Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:38

Лукашенкого ички-тышкы басым күчөдү


Александр Лукашенко.
Александр Лукашенко.

Беларуста нааразылык акцияларынын 10-күнү уланууда. Беларус бийлигине эл аралык коомчулуктун басымы күчөдү. Шайлоо жыйынтыгын тааныбаган өлкөлөр көбөйүп, Бириккен Улуттар Уюму да билдирүү таратты.

Сергей Тихановский кармалып турган ТИЗОнун алдына чогулган жүздөгөн адам аны туулган күнү менен куттуктоодо. Ал 18-августта 42ге чыкты. Оппозициячыл блогер президенттикке талапкерлигин коёрун айтып кол топтоп, акцияларды өткөрүп жүргөндө кармалган. Ошондо аялы Светлана Тихановская анын жолун улаган. Анын башкы программасы - жеңип чыкса өлкөдө калыс жана таза шайлоо өткөрүү.

Сергей Тихановскийди куттукташ үчүн ТИЗОго келгендер. 18-август, 2020-жыл.
Сергей Тихановскийди куттукташ үчүн ТИЗОго келгендер. 18-август, 2020-жыл.

«9-августтагы шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды, чынында Александр Лукашенко эмес, Тихановская жеңген» деп беларус эли түп көтөрүлө көчөгө чыкканына он күнгө аяк басты.

Дүйшөмбүдөн тартып жапырт иш таштоо башталып, ага өлкөдөгү улам бир ишкана кошулууда. Беларустагы Көз каранды эмес кесиптик кошуундар конгресси 2-3 күндүн ичинде улуттук иш таштоо комитетин түзүүгө чакырды. «Анын атынан өлкөдөгу бийликти өткөрүп алыш үчүн бийлик менен түз сүйлөшүү» керек экенин конгресстин төрагасы Александр Ярошук жарыялады.

Игорь Лещеня.
Игорь Лещеня.

Дүйшөмбүдө бийликти сындап чыккан Беларустун Словакиядагы элчиси, Лукашенконун мурдагы жардамчысы Игорь Лещеня кызматтан кетти.

Күч түзүмдөрү демонстранттарга карата аёсуз мамиле кылып, уруп-сабаганынан уялган айрым офицерлер кызматтан кеткенин билдирип жатышат. Кээ бири кайрылуу жасаганга батынды.

«Ички иштер органынын кызматкеринин погонун тагуу мен үчүн уят. Кызмат өтөөгө арнаган 23 жылымда, эң мыкты жылдарымда ушундай болуп кетери, өз адамдарыбызга малдай, жырткычтай мамиле кыларыбыз үч уктасам түшүмө кирген эмес», - деди Лида шаарындагы полициянын подполковниги Юрий Махнач.

Ошол эле учурда жергиликтүү убакыт боюнча кечки алтыда Гомел жана Могилев шаарларында Александр Лукашенкону колдогон митинг болору «Правда Гомел» порталына жарыяланды.

Күч түзүмдөрүнөн ыдык көрүп, токмок жегендердин акциясы. 15-август, 2020-жыл. Минск.
Күч түзүмдөрүнөн ыдык көрүп, токмок жегендердин акциясы. 15-август, 2020-жыл. Минск.

Өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко 17-августта Минсктеги МЗКТ заводундагы жолугушууда адегенде Конституцияны өзгөртүп, андан соң президенттик шайлоо жарыялоону сунуш кылган. Бул сунуш оппозиция тарабынан кабыл алынып, талкуулана элек. Светлана Тихановская баштаган оппозиция бийликти өткөрүп алыш үчүн Координациялык кеңеш түзгөнүн дүйшөмбүдө жарыялаган.

Ал арада Лукашенкого эл аралык коомчулуктун басымы күчөдү.

Дүйшөмбү кечке жуук Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриштин атынан да кайрылуу таратылды. Анда уюм кырдаалга кунт коюп көз салып турганы айтылып, нааразылык акциясына чыккандарга күч колдонбой, үнүн угуш керек экени белгилеген. Баш катчынын пикирин анын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик коомчулукка жеткирди:

«Бийлик демонстрацияларга сабырдуулук менен жооп бериши керек. Кармалгандарга карата кыйноо жана катаал мамиле тууралуу билдирүүлөр кылдат иликтениши зарыл. Баш катчы бардык беларустарды шайлоодон кийин жаралган маселени диалог жана өлкөдө тынчтыкты сактоо менен чечүүгө чакырат».

Иш таштоо уланууда
Иш таштоо уланууда

Германия канцлери Ангела Меркел Беларус кризисин Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон талкуулады. Расмий Берлиндин маалымдашынча сүйлөшүү учурунда канцлер беларус бийлиги тынч демонстранттарга зомбулук көрсөтүүдөн карманышы керектигин, саясий туткундарды тез арада бошотуп, оппозиция менен бүткүл элдик диалогго келиши керек экенин белгилеген.

Беларустагы шайлоо жыйынтыгын тааныбаган өлкөлөргө 18-августта Канада менен Ирландия кошулду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG