Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:12

Эмне үчүн IT адистигин тандаш керек?


Айзада Акбекова.
Айзада Акбекова.

“IT, компьютер, программа жазуу, Интернет эле дейсиңер, аны эмне үчүн окуш керек?” деп көп сурашат. Бир байкаганым - көпчүлүк бул адистикти аркалагандар жетиштүү акча табарын билгени менен заманбап технологиянын максатын, пайдасын түшүнө элек. Ошол себептүү замандаштарыма азыр-көптүр пайдасы тийсин деген максатта маалымат технологиясы тууралуу жазууну эп көрдүм.

Маалымат технологиясы (IT) - толугу менен маалыматтык жана коммуникациялык технология деп аталат.

IT - бул маалыматтарды байланыш техникаларынын (телефон линиясы жана кабели жок "wireless") жардамы менен иштеген техника (эсептөөчү машиналар: компьютер, уюлдук телефон) жөнүндөгү илим.

Компьютер "hardware" (“катуу” - hard) колго кармала турчу, көзгө көрүнгөн тетиктердин жана ошол тетиктерди жана киргизилген маалыматтарды башкара алчу "software" (“soft” “жеңил өзгөртүлчү”) программадан турат.

Ал эми программист деген ошол жансыз тетиктерге - компьютерге жан киргизип, түрдүү программаларды ("software") жазып, сизди компьютерди пайдаланганга: Интернет аркылуу жаңылыктарды окуганга, жакшы тасма же футбол көргөнгө, музыка укканга, иш кагаздарын толтурганга, оюндарды ойногонго ыңгайлуу шарт түзүп берет.

Программист жазган программа ("application software", "app", тиркеме) - бул компьютер аткарчу буйруктардын тизмеси. Мисалы, музыканы ойното баштоо же токтотуу.

Чөнтөк телефондор үчүн атайын кичирээк программалар - чөнтөк тиркемелер жазылат. Булардын жардамы менен чөнтөк телефондун экранынын көлөмүнө ылайыкталган видео жана сүрөт маалыматтары чакан форматта жүктөлөт же көргөзүлөт.

Компьютер маалыматтар менен иштеп, аларды башкарганга жардам берет. Маалыматтын көп түрү бар. Мисалы, мектепте окуучунун аты-жөнү, классы, сабактардын алган баасы ж.б; медицинада бейтаптын аты-жөнү, карточкаcы, канынын кайсы топко киргени, рентгендин сүрөттөрү ж.б; коммуникацияда кардарлардын номерлери, пайдаланылган Интернеттин көлөмү, ар бир сүйлөшүүгө же СМСке кеткен төлөмдөр ж.б; "Фейсбукта": достордун аты-жөнү, алардын сүрөттөрү, видеолору, "жакты" ("like") деген добуштары; географияда ар бир өлкөнүн аты-жөнү, картасы, климаты, аба ырайынын көрсөткүчтөрү ж.б.

Мындан сырткары сиз компьютерде музыка угуп жатып, (стоп) токтот деп бассаңыз, бул да компьютер үчүн буйрук-маалыматтын түрү, реакция катары музыка өчүрүлөт.

Айтор өзүңүз баамдагандай, биз өзүбүз, ар бир кыймылыбыз жана бизди курчап турган дүйнө жалаң маалыматтардын түрүнөн турат. Ошол жогорудагы керектүү маалыматтар ар бир тармак үчүн ылайыкталып, мисалы ишканада иш алып баруу үчүн же мектепте окуу процессин көзөмөлдөө үчүн пайдаланылат. Учурда маалыматтар компьютерлердин жардамы менен жазылып, сакталып, сорттолуп, эсептелип, таркатылып, оңдолуп же өчүрүлөт.

Компьютерлер учурда жашообуздун бардык тарабынан орун алган. Дээрлик бардык акыркы үлгүдөгү автомашиналар компьютер менен жабдылган. Мисалы, сиз машиненин терезесин механикалык түрдө бурап ачуунун ордуна кнопканы басып жеңил ача аласыз. Эгерде сиз кайсы бир чоочун өлкөгө машине айдап баратсаңыз, жандооч менен байланышкан навигациялык системалар сиз издеген шаардын, көчөнүн атын таап, жол картасын так көрсөтүп берет жана алар да компьютер аркылуу башкарылат.

Кир жуугуч, муздаткыч сыяктуу үй оокаттары, дайыма колдон түшпөгөн чөнтөк телефондор, эл, жүк ташуучу транспорттун бардык түрлөрү, иш кагаздары үчүн кеңселердеги жеке компьютерлер, колго жеңил көтөрүп алчу ноутбуктар, айпаддар, медицинадагы диагноз коюуга жана операцияга пайдаланылган бардык акыркы үлгүдөгү аппараттар - ушулардын баарында компьютерлердин ар кандай түрү орнотулган.

Ал эми эл кызыккан Интернет деген эмне?

Компьютерлер бири-бири менен дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун байланышып, маалыматтарды жөнөтө жана пайдалана алышы - бул Интернет желеси, түйүнү деп аталат. Интернет байланышы аркылуу, компьютер же чөнтөк телефон менен бардык тармактагы маалыматтарды, кабарларды таба аласыз. Бирок сиз издеген маалымат эң алгач Интернет желесинде, маалымат базасында бирөө эмгек кылып эң оболу электрондук түрдө сактаган болушу керек. Илим менен техниканын өнүгүшүнүн себептеринин бири - жогоруда айтылган маалыматтарды компьютерлердин жардамы аркылуу өтө тездик менен башкарып, буга чейинки жашоодогу көрүнүштөрдүн, байланыштардын тездегени да ушундан.

IT кайсы тармакты өзгөрттү?

Илгери Токтогул акын Сибирде сүргүндө жүргөндө Топчубай уулунун таттуу тилин чыкканын "көрбөй-укпай калдым, мен баргыча чоңойду" деп арман кылган экен. Эгер ошол кезде илим азыркыдай болгондо "WhatsAppтын" же "Skypeтын" видео сүйлөшүүсү аркылуу баласынын бал тилине, там-туң басканына алыстан болсо да күбө болуп көрөт беле деген ой келет. Өзү сүргүндө болсо кайдан, чөнтөк телефонго деле уруксат болбосо керек. Анда мүмкүн уулунун балалыгы жөнүндө сүрөтүн же видеосун аялы, туугандары, замандаштары жаздырып сактап коймок беле, мүмкүн колдон келмек деген күлүк ойлор келе берет,

Жашообуздун бардык катмарына IT кеңири кулач жайып кирип келди. Мисалы, байланыш тармагы, бери болгондо эле 10-15 жыл мурун телеграмма деген болоор эле. Бишкектин так борбoрундагы Кыргыз почтасында (Кыргыз телеком) "телеграмма жиберем, алыс, чет жерге телефон чалам" деген элдин арты үзүлчү эмес экен. Убакытты кетирип узун кезек күтүү катардагы көрүнүш болгон экен. Эми почта аркылуу кат жөнөтүү кыйла азайды, бир сүйлөм кабар жазган телеграмма күткөн киши жок болсо деле керек. Азыркы төрөлгөндөн эле Интернет менен чоңойгон муунга айтсан, буга азаптуу жомок катары ишенишпейт. Так эле ушундай көрүнүш үйгө телефон койдурууда байкалчу, бул да бир чоң азап эле. Азыр чөнтөк телефону чыкканы ар кимдин өзүнүн телефону бар. Yйдөбү, сырттабы, айтор каалаган учурда байланышка чыга аласыз. Чөнтөк телефону аудио/видео сүйлөшүп эле эмес, Интернет менен социалдык түйүндөр аркылуу текст, сүрөт, аудио, видео маалыматтарды элге чагылгандай тездик менен жөнөтүп калбадыбы.

Баса, эски терип жазчу машиналарды көргөнсүзбү? Ата-энелерибиз аны текстти кагазга терип басууга колдонулуп, көчүрмөлөш үчүн атайын кара кагаз пайдаланышчу. Ката кетсе кайра баштан жаңы баракка терип башташ керек эле. Азыр компьютерде каалаган документти каалаган форматта, мыкты сапаты менен таблица болобу, кат болобу түрдүү өң, дизайн (жасалга) менен кооздоп, көбөйтүп алуу катардагы көрүнүш.

Соода тармагынын өнүккөнүнө биp мисал: Бишкектен Москвага учакка билет алыш үчүн атайын авиакассаларга кезек күтүп сатып алынчy экен. Ал эми азыр интернет-байланышыңыз болсо, үйдөн чыкпай туруп эле банк карточкаңызды пайдаланып, чөнтөк телефонун колдонуп эч убарасы жок, 2-3 саат кезек күтпөй, "касса жабылып калды" дебей эле 24 саат бою, жуманын бардык жети күнүндө оңой эле сатып аласыз да.

Архитектурада деле алгачкы идеяны кагаздарга көп убакыт коротуп колго чийип, оор макетти жасардан мурун 3D ("D-dimension", чен, өлчөм) программалардын жардамы менен, каалаган долбооруңузду компьютерден жасай аласыз. Эгер чиймеңиз же макетиңиз жакпаса кайра оңдоп же өчүрүп отурбай, программанын жардамы аркылуу каалагандай оңдоп-түзөй аласыз. Бул кадамдар сиздин убактыңызды, оңдоп-түзөө иштерине кеткен каражатыңызды үнөмдөп, курулуш иштерин тездетет.

Медицинада адамдын денесинде өзгөрүүлөр компьютер аркылуу өтө тездик менен ченелип, анализдердин тезирээк чыгышына, алардын негизинде дарыгерлердин туура диагноз коюшуна, дарылоо жолдорун тактоого жардам берет. Өтө кылдаттык жана тактык менен жасалчу узак операциялар да компьютер менен жабдылган атайын шаймандардын жардамы аркылуу жасалат.

ITни пайдалануу адам баласынын убакытын үнөмдөп, бири-бири менен байланышкан глобалдуу дүйнөдө маалымат алмашуунун тез жана сапаттуу болушуна жардам берет. Демек келечек IT менен тыгыз байланышкан. IT адистердин маянасынын жогору болушунун негизги себептеринин бири:

- IT технологиянын бардык тармакта кеңири пайдаланылышы, тамыр жайышы;

- IT адистерге, өзгөчө программист-инженерлерге суроо-талаптын көбөйүшү;

- IT дүйнөсүнүн абстракттуу, татаалдыгы.

Дагы бир өзгөчөлүк, бир эле программист жалгыз өзү же команда менен жазган бир эле программа мисалы "WhatsApp" тиркемесин учурда дүйнөнүн 1,5 миллиард эли пайдаланат. Демек бир тиркеме (программа) жакшы жазылса, азыраак эмгек жана материалдык ресурстардын жардамы аркылуу аны башка чөнтөк телефондорго көчүрүп гана коюу менен тез эле жайылтылат жана пайдаланылат. Ал эми бизнеске пайдаланылган программалар алгач жазылат жана лицензиялары (пайдалануу укуктары) сатылат. Алардын улам жаңы, жакшыртылган версияларын сатуу чоң кирешенин булагы болуп эсептелет.

IT адиси дайыма билимин кеңейтип турушу керек, өтө тез өнүккөн жаңы технологияларды түшүнүп, замандан артта калбашы керек.

IT aдистигинин көп түрлөрү бар, арасынан программист-инженер кесибин тандасаңыз жаңылышпайсыз. Буга ылайыктуу жакшы окуу жайлардын тандап, же алдын ала программалоо тилин үйрөткөн курстарга да катышып көрүүнү сунуш кылмакмын. Интернет айдыңында да программа жазган курстарды таап окуу мүмкүнчүлүктөрү өтө көп.

IT адистигин үйрөнүү жашка карабайт. Эң башкысы - кызыгууңуз болуп, окуунун кызыктуу жактарына көңүл бөлүп, болгон күч-аракетиңизди жумшаңыз. Ооба, программа жазуу оңой эмес, бирок колдон келчү жумуш. Бардык эле кесиптер сыяктуу чыдамкайлык, тактык, бекем эрк жана тартип керек.

Айзада Акбекова, Германиянын SAP SE IT концернинин экономист-программисти. Карлсруэ (Германия) жана Уотерфорд (Ирландия) университеттеринин информатика жана экономика факультеттеринин бүтүрүүчүсү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG