Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:16

Айсултан Назарбаев өмүрүнө коркунуч жаралганын айтты


Айсултан Назарбаев.
Айсултан Назарбаев.

Казакстандын мурунку президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси, казак парламентинин төрайымы Дарига Назарбаеванын уулу Айсултан Назарбаев өмүрү коркунучта экенин өзүнүн «Facebook» баракчасы аркылуу жарыялады.

Социалдык тармактарга көптөн бери эч нерсе жазбай калган Айсултан Назарбаев «Facebook» баракчасына 22-январда катары менен бир нече пост жарыялады. Анда экс-президенттин небереси кыйладан бери түрмөдө отурганын, туугандары менен тил табыша албай, эми аны өз жакындары өлтүрүп коюшу мүмкүн экенин жазган.

Айсултан апасы, казак парламентинин төрайымы Дарига Назарбаева тууралуу да элдин эсин оодарган билдирүү жарыялады:

«Апам таятамды мен анын уулу болгонум үчүн кайырмакка илип турган» («​Моя мать держала деда на крюке из-за того, что я его сын»), деп жазды ал.

Дагы бир постунда анын жакындары көзүн тазалап кетиши мүмкүн экенин билдирип, ошондуктан Улуу Британиянын канышасынан Нурсултан Назарбаевге телефон чалуусун суранган.

Айрым окурмандар Айсултандын «Facebook» аккаунтунан башка бирөөлөр жазып жатышы мүмкүн деп боолголоп жатышат.

Ал арада Айсултан журналисттердин суроолоруна жооп берүүгө убада кылып, телефон номурун да жазып койгон. Айрым журналисттер ал номурга чалып, видео маек уюштурушкан. Айсултан «Facebook» баракчасына баарын өзү жазганын журналисттерге ырастаган. Видеодогу кадрга караганда ал ооруканада жатканы байкалат.

Ал арада Айсултан дүйнөнү каптаган магия тууралуу тууралуу бүдөмүк пост калтырган. Бир нече сааттан кийин ал казакстандык мурдагы банкир, ушул тапта бозгунда жүргөн Мухтар Аблязовдун телефон чалышын суранган.

Андан көп өтпөй Аблязов «Facebook» аркылуу түз эфирге чыгып, Айсултан менен байланышканын, ал өзүн өлтүрүп кетиши мүмкүн деп коркуп турганын ырастаган.

«Ал өтө коркунучтуу абалда. Ал өзүн да Рахат Алиевдей кылып өлтүрүп коюшу мүмкүн деп коркуп жатат. Ал өз апасы өлтүртүшү мүмкүн экенин айтты», - дейт Аблязов.

Былтыр британ соту Назарбаевдин небересин Лондондогу «Priory Hospital Hayes Grove» ооруканасында дарылансын деген чечим чыгарганы кабарланган. Ал ушул тапта Англияда баңгизат туткунунан дарыланып жатканы маалымат каражаттарына мурдатан белгилүү болчу.

Айсултандын бул билдирүүсүнө азырынча Назарбаевдердин үй-бүлөсү жооп бере элек.

23-январда Дарига Назарбаеваны журналисттер парламент имаратынан күтүп турушту. Бирок адатта 2 жансакчы менен жүргөн Сенаттын төрайымы ал күнү алты жансакчынын коштоосунда келди.

Олбурлуу жигиттер бир да журналистти Назарбаевага жакындатпай алып өтүүгө аракет кылышты. Жансакчылардын бири «Азаттыктын» казак кызматынын кабарчысынын мойнун толгон, оозун жапканга аракет кылды. Жансакчынын колунан бошонуп чыккан журналист Назарбаевадан уулу эмне коркунуч тууралуу айтып жатканын сураганга үлгүргөн. Бирок Сенаттын төрайымы суроону жоопсуз калтырды.

«Азаттык» Айсултан Назарбаевдин өмүрүнө коркунуч жаралып жатканынын чын-төгүнүн суроо максатында Казакстандын Лондондогу консулдугу менен байланышып, жооп ала алган жок. Ал эми Казакстандын туңгуч президентинин кеңсесине байланышууга мүмкүн болбоду.

Казакстандын мурунку президенти Нурсултан Назарбаевдин 29 жаштагы небереси Лондондо шарттуу кесилген. Ага былтыр полицияга кол салган деген айып тагылган. Өкүмгө ылайык, Айсултанга 18 айлык сыноо мөөнөтү берилип, 140 саат бою коомдук жумуштарга чегерилген жана маңзатка болгон көз карандылыктан арылыш үчүн атайын сабактарга барууга милдеттендирилген, андан тышкары 1300 доллардын тегерегиндеги айып пул төлөшү зарыл болгон. Маалыматка караганда, сот Айсултан Назарбаевди «ооруканада дарылануу» шарты менен бошоткон.

Сотто Назарбаев былтыркы жылдын 4-июлунда Британияда «баңгизат чегип алган абалында өз жанын кыюуга аракет кылып, ага жолтоо болгон полициячыларга каршылык көрсөтүп, алардын бирин тиштеп алганы» айтылган.

Айсултандын атасы Рахат Алиев - Дарига Назарбаеванын мурунку күйөөсү. Ал мурда дипломатиялык жана күч кызматтарында иштеп жүргөн. 2007-жылы бийликтин каарына калган. 2015-жылы Вена түрмөсүндө асылып турган сөөгү табылган. Расмий иликтөө ал асынып алган деген тыянак чыгарган. Маркум Рахат Алиевдин экинчи аялы Элнара Шоразованын жактоочусу немис эксперттин корутундусуна таянып, Рахат Алиев киши колдуу болушу мүмкүн экенин айтып чыккан.

Айсултан - Дарига Назарбаеванын экинчи уулу. Улуусу Нурали Алиев - 2014-2016-жылдары Астана шаарынын акиминин орун басары болуп иштеген. Венера аттуу кызы да бар.

Айсултан Англияда падышалык аскердик академияда билим алган. Окууну бүтүп келип, Казакстандын Коргоо министрлигинде иштеген. 2017-жылы Казакстандын Футбол федерациясынын президентинин милдетин 7 ай аткарган. Ал өзүнүн «Facebook» баракчасы аркылуу баңгизатка берилип калганын жазгандан кийин эки ай бою социалдык тармактардан жоголуп кеткен эле.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG