Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Ачыкка чыкпаган Айсултан Назарбаев


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев биринчи айым Сара жана небереси Айсултан менен.
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев биринчи айым Сара жана небереси Айсултан менен.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин жээн небереси Айсултандын тегерегинде ар кандай кеп-сөздөр айтылып келет.

Ал бир жарым жылдан бери эл алдына чыга элек. Социалдык тармактарда Айсултан Назарбаев деген колдонуучунун барагында маал-маалы менен ар кандай табышмактуу билдирүүлөр жазылып турат.

Дарига Назарбаева менен маркум Рахат Алиевдин экинчи баласы жарык дүйнөгө келгенде Нурсултан Назарбаев Казакстандын бийлик башына барганына бир нече гана ай болгон. Ымыркай таятасынын фамилиясын алган жана ага президенттин атына уйкаш Айсултан деген ат коюлган.

Айсултан бир жарым жылдан бери коомчулукка чыга элек. Ал коомдук иш-чараларда, ал тургай өзү кызыккан спорттук таймаштарда да көрүнбөй калды.

Былтыр жалгыз карындашы Венера турмушка чыкканда да тоюнда Айсултан байкалган эмес. Муну Интернетке таркап кеткен тойдогу сүрөттөр да айгинелейт. Ал сүрөттөрдө парламент депутаты Дарига Назарбаеваны, анын тун уулу Нуралини, Айсултандын аялы Алима Боранбаеваны жана ата-энесин көрүүгө болот. Айсултан өзү сүрөттөрдүн биринде да көрүнбөйт.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев үй-бүлөсү менен. 1992-жыл.
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев үй-бүлөсү менен. 1992-жыл.

Эки жыл мурда «Фейсбук» социалдык тармагында Aisultan Nazarbayev деген колдонуучу баңги болуп кеткенин, андан дарыланып жатканын жана бул жаман адатка каршы күрөштү президент таятасынын колдоосу менен улантып жатканын жазган. Билдирүүдө ал ошондой эле баңгизатка атасы Рахат Алиев (Австриядагы түрмөдө асынган денеси табылып, өзүн өзү өлтүрдү деп жарыяланган) менен чоң атасы, белгилүү илимпоз Мухтар Алиевдин өлүмүнөн кийин берилип кеткенин билдирген. Кийин бул пост өчүрүлгөн.

Маркум Рахат Алиевдин өнөктөштөрүнүн бири, Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы, учурда Венада жашаган Альнур Мусаев былтыр ушул эле соцтармактагы баракчасына Айсултан коңшу мамлекеттеги таасирдүү адамдарга каршы чыкканы үчүн аны жеке менчик түрмөгө камап коюшканын жазган.

Мусаев билдиргендей, Орусияда «Здоровая страна» деген коммерциялык эмес уюм бар, ага караштуу «Вершина-Орел» деген мекеме акчасына адамдарды эркинен ажыратып, камап коет.

«Азаттыктын» казак редакциясы Орусияда ичкиликке жана баңгизатка берилгендерди дарылаган «Вершина-Орел» аттуу клиникалар тармагы бар экенин аныктады. Ошондой эле журналисттер клиникалардын бири менен байланышканда ал жактагы кызматкерлер былтыр Айсултан аларда дарыланып кеткенин телефон аркылуу ырасташкан.

Былтыр 14-декабрда ошол эле «Фейсбуктагы» Aisultan Nazarbayev деген колдонуучунун баракчасында президенттин небересинин күлүмсүрөп турган сүрөтү жарыяланды. Сүрөт качан жана кайда тартылганы белгисиз. Сүрөт менен кошо табышмактуу билдирүү жазылган. Анда автор Башкы прокуратурага, Орусиянын коопсуздук органдарына ыраазычылык билдирип: «Мен кайрадан эркиндиктемин. Бул сөздүн түз маанисинде» деп жазган.

Кийинки пост бул аккаунтта 23-январда гана жазылган. Анда автор өзүнүн тек-жайын бышыктоочу документтерди бүтүрүүдө туш болгон кыйынчылыктарды сүрөттөгөн.

«Орусиядагы жеке абакта отуруп чыккандан кийин мен мекениме документтерим жок кайттым - баарын уурдап кетишкен, жоготушкан. Мени жакын адамдарымдын арасында, мен ишенген «мага жакшылык каалагандар» отургузушкан» деп жазган ал.

«Азаттыктын» казак кызматы бул боюнча Орусиянын жана Казакстандын Ички иштер министрликтерине жөнөткөн каттарына оң жооп келген эмес. Ал эми президенттин үй-бүлөсү «Фейсбуктагы» Aisultan Nazarbayev деген колдонуучунун жазгандары боюнча суроолорго жооп бергиси келбейт.

Aisultan Nazarbayev деген колдонуучу айрым адамдардын кеңештерине карабай атасы Рахат Алиевден баш тартпай тургандыгын бир нече жолу жазган.

Казак президенти небереси Айсултан менен. 1999-жыл.
Казак президенти небереси Айсултан менен. 1999-жыл.

Айсултан Назарбаев - Британиядагы Падышалык аскердик академиясынын бүтүрүүчүсү. Бул абройлуу окуу жайын Британиянын мурдагы премьер-министри Уинстон Черчилл, Британия ханышасынын неберелери Уильям менен Гарри да аякташкан. Окуу жайын бүтүрүп мекенине кайткандан кийин ал Казакстандын Коргоо министрлигине караштуу Башкы чалгын башкармалыгына жумушка орношкон.

2013-жылы Айсултан Назарбаев ишкер, ошол кезде «КазРосГаз» деген компанияны жетектеп турган Кайрат Боранбаевдин кызы Алимага үйлөнгөн.

Алматыдагы мейманканалардын биринде өткөн үлпөт тойдун коноктору үчүн америкалык рэп аткаруучу Канье Уэст ырдаган.

«Фейсбуктагы» Aisultan Nazarbayev 2015-2016-жылдары Казакстандын Футбол федерациясын жетектеп турган Ерлан Кожагапановду «казак футболун жок кылды» деп айыптаган. Ал Кожагапановду кызматтан кетүүгө чакырып, бул кызматка өзү да умтулуп жатканын жашырган эмес. Көп өтпөй Кожагапанов федерация башчылыгынан кетип, бирок анын ордун Айсултан эмес, Сеилда Байшаков ээлеген. Ал эми президенттин небересине вице-президенттик гана тийген. Бирок Айсултан бул кызматта жети ай гана турган.

Aisultan Nazarbayev жалаң эле Кожагапановго эмес, Назарбаевдин жакын чөйрөсүнө кирген айрым саясатчыларга да асылган. Алардын арасында Адилбек Жаксыбеков, вице-премьер-министр Имангали Тасмагамбетов, Улуттук банктын төрагасы Данияр Акишев жана топ-бизнесмен Булат Утемуратов да болгон.

«Мен үчүн ушундай адамдар президентти тегеректеп турушканы жана өлкөгө туташ көзөмөл орнотууга талпынып жатышканы өтө жийиркеничтүү. Ушундай жогорку даражалуу адамдардын өлкөдө болуп жаткан окуялардын баарына чексиз бийлик жүргүзүү тууралуу мүдөөлөрү - биздин келечегибиз үчүн эң чоң коркунуч»-деп жазган 2017-жылдын 17-январында Aisultan Nazarbayev.

Көп өтпөй Имангали Тасмагамбетов вице-премьердин кызматынан алынып, Орусияга элчи болуп дайындалган. Жаксыбеков 2018-жылдын сентябрына чейин президенттин администрациясын жетектеп турду. Улуттук банктын төрагасы Данияр Акишев жакында эле кызматын тапшырды. Ал эми президенттин иш башкармалыгын мурда жетектеген Булат Утемуратов дагы эле өлкөдөгү бай адамдардын катарына кирип, банк, телекоммуникация жана медиа тармагандагы бизнесин жетектеп келет. «Forbes» журналы анын байлыгын өткөн жылы 2,6 миллиард долларга баалаган.

(Макала «Азаттыктын» казак кызматынын кабарчысы Казис Тогузбаевдин баянынын негизинде даярдалды).

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG