Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:21

Коронавирустан коркпогон Лукашенко


Беларустун президенти Александр Лукашенко. 7-февраль, 2020-жыл.
Беларустун президенти Александр Лукашенко. 7-февраль, 2020-жыл.

Беларустун президенти Александр Лукашенко өлкөдө коронавирустан каза тапкан бир да адам жок экенин билдирди.

Ал ошондой эле «мындан ары да бул оорудан эч ким өлбөйт» деп ишендирүүгө аракет кылды. Беларуста COVID-19 илдетине 3300 киши кабылып, 33 киши көз жумду.

Беларустун президенти Александр Лукашенко пандемияга байланыштуу карантин киргизүү чараларын четке кагып, анын мамлекетинде эч ким коронавирустан өлбөй турганын билдирди.

«Биздин өлкөдө эч ким коронавирустан өлбөйт. Мен муну эл алдында ачык айтып жатам», - деди беларус лидери.

Анткен менен Беларустун Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 14-апрелге карата өлкөдө 3300дөй киши коронавирусту жугузуп алды. Алардын 33ү көз жумду. Бирок Лукашенко алардын өлүмүнө өнөкөт оорулары себеп болгон деген пикирде.

Беларус президенти Александр Лукашенко өкмөт мүчөлөрү жана президенттик апараттын өкүлдөрү менен. 13-апрель, 2020-жыл.
Беларус президенти Александр Лукашенко өкмөт мүчөлөрү жана президенттик апараттын өкүлдөрү менен. 13-апрель, 2020-жыл.

«Биздин мамлекетте бир да киши коронавирустан өлгөн жок», - деген президенттин бул сөздөрүнөн эки күн мурда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун атайын миссиясы Беларусту коронавирустун жайылышын ооздукташ үчүн чара көрүүгө чакырган. Уюмдун өкүлү Патрик О'Коннор өлкөнүн расмий бийлигине кайрылып, коронавирус инфекциясы күч алып кетиши ыктымал экенин эскертти.

Ошондой эле эл аралык эксперттер Минскини кооптуу абалдын алын алып, өлкөдө ооруканаларды талаптагыдай деңгээлде даярдоого үндөштү. Алар 9-майга белгиленген Жеңиш парадын жана башка иш-чараларды да токтотуу зарыл экенин айтышты.

Буга чейин беларус лидери дүйнөдө коронавируска байланыштуу болуп жаткан тынчсызданууну «жапырт психоз» деп атаган.

Беларустагы футбол таймаштарына барган күйөрмандар. 28-март, 2020-жыл.
Беларустагы футбол таймаштарына барган күйөрмандар. 28-март, 2020-жыл.

Пандемияга каршы күрөшүчүн бардык катаал чараларды киргизген Европадагы башка мамлекеттерден айырмаланып, Беларус өз чек араларын жапкан жок. Ал түгүл футбол боюнча улуттук лиганы да улантууга уруксат берди. Ушул тапта таймаштар өлкөнүн ар кайсы шаарларында жүздөгөн көрүүчүлөрдүн катышуусунда өтүп жатат.

Лукашенконун көңүл жооткоткон билдирүүлөрүнө карабай, Саламаттык сактоо министрлиги элди социалдык байланыштарды азайтууга жана обочолонууга чакырып жатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG