Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:39

Өзбекстанда бир киши 52 адамга илдет жугузган


Өзбекстан, Кашкадарыя.
Өзбекстан, Кашкадарыя.

Өзбекстанда адистер коронавирус илдетине кабылган кишилердин өз ара байланышын иликтеп чыгышты. Алар илдетке кабылган бир эле адам вирусту ондогон кишиге таратып жатканын аныкташкан.

Саламаттык сактоо министри Алишер Шадманов бир адам 52 адамга оору жугузган бир нече мисалдарды ачык айтты.

Министр Шадмановдун айтымында, Өзбекстанга 15-мартта чет өлкөдөн келген бир жаран 15 адамга илдетти тараткан. А Анжиянда 27-мартта дарты аныкталган адам илдетти өз ата-энесине жугузган. Анын атасы өзү менен бирге иштеген 36 кесиптешине тараткан. Анын бир эле кесиптеши өзүнүн төрт жакын тууганына илдет жугузууга үлгүргөн. Ал адам менен байланышта болгон дагы үч киши ооруп калган. Ошентип бир эле адам жалпысынан илдетти 46 адамга таратканга жетишкен.

«Тилекке каршы, биздин бейтап өзүндө оорунун алгачкы белгилери байкалганда да дарыгерге кайрылган эмес», - деди ал.

Министр айткан дагы бир мисалдын каарманы колуктусу менен Түркияга барып келген. Алар илдетти өз үй-бүлөсүндөгү 8 адамга жугузушкан. Шадманов айтымында азыр алардын баары дарыланып жатканын айтты.

«Ташкенттеги бейтапта илдеттин белгилери 26-мартта билине баштаган. Ошого карабай ал үйүндө жата берген. 30-мартта гана дарыгерге кайрылган. Азыр анын абалы өтө оор. Ал азыр жасалма дем алдыруучу аппараттын күчү менен гана тирүү жатат», - деди ал.

Министр өзүндөгү илдетти 52 адамга жугузган бейтап тууралуу да маалымат берди:

«COVID-19 га кабылган дагы бир Ташкенттин жашоочусу тынбай жөтөлүп, бем алуусу кыйындап, ысытма чыгып атканына карабай төрт мекемеге кирген. Биз ал баш баккан мекемелердин баарын жапканга аргасыз болдук. Ал өзүндөгү илдетти 52 адамга жугузган».

Дагы бир бейтап үч мекемеде иштечү экен. Анын айынан үч мекемеде иштеген 100дөн ашык кишини карантинге алууга туура келген. Министр «ал бейтап өз оорусун билип туруп, өзүн өзү чектеген эмес» деп аны чыккынчылыкка айыптады.

Өзбекстанга чет өлкөдөн келген дагы бир жаран өз үй-бүлөсүндөгү 7 адамга илдет жугузганы аныкталган. Буга байланыштуу бийлик бейтап менен байланышта болгон 123 адамды карантинге алууга аргасыз болгон. Министрдин айтымында, Өзбекстанда илдет жукканы аныкталган төрт адам коронавируска кабылганын билип туруп, оорусун жашырып жүргөн.

«Өлкөгө чектөө чаралары киргизилип жатат. Эми биз үйдө отурушубуз керек. Машинеде, жөө же башка унаа менен бир жакка чыгам деп ниеттенип тургандарга кайрылам. Үйдөн чыкпоого, чыдамдуу болууга чакырам. Бири-бириңиздер менен, бала-чакаңыздар менен да кучакташып, кол берип учурашпаңыздар. Аралыкты сактаңыздар», - деди министр.

Ал арада жергиликтүү басылмалар «Анжиян облусунун акими Шухрат Абдурахмонов облуста коронавируска чалдыккан 90 бейтаптын 78и медицина кызматкерлери экенин айтты» деп жазышты. Өзбекстанда 13-апрелге карата 896 адамга илдет жукканы аныкталган. Анын ичинен 66 адам айып чыкса, 4 адам каза болгон.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG