Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:18

Кыз-келиндерге IT адиси болуу ыңгайлуу


Айдана Өмүрбаева
Айдана Өмүрбаева

Эгер "кайсы кесиптин ээси болсом" деп башыңыз катып жатса, анда мен сизге ойлонбой туруп CODE үйрөнүп, IT адиси болууну сунуш кылам.

Себеби азыр дүйнө жүзүндө IT адистерге болгон муктаждык күндөн күнгө күчөп жатат жана айлыгы да жакшы. АКШнын акыркы маалыматына караганда, университеттерди бүтүргөн IT адистеринин санынан IT тармагындагы жумуштун тиешелүү өлчөмү үч эсе көптүк кылат.

2020-жылга чукул АКШ бир миллион IT адисине (Software Engineer) муктаж болот жана башка өлкөлөрдөн IT адистерин чакырууну уланта берет.

Мен Чикаго шаарындагы алгачкы кыргыз IT айымдарынын (IT Woman) бири катары быйылкы мектеп бүтүрүүчүлөрүн, билими/диплому/жумушу бар, бирок айлыгы аз жана чет элде оор жумуштарда эмгектенип жаткан журтташтарды же жөн гана окууну эңсеген мекендештерди, өзгөчө кыз-келиндерди CODE үйрөнүп, заманбап кесиптин ээси болууга чакырам.

Урматтуу айымдар!

"Бул жумуш мен үчүн эмес", "бул балдардын жумушу", "менин компьютерге шыгым жок" же "мен ITге окусам эл эмне дейт" деген стереотиптердин туткуну болбой, IT дүйнөсүнө тезирээк кошулуңуз. IT жумушу жашыңызга, жынысыңызга же өңүңүзгө карабайт.

Айдана Өмүрбаева.
Айдана Өмүрбаева.

​Кыргызстанда таланттуу, эмгекчил жана шыктуу кыздар көп экенин билем. Ошондуктан жөндөмүңүздү заманбап технологиянын жардамы менен дүйнөгө көрсөтүңүз. Эгер сиз "Instagram", "Facebook", "What’s app" ж.б. колдоно алсаңыз, анда сиз CODE жазганды да үйрөнө аласыз деп толук ишенем. Балким сиз бат эле CODE үйрөнүп, кыргыз "Instagram", "Facebook" же дагы бир жашоону оңой жолго салган колдонмо ойлоп чыгарсыз.

Мисалы, Калифорния штатынын Силикон өрөөнү аттуу IT мекенинде болуп турчу форумдарда чет өлкөлөрдөн келген таланттуу айымдар өз идеялары менен ойго келбеген, түшкө кирбеген долбоорлорду иштеп чыгып, атактуу компаниялардын кызыгуусун арттырып, анын натыйжасында ишкерликтин жаңы багыттары башталып келет. Ошолордун арасында Кыргызстандан да кыз-келиндер болсо деп тилек кылам.

Мен биринчи жогорку билимимди Кыргыз улуттук университетинин Экономика жана финансы институтунан алгам. Ал жерде окуп жүргөндө компьютерди окуу оюма да келбептир жана өзүмдү компьютерге шыгым жок деп жүрчүмүн.

Айдана Өмүрбаева.
Айдана Өмүрбаева.

АКШга келгенде мени жолдошум Бакыт Абдишов өзү иштеген компанияда "IT айымдары" ("Women in Tech") деген уюмдун “Айымдарга CODE үйрөтүү” программасынын форумдарына чакырып турчу. Aнан мен "Women in Tech" уюмуна мүчө болуп жазылып, IT чөйрөсүндөгү ийгиликтүү айымдар менен таанышып, алардан таасир алып, кызыгуум артып, акыры бир жылдан ашуун билим алып, IT чөйрөсүнө аралашып кеттим.

IT бат ылдамдык менен өнүгүп жатканына байланыштуу, мен IT-конференцияларга катышып, жаңы программаларды үйрөнүп, билимимди жаңылап турам. Азыркы кезде "Relativity e-Discovery Software" (relativity.com) компаниясында "DevOps Engineer" болуп иштейм жана DevOps бөлүмүндө айымдардан жалгыз эле менмин. Бош убактымда "Women in Tech" форумдарына ыктыярчы катары барып кыз-келиндер менен жолугуп, аларды CODE үйрөнүүгө үндөп келем жана насаатчылык кылам.

Эгер сиз IT адиси (Software Engineer/Developer, Security Engineer, Systems Engineer, DevOps, Cyber Security, Network Engineer, Software Designer, Database Engineer ж.б.) болсоңуз жана англис тилин билсеңиз, анда дүйнөгө белгилүү компанияларга үйүңүздөн отуруп эле документ тапшырып, интервью кылып, жада калса үйүңүздөн иштесеңиз болот. Кыз-келиндерге жана балалуу үй-бүлөлөргө абдан ыңгайлуу шарттар түзүлгөн жана көп жеңилдиктер каралган. Ар бир кеңседе "Апалар бөлмөсү" бар.

Мисалы, менин кош бойлуу кезимде менеджерим "түштө "Апалар бөлмөсүндө" уктасаң болот, кыйналсаң үйүңдөн иште" деп көп жеңилдиктерди берген. Кийин кызымды төрөгөндө компания мага толук төлөнгөн үч ай декреттик эс алууга чыгарды, андан сырткары менеджерим эки ай үйдөн иштегенге уруксат берди. Кызыктуусу, жолдошум иштеген "Expedia inc" компаниясы ата болгон эркектерге да үч айлык декреттик эс алуу убактысын берет экен. Мен жумушка чыкканда жолдошум үч ай алып, андан кийин үйдөн иштеп, кызыбыз бир жашка чыкканча өзүбүз карадык. Азыр кызыбыз жумасына эки-үч күн бала бакчага барат, калган күндөрү өзүбүз үйдөн иштеп, карап жатабыз.

CODE деген эмне?

CODE менен сиз веб-сайт, программалык камсыздоо жана мобилдик/компьютердик тиркеме жасай аласыз. Азыр сиз окуп жаткан вебсайт, браузер жана телефонунузда колдонгон операциялык система, "apps", "Google", "Instagram" - ошонун баары CODE менен жасалган.

CODE ("Java", "Python") үйрөнүүнүн жолдору

CODE үйрөнүүдө биринчи кадам катары typing.comдон акысыз компьютерде туура жана бат жазганды үйрөнүңүз.

Өзүңүздүн үйрөнүү жөндөмүңүзгө карап, сизге жаккан ыкманы тандап окусаңыз болот, эң башкысы - ийгиликке жетишүү. Көп IT компаниялар сертификатыңызга жана интервьюңуздун жыйынтыгына карай жумушка алышат.

9-11-классты бүткөндөргө: университетке же коллежге компьютердик илимдер факультетине тапшырыңыз.

Убактысы аз, жогорку билими бар жана мектепти көп жыл мурда бүтүргөндөр 3, 6, 12 ай курска барып CODE үйрөнүп, сертификат алып жумушка кирсеңер болот. Сиз жашаган жерде IT курстары жок болсо codecademy.com сыяктуу онлайн-курстарга да жазылып үйрөнсөңүз болот, бирок класска барып окуганыңыз жемиштүүрөөк. Андан сырткары, Интернеттен акысыз курстарды таап окуй аласыз.

Бул жерден glassdoor.com ITнин сиз тандаган багыты боюнча азыр канча жумуш бар экенин көрсөңүз болот. Жумуш издөө жана IT резюме жазуу боюнча кененирээк маалымат башка макаламда камтылат.

Суроолоруңуз болсо Instagram дан kg_usa га жазыңыз, көп берилген суроолорго пост жазганга аракет кылам.

Айдана Өмүрбаева, АКШ

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG