Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:39

Назарбаевдердин доору элдин назарында


Нурсултан Назарбаев.
Нурсултан Назарбаев.

Акыркы күндөрү Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев менен анын жакындары дүйнөлүк жана чөлкөмдөгү басылмаларда башкы жаңылыктардын каарманы болуп калды.

Бул жумада Казакстанда Нурсултан Назарбаевдин өкмөттүк кадрларды дайындоодо ыйгарым укуктарынын кеңейтилиши - ал жогорку кызматтан кеткен менен бийликтин чылбырын колдон чыгарбаганын көрсөтүп койду. Мындан ары коңшу өлкөдө өкмөт мүчөлөрү, Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук комитетинин, Улуттук банктын, Республикалык гвардиянын, Тышкы чалгын кызматынын, Күзөт кызматынын башчылары Коопсуздук кеңешинин төрагасынын макулдугу менен гана дайындалат.

Ошондой эле облус акимдерин, республикалык деңгээлдеги шаар жана баш калаанын мэрлерин дайындоодо да Назарбаев менен кеңешүү зарыл.

Касым-Жомарт Токаев менен Нурсултан Назарбаев.
Касым-Жомарт Токаев менен Нурсултан Назарбаев.

Былтыр Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык Назарбаев Коопсуздук кеңешин көзү өткүчө жетектейт. Тиешелүү буйрукка учурдагы президент Касым-Жомарт Токаев 22- октябрда кол койгон. Парламент депутаттары бир ооздон бул буйрукту кубаттап чыгышса, оппозициялык маанайдагы байкоочулар бул көрүнүш өлкөдө кош бийлик өкүм сүрүп жатканын айгинелеп турарын айтып чыгышты.

Өлкөнү 30 жылдан ашык башкарган Нурсултан Назарбаев президенттиктен быйыл март айында өз каалоосу менен кеткен. Бирок Коопсуздук кеңешинин башчылыгын жана бийликтеги «Нур Отан» партиясынын лидерлигин сактап калган.

Быйыл 79 жашка чыккан «Элбашынын» жыйган дүнүйөсүн элестетүү да кыйла оор.

Британиялык «Metro» басылмасы жакында эле Лондондогу «миллиардерлер көчөсү» деп эсептелген Хэмпстед районундагы Назарбаевдин хансарайы тууралуу жазып чыкты. Басылма 2008-жылы 50 миллион фунтка (65 миллион долларга) сатылып алынган кыймылсыз мүлктү Британиядагы эң кымбат үйлөрдүн катарына киргизет. Анткен менен социалдык тармактарда таркаган сүрөттөрдө үй ээнсиреп, кароосуз калып, акырындык менен сынынан кетип талкаланып баратканын көрүүгө болот.

Динара Кулибаева.
Динара Кулибаева.

21-августта эле швейцариялык «Bilan» журналы Назарбаевдин ортоңку кызы Динара 63 миллион долларга Женевадан анча алыс эмес орун алган Бельрив хансарайын сатып алганын жазган.

Буга чейин Динара 2009-жылы 75 миллион долларга көп кабаттуу үй сатып алганы маалым болгон. Динаранын күйөөсү Тимур Кулибаев Казакстандагы эң бай ишкерлердин бири. Америкалык «Forbes» журналы анын байлыгын 6,8 миллиард долларга баалайт.

Назарбаев менен кызы Динара кымбат баалуу үйлөрү менен таң калтырса, 29 жаштагы небереси Айсултан Назарбаев Британияда тентектик кылып, сот жообуна тартылды.

18-октябрда сот Лондондогу мейманкалардын биринде коомдук тартипти бузганы үчүн Айсултан Назарбаевди 1,5 жылга шартуу кесип, 1300 доллар өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирди.

Айсултан Назарбаев.
Айсултан Назарбаев.

Айсултандын баңгизаттарга көз каранды болуп калганы көп жылдан бери айтылып жүрөт. Быйыл 3-июнда ал Лондондо бир мейманкананын 8-кабатына чыгып алып, балкондон секирүүгө аракет кылган. Эки күндөн кийин ал башка бир батирге терезеден кирүүгө аракет кылып жатканда камакка алынган. Ага чейин кошуна үйгө мыйзамсыз кирип, кийимдерин ал жердеги кир жуугучка салып жууганы аныкталган. Мындан тышкары Назарбаевдин небереси полиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, бир офицердин колун тиштеп алган. Адвокаттары мунун баарын баңгизаттарга көз карандылыгы менен түшүндүрүшкөн.

Эми Айсултан Назарбаев батир ээсине 6500 доллар өлчөмүндө моралдык кенемте төлөп бериши керек. Ошондой эле 140 саат бою коомдук жумуштарда иштеп, баңгизаттан дарыланышы шарт.

Айсултан - Назарбаевдин улуу кызы Дарига менен маркум Рахат Алиевдин баласы. Алиев Казакстанда «кайнатасын тактан алыш үчүн мамлекеттик төңкөрүш даярдаган» деп айыпталган. 2015-жылы февралда Австриядагы абакта анын асылып турган өлүгү табылган. Расмий маалымат боюнча ал өз өмүрүнө кол салып жандан кечкен.

Бул жолу Нурсултан Назарбаевдин иниси Болат Назарбаев да коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурду. 17-октябрда Шымкент жакта ал уулун сүнөткө отургузуп, чоң той берген. Социалдык тармактарда таркаган видеодо 66 жаштагы Болат өзү тойго тик учак менен келгенин, аны мамлекеттик күч кызматкерлери тосуп алып, курчап жүргөнүн көрүүгө болот.

Дарига Назарбаева менен Рахат Алиев.
Дарига Назарбаева менен Рахат Алиев.

Жеке тойдо жүздөгөн коноктордун коопсуздугун өкмөттүк полиция камсыз кылып, тойдо кызмат кылышкан. Дагы бир видеодо Болат чөнтөгүнөн бир тутам доллар алып чыгып, акчаны тегеректеги адамдарга чачып жатканы тартылып калган. Мурунку президенттин инисинин байлык булагы каяктан экени белгисиз, бирок сүннөт тоюнда эки тик учак колдонулуп, коопсуздукту полиция камсыз кылып турганы коомчулукта нааразылык жаратпай койгон жок.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG