Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:58

Беларуста Тихановская, Бабарико жана Цепкалонун штабдары бирикти


Виктора Бабариконун штаб башчысы Мария Колесникова, президенттикке талапкер Светлана Тихановская жана Валерий Цепкалонун аялы Вероника Цепкало.
Виктора Бабариконун штаб башчысы Мария Колесникова, президенттикке талапкер Светлана Тихановская жана Валерий Цепкалонун аялы Вероника Цепкало.

Беларуста президенттикке талапкер болуп катталган Светланы Тихановскаянын штабы расмий каттоодон өтпөй калган "Белгазпромбанктын" мурдагы башчысы Виктор Бабарико менен Жогорку технологиялар паркын негиздеген Валерий Цепкалонун штабдары бирикти. Мындай чечим тараптардын 16-июлдагы жолугушуусунан кийин кабыл алынды. Алар тараткан маалыматта шайлоо өнөктүгү маалында жарандарды добуш берүүгө үндөшөөрү, саясий туткундарды, экономикалык кылмыштарга айыпталып камалган саясатчыларды бошотууну талап кылышары айтылат.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссия 14-июлда азыркы президент Александр Лукашенко баштаган беш адамды - Светлана Тихановскаяны, Андрей Дмитриевди, Анна Канопацкаяны, Сергей Череченди каттаган.

Виктор Бабарикону каттабай коюшкан. Ал азыр "арам акчаны адалдаган, салык төлөөдөн качкан жана паракорчулук" боюнча айыпталып тергөө абагында отурат. Валерий Цепкало болсо тийиштүү кол топтогон жок деген жүйөө менен каттоодон өткөн эмес.

Боршайкомдун мындай чечимдеринен улам 14-июлда Минск баштаган бир катар шаарларда нааразылык акциялар өткөн. "Жаз" укук коргоочу уюму ошол күнү 370ке чукул адам кармалганын билдирген. Тергөө комитети бир катар кылмыш иштерин козгогон.

Анын эртеси күнү Минскиде Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдында Бабарико менен Цепкалону каттоону талап кылгандар чогулган. Анда да полиция айрым адамдарды кармап кеткен.

XS
SM
MD
LG