Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:27

Лукашенко митингди тышкы күчтөрдөн көрдү


Беларус президенти Александр Лукашенко. Лясковичи кыштагы. 25-апрель, 2020-жыл.
Беларус президенти Александр Лукашенко. Лясковичи кыштагы. 25-апрель, 2020-жыл.

Беларустун президенти Александр Лукашенко анын өлкөсүндө Майданга жол берилбесин ачык эскертти. Мындай билдирүүнү ал 31-майда өткөн оппозициялык жүрүштөрдөн кийин жасады.

Беларус президенти Александр Лукашенко 1-июнда өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Валерий Вакулчик менен жолугушуп жатып бир күн мурда өткөн митингдерди тышкы күчтөр уюштурганын билдирди.

“Жергебизге шамалдар кай тараптан согуп жатканын билебиз. Тилекке каршы, биз каалаган тараптан эмес. Бирок кандай гана шамал болбосун даярбыз”, - деген Лукашенко митингдер Беларустун көз карандысыздыгына коркунуч жаратарын, аны армия, Улуттук коопсуздук кызматы жана эл өзү коргош керек экенин кошумчалады.

Беларустун Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Валерий Вакульчик.
Беларустун Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Валерий Вакульчик.

31-майда Минскиде жана башка шаарларда президенттикке аттануу ниетин билдирген оппозициячыларды колдоо митингдери өткөн.

Демонстрацияга чыккандар оппозициячыл саясатчылардын президенттик шайлоого талапкер катары катталышын жана Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылышкан.

Акциянын катышуучулары ошондой эле президенттикке талапкер болгусу келгендер үчүн кол топтошту.

Беларуста президенттикке аттангысы келген үмүткөр кеминде 100 миң кол топтошу керек. Минскиде миңден ашуун адам чогулганы кабарланды. Бул 9,5 миллион калкы бар мамлекетте соңку бир жыл ичинде уюштурулган эң ири акция болуп калды.

Демонстрация маалында 20 чакты адам кармалды. Алардын арасында оппозициядагы көрүнүктүү саясатчы Николай Статкевич да бар.

Аны баш калаанын Ленин райондук соту “уруксатсыз митингге катышканы үчүн” 15 суткага камакка алуу чечимин чыгарганын жубайы Марина Адамович 1-июнда «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Беларус лидери анын өлкөсүндө “Майданга" жол берилбестигин ачык эскертти:

"Алардын максаттары бизге түшүнүктүү. Алар шайлоо алдында же шайлоо күнү "Майдан" уюштурууну көздөшөт. Мен баарына эскертким келет, Беларуста "Майдан" болбойт".

Лукашенко 2014-жылы Украинада орусиячыл президент Виктор Януковичти бийликтен төңкөргөн акциялардын аталышын колдонду. Киевдеги толкундоолор Төбөлсүздүк аянтында же «Майдан Незалежностиде» уюштурулгандыктан, дал ушундай аталып калган.

Адам укуктарын сактабаганы жана таза шайлоо өткөрбөгөнү үчүн Беларус Кошмо Штаттар менен Евробиримдиктин санкцияларына кабылган. Ошол эле маалда расмий Минск Орусиянын таасирин азайтуу максатында соңку жылдары Батыш менен алакасын оңдогонго аракет кылууда.

Лукашенко Беларусту 1994-жылдан бери башкарып келет. Август айына белгиленген шайлоодо утса, ал алтынчы мөөнөткө калган болот.

Мурдараак ушул ай башында эл аралык укук коргоочу "Хьюман Райтс Уотч" (HRW) уюму президенттик шайлоо алдында Минск митингчилерди, оппозициялык блогерлерди, журналисттерди, өкмөттү сындагандарды куугунтуктап, туш келди камоону күчөткөнүн сындаган.

Беларуста президенттик шайлоо 9- августка белгиленген.

Беларустагы оппозициячыл саясатчы Николай Статкевич. 28-октябрь, 2018-жыл.
Беларустагы оппозициячыл саясатчы Николай Статкевич. 28-октябрь, 2018-жыл.

Ал эми Статкевичке токтоло кетсек, анын талапкерлигин Борбордук Шайлоо комиссиясы каттоодон баш тарткан. Мекеме буга анын соттолгону жол бербесин жүйө келтирген.

Статкевич 2011-жылы массалык башаламандык уюштурган деген кине менен алты жылга эркинен ажыратылган. Төрт жылдан кийин Лукашенко ага ырайым берип, боштондукка чыккан. Анткен менен соттуулугу, ал кесилген берене өзгөчө оор кылмыштарга киргендиктен алынбай калган. Статкевич каршылык акцияларына катышууну улантып келет. Буга чейин да ал бир нече жолу кармалып чыккан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG