле жүрүшөт.

Студенттер болсо 3-4-курстарда эле практикага барып, диплом алгандан кийин адатта ошол эле компанияларга ишке барышат. Университеттер менен IT компаниялар тыгыз кызматташат. Алар идиректүү балдарды эртерээк иргеп алып, окуусун бүтө электе эле адистикке даярдай башташат. Эми мектептерде тереңдетилген IT сабактарын киргизүүгө камынып жатышат. Кээ бир компаниялар орто мектептер менен келишим түзүп, программалоо сыяктуу сабактарды көп окутуп, анын колдонмо жагына көп көңүл бурулат. Алар эртелеп эле программисттер, тестирлөөчүлөр менен иштеше башташат.

"Азаттык": Орустар Москванын сыртында Сколководо технопарк түзүштү. Бишкек сыяктуу эле башка чоң шаарларда иштеген IT компаниялар арбын. Эми алардын көбү Беларуска агылып, Беларустун аймактагы IT борборго айлануу потенциалы жогорулайт турбайбы?

Александр Ярошевич: Ооба, бизге Орусиядан, Украинадан келип иштеген адистер арбын экенин айтып эле жүрүшөт. 1500-2000 доллар айлык алып, бирок Москвадагыдай чыгым болбой жашоонун жолун таап алгандар бар. Минскте батир, тамак-аш салыштырмалуу арзан жана коопсуз шаар экени IT адистерди тартат. Ошол эле Сколкового караганда, Минскинин технопаркына агылгандардын саны арбын экени шексиз. Эгер сиздин жөндөмүңүз болсо, Минскиге келип, жакшы акча таап, жашоого аз коротуп, калганын өзүңүздүн бизнесиңизге, жеке өнүгүүңүзгө жумшаганга эмне болбосун? Беларус бийликтен кулаган мурдагы президенттерди гана эмес, хайтектин тилин билген адистерди дагы чакырат.

Майыптар IT тармагын өздөштүрүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:31 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG