Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:51

Батыш журналы Мирзиёевди мактады


Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (30-март-5-апрель).

“The Diplomat” журналы Борбор Азияда коронавирус менен күрөшүүдө коңшу өлкөлөргө гуманитардык жардам таратып, өз ара дипломатиялык байланыштарды жөнгө салуу жагынан Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев мыкты өрнөк көргөзүп жатканын жазды.

“1-апрелде Өзбекстан Ооганстанга коронавирустун алдын алуу үчүн гуманитардык жардам жиберип жатканы маалым болду. Медициналык беткап, атайын кийим, дене табын өлчөгүчтөрдөн тартып, ун, өсүмдүк майы, күрүч, самын жана кийим-кече жүктөлгөн поезд Ташкенттен Ангрен шаарына жиберилип, андан ары Мазари Шарифке жеткирилет.

Дүйнөнү каптаган пандемия маалында эл аралык саясий байланыш дээрлик токтоп, эки тараптуу жолугушуулар, форумдар артка жылдырылды. Дипломатиянын иши жүрбөй, ар бир өлкө пандемия менен өз алдынча күрөшүүдө. Анткен менен дипломатия булак сыяктуу баары бир дың жерди тээп чыгат. Бээжин азыр оорудан кыйналган Батыш дүйнөсүнө кол сунууда. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев коңшу өлкөлөр менен бул кыйын кезеңде байланышты үзбөй, Борбор Азиядагы чыныгы стратегиялык лидерлигин көрсөттү”, - дейт автор Кэтрин Пуз.

Автор “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун баяндамачысы Брюс Паниердин чөлкөмдөгү лидерлердин вирус чыккандан берки реакцияларын да макалага кошкон. Мирзиёев коңшулар менен телефон аркылуу улам байланышка чыгып, атүгүл коронавирусту таптакыр танган Түркмөнстан менен Тажикстандын да абалын сураган. Кыргызстанга да Ооганстанга жибергендей эле гуманитардык жардам жөнөттү.

Ошол эле маалда Казакстандын, Кыргызстандын лидерлери тышкы мамиледе телефон аркылуу байланыш менен гана чектелүүдө. Жекшембиге карата Өзбекстандын өзүндө ооруну жуктурган адамдардын саны 300гө чамалап калды.

COVID-19 Азиянын мечит, чиркөөлөрүн жапты

Жапонияда чыккан “Asian Nikkei Review” журналы коронавирустун айынан Азиянын бардык өлкөлөрүндө мечит, чиркөө сыяктуу сыйынуучу жайлар жапырт жабылганын баяндайт. Индонезиянын борбору Жакартадагы “Истиклал” мечити жабылып, миңдеген мусулмандар жамаатташып намаз окуй албай калышты.

Бейруттагы мечит
Бейруттагы мечит

Азиядагы миллиондогон буддист, христиан, индуисттердин кылымдар бою уланган рухий жашоо салты чукул өзгөрүүгө дуушар болду.

Азиядагы бир топ өлкөлөрдүн өнүгүүсү начар болгондуктан, болжол менен 650 миллиондой адам сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүлөргө жетпей, социалдык обочолонуу тартибин да аткара алышпайт.

Диний каада-салт менен карантиндин эрежелери карама-каршы келүүдө. Илимий кеңештерди диний негизде четке каккандар да бар. Малайзияда 18-марттан тартып мечиттер жабылып, жамаатташып намаз окууга тыюу салынды. Индустардын сыйынуучу храмдары да жабылды.

Индонезиядагы Богор айыл чарба университетинин профессору Берри Юлианди оору күчөгөн маалда диний жөрөлгөлөрдү токтотуу туура экенин белгилеп, диндеги тазалыкка үгүттөгөн жагдайларды максаттуу аткарууну сунуш кылды. Анын бул айткандарын “Истиклал” мечитинин имамы Насаруддин Умар кубаттады.

Филиппиндердин элинин 80 пйызы католиктер. Президент Родриго Дутертенин буйругу менен 57 миллион филиппиндик карантинге алынып, чиркөөлөр жапырт жабылды. Кечилдер өз насаат кызматтарын "Фейсбуктан" түз эфир аркылуу көрсөтүп жатат.

Пандемия медициналык экспортту токтотту

“The Guardian” гезити COVID-19 пандемиясы күчөгөн сайын медициналык коргонуу каражаттарынын баасы асмандап, эл аралык соода-сатыктын эрежесин өзгөрткөнүн жазды.

Мисалы, Кытайдан Францияга жибериле турган беткаптар жүктөлгөн учак жолго чыгаарына аз калганда америкалык белгисиз тарап үч эсе көп акчага аны сатып алып койду деген кабар тарады.

Вирустан каза тапкандар улам көбөйүп жаткан Франциянын бийлиги бул окуяга нааразылыгын билдирди. Гезит бул тууралуу АКШ бийлигинен комментарий сураганда Вашингтон андай маалыматты төгүндөдү. Бразилиянын саламаттык сактоо министри Луис Энрике Мандетта Кытайдан беткап, колкап сатып алыш үчүн АКШдан 23 чоң жүк ташуучу учак жиберилип, мындай товарга болгон башкалардын буюртмасы ишке ашпай, калкына беткаптарды колго тигип сактанууну суранганын билдирди.

Пандемия күчөгөн сайын шаштысы кеткен дүйнө өлкөлөрүнүн бийлиги медициналык каражаттарды ал тургай кылмыштуу жол менен болсо да сатып алууга аракеттенүүдө. Медициналык экспорттун жолу бекем тосулууда. Мисалы, Франция, Германия жана Орусия өз өлкөсүнөн медициналык товарларды, дары-дармекти чыгарууга толугу менен тыюу салды. Түркия акчасын төлөп койгон Италияга мурда макулдашылган беткаптарды жиберүүдөн баш тартты.

АКШ коронавирус менен күрөшүүдө безгекке каршы вакцина таасирдүү деп илимий негизде тастыктабай эле айтып койгону үчүн Индиядан дүйнөгө экспорттолгон бул вакцинаны Нью Дели сыртка чыгарбай койду. Казакстан унду экспорттоону токтотуп, Въетнам күрүчтү сыртка сатпай калды.

Франция эң ири базарды моргго айлантууда

Коронавирустан өлгөндөр көбөйгөн сайын Франция өлкөдөгү эң ири айыл чарба базарынын бир бөлүгүн убактылуу моргго айлантып жатканын “Newsweek” журналы кабарлады.

Вирус кулачын жайгандан бери бул өлкөдө каза болгондор 5-апрелге карата 5387 адам болду. Бул вирусту жуктургандардын басымдуу бөлүгү Парижде катталды.

Париждин чет жакасындагы “Rungis” деп аталган чоң базардын бир бөлүгү шашылыш кайра курулуп, COVID-19 вирусунан өлгөндөрдүн сөөгүн көмгөнгө чейин сактай турган моргго айланууда.

Париж полициясынын жетекчиси Дидиер Лаллементтин айтымында, моргдо каза болгондордун сөөгү тийиштүү деңгээлде сактала турган шарттар, жакындарын жоготкон адамдар үчүн эки бөлмө болот. Бир эле учурда 20дай киши ал жайга кирип, маркум менен коштошо алышат.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG