Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-июнь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 21:12

Назарбаев өкмөткө жардам берүүгө чакырды


Нурсултан Назарбаев.

Казакстандын мурдагы президенти жарандарды четте карап турбоого, өкмөткө көмөктөшүүнү суранды.

Эл басы Нурсултан Назарбаев элден акча сурап, каражаттарды өкмөт түзгөн атайын фондго которууну сунуштады. Казак лидеринин элге кайра-кайра кайрылышы эмнеден кабар берет?

Өлкөнү 30 жылдай башкарган Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин мындан бир ай мурда да "каражатыңар болсо өкмөт ачкан атайын фондго которгула" деген кайрылуу каты жарыяланган.

Борбор Азия таануучу, журналист Брюс Паниер Назарбаевдин кайра-кайра кайрылуу жасап, элден каражат сурап жатканы өлкө олуттуу сыноонун алдында турганынан кабар берет деди:

"Бул чакырык - казак бийлиги жакындап келаткан кош соккудан коркуп жатканын көрсөтөт. Биринчиси - мунайдын дүйнөлүк баасынын түшүп кетиши болсо, экинчиси - өлкөгө 13-мартта кирип келген коронавирус коркунучу".

Назарбаев кайрымдуулуктан түшкөн акча дарыгерлерди, ыктыярчыларды, аскер жана полиция кызматкерлерин колдоого жумшалышы керек деп эсептейт. 28-мартка карата алынган маалымат боюнча Казакстанда илдетке чалдыккан 204 учур катталган.

1999-жылдын 10-январында президенттик шайлоо өткөн. Ага негизги талапкер катышкан эмес. Шайлоодон кийин февраль айында ошол кездеги премьер-министр Нурлан Балгимбаев соода балансында 1.7 миллиард доллар тартыш болуп жатканын билдирген.

Мына ошол тартыштыктын шылтоосу менен өкмөттүк чиновниктер кызматтан алынган. 1999-жылдын июнь айында «Алтынды валюта фондунда сакта» деген чакырык башталган. Элди алтын сөйкө-шакектерин мамлекетке өткөрүп берүүгө чакырышкан. Алтынды сатып, түшкөн каражатты экономикалык каатчылыктан кутулууга жумшайбыз деп ишендиришкен.

Бул идея Түштүк Кореядан алынган десек болчудай. 1997-жылы өлкөнүн бийлиги сырткы карызды төлөө үчүн элден алтын сураган. Казакстанда болсо алтын топтоо акциясынын жиги билинбей кеткен. Кимден канча алтын түшкөнү, мамлекет жалпы канча алтын топтогону ушул күнгө чейин коомчулукка табышмак.

Назарбаев 1999-жылы 1-июлда Австрияда өткөн Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форум учурунда Улуттук фонд тууралуу мындай деген эле.

"Элден алтын-күмүш чогултуу тууралуу…. Албетте, эгер биздин катардагы жөнөкөй жарандарыбыз, ушул экономикалык оор кырдаалда аз камсыз болгон жана улгайган адамдарды колдоону, коомдук фондго өз салымын кошууну чындап кааласа, өкмөт ага каршы болбойт".

2000-жылы Казакстанда абал оңоло баштаган. Себеби, мунайдын баасы өсүп, 27 долларга чыккан. 2005-жылы мунайдын бир баррелинин баасы 50 долларга көтөрүлгөн. Ошентип Казакстандын экономикасы тирденген. Бирок 2002-жылы кызык окуя болгон. Ошол кездеги премьер-министр Имангали Тасмагамбетов парламентке келип, Швейцария банкында Казакстандын «жашыруун фонду» бар экенин айткан.

"1996-жылы өкмөт Теңгиз кениндеги үлүшүн "Mobil" компаниясына 1 миллиард долларга саткан, Назарбаев акчаны Швецария банкына катып койгон. Бирок акча 1997-1998-жылдардагы кризис учурунда алынган карыздарды төлөө үчүн коротулган".

Бул билдирүүгө оппозициялык маанайдагы депутаттардын "Назарбаев жана анын жакындары Швейцариядагы банктарга акча катып жатат" деген дооматы себеп болгон.

Назарбаев азыр колунда бар адамдарды кайрымдуулук кылууга чакырып жатат. Бирок Казакстанда Назарбаевдин үй-бүлөсүнөн өткөн бай жок экени эл арасында айтылып келет. Маселен "Форбс" журналы Назарбаевдин ортончу кызы Динара менен күйөө баласы Тимурдун байлыгын 7 миллиард долларга баалаган. Андыктан казак коомчулугу кайрымдуулук ишин Назарбаев жана анын жакындары биринчи башташы керек деп эсептешет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (2)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG