Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-сентябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 16:28

Помпео: «Кадамыбызды алдын-ала айтпайбыз»


Майк Помпео.

АКШын мамлекеттик катчысы Майк Помпео расмий сапар менен Чехияга келгенде «Эркин Европа/Азаттык» үналгысынын суроолоруна жооп берди. Ал Беларустагы окуялар, Иранга байланыштуу эмбарго жана Орусия маселелерине токтолду.

Кабарчы Рэй Ферлонг уюштурган маекти которуп сунуш кылабыз.

- Сиз Беларуста шайлоо кандай өткөнүн, ошондой эле андан кийинки күч түзүмдөрүнүн зомбулугун сынга алдыңыз. Бул эки өлкөнүн мамилеси үчүн эмнени билдирет? Өзгөчө америкалык мунайдын Беларуска жеткирилиши менен АКШ элчисинин Минскиге келүү маселесинде...

- Биз бул маселелерди талдап-талкуулашыбыз керек. Сиз белгилеп кеткендей, шайлоого байланыштуу кырдаал бизди өтө тынчсыздандырууда. Эркинирээк, тазараак өтсө болмок деп терең өкүнүп турабыз. Мындай абалга мурда да күбө болгонбуз, азыр да кайра ошондой болуп атканы өкүнүчтүү. Зомбулук менен анын натыйжасын көрүп атабыз. Тынч демонстранттарга каршы колдонулбашы керек болгон чаралар көрүлүүдө. Бул кырдаалга кандайча жооп берүүнү азырынча чече элекпиз. Бирок бир нерсени айтып кетет элем: биз Европадагы эркиндикти сүйгөн жана абалга тынчсызданып жаткан досторубуз менен кызматташабыз. Беларус элине жакшылык каалап, ушул максатта аракет кылабыз.

- Европа Биримдиги санкциялар тууралуу сөз кылууда. Өз жообуңарды талкуулаганда ушул мүмкүнчүлүктү караштырып жатасыздарбы? Мунайды жөнөтпөй коюу мүмкүнбү?

- Албетте, бардык варианттар каралат. Мында критерийлерди белгилешибиз керек. Кандай чараларды көрөбүз дегенде жалаң гана АКШ тууралуу эмес, Беларус элинин жыргалчылыгы үчүн көп тараптуу келишим тууралуу кеп болот. Ал санкция болобу же [мунай] жеткирүүнү тыйып коёбузбу, такташ керек. Шайлоонун өткөнүнө аз эле болду. Жакынкы келечекте кырдаал кандайча өнүгөөрүн байкоо зарыл.

- Иран тууралуу сүйлөшсөк. Кошмо Штаттар БУУнун Коопсуздук кеңешине курал-жарак жеткирүүгө эмбарго киргизүүнү сунуш кылганы турат. Көпчүлүгү Орусия менен Кытай бул сунушка вето коёт деп турат. Мындайда сиздер Ирандын өзөктүк келишими тууралуу маселеде артка чегинип, АКШ ошол келишимдин алкагында алынган санкцияларды кайрадан киргизүүнү караштырып атат деп күтүлүүдө. Бирок мындай кадамдар кандайдыр бир каршылыкты жаратпай койбойт да, туурабы?

- Бул жерде мындай нерсе маанилүү. Бүгүн мен Чехиядамын. Иран Европага чынында коркунуч туудуруп атат. Биз алар бул жакта кандай иш жүргүзгөнүн көрдүк. Буюртма киши өлтүрүүгө байланыштуу коркунучтарды көрдүк. Ал иштер менен бүтүндөй Европада прокуратура кандайча иштегенин көрдүк. Европанын көз карашынан алганда куралга ээ болгусу келип аткан Иранды колдоо маанисиз. Таптакыр. Ошон үчүн биз акыркы мөөнөттү койдук. Ал 18-октябрь. [Өзөктүк] келишимге АКШнын мурдагы администрациясы кол койгон. Биз ага өкүнөбүз, бирок бүгүнкү күндө дүйнө биригиши керек.

- Бирок эч кандай биригүү болбой эле турат го?

- Иран - дүйнөдөгү терроризмдин бирден-бир ири демөөрчүсү.

- Ооба, бирок европалык кызматташтарыңыздар антип эсептеген жок да?

- Менимче алар муну түшүнүп турушат. Эмне болуп жатканын алар көрүп турушат жана БУУда тийиштүү добуш берет деп үмүттөнөм. Алар баарын түшүнөрүнө үмүт артуудамын.

- Бирок сиз антип эсептебейсиз…

- Биз сунуш кылган резолюция – болгону курал жеткирүүгө тыюу салууну узартуу боюнча өтүнүч. Абдан эле түшүнүктүү.

- Ооба, бирок…

- Биз буга жетишүүдө чечкиндүү элебиз.

- Буга байланыштуу европалык өнөктөштөр менен чыр-чатак болуп кетпейт деп ойлойсузбу?

- Алар да Ирандын куралга ээ болушуна байланыштуу биздин тынчсыздануубузду колдой турганын билебиз. Ирандын куралды алып сатышына тыюу салыш үчүн аларда жөнөкөй эле ыкма бар - Коопсуздук кеңешинде «ооба» деп гана добуш берип коюш керек. Ошондо Иран курал ала албай калат. Түшүнүктүү эле нерсе.

- Бирок Орусия менен Кытай каршы болуп койсо андай болбой калат да?

- Биз Коопсуздук кеңешине №2231 резолюциясынын негизинде кайрыла алабыз. АКШ, Британия, Франция ушундай кыла алат жана эмбаргону узартып койсок болот. №2231 резолюциясы буга жол берет. АКШ бул маселеде абдан чечкиндүү. Ирандын коңшуларын караңыз. Араб өлкөлөрүн караңыз. Израилди караңыз. Алардын баары бул чечимди колдоп атышат. Эмнеге?

- А эгер вето коюп коюшса эмне кыласыздар?

- Санкцияларды кайтарабыз. №2231 резолюциясы бизге ошондой укук берет жана биз аны колдонобуз.

- Макул. Мен «Свобода» радиосу менен «Америка авазы» радиосуна түздөн-түз таасир эткен Орусиянын чет элдик агенттер боюнча мыйзамы тууралуу сурасам деп турам. Бийлик алардын Орусиядагы ишмердигин олуттуу чектеген бул мыйзамды колдонууда. Мындай практиканы сиз кескин сындап чыккансыз, бирок Орусия токтогон жок. Бизде Орусияда иштөө мүмкүнчүлүгү кала бериши үчүн кандай кадамдарга бара аласыздар?

- Биз кабыл ала турган чечимдерди мен эч качан алдын-ала айтпайм. Кырдаалды кунт коюп байкап турабыз. Сиз айтып кеткендей, биз бул мыйзамды сынга алдык. Андан тышкары, достукка жатпаган иш-аракеттери үчүн Орусияга көп санкция салдык. Кырдаалга байкоо жүргүзүүнү улантабыз. Дүйнө да бул маселеде бизди колдойт деп үмүттөнөбүз. Басма сөз эркиндигин колдогон, лидерлерине жакпаса да көз каранды эмес журналисттери суроо бере алган өлкөлөр колдойт деп үмүттөнөбүз. Биз анык басымдын арты менен басма сөз эркиндигине жетише алчудай сезилет. Билебиз, мурда буга байланыштуу кыйынчылыктар бар эле. Бирок бул үчүн күрөшүп, ушул үчүн иштеп, өнөктөштөрүбүз менен кызматташабыз. Маселен, «Свобода» радиосунун кызматкерлери менен иштешип, Орусия элине акыйкатты, адамдар жалганы жок маалымат ала алышын гана каалай турганыбызды түшүндүрөбүз.

- Бирок Орусия мындай позицияга даяр эмес. Америкалык чалгындын маалыматына караганда, Орусия «Талибанга» жана анын Ооганстандагы өнөктөштөрүнө ар бир америкалык аскердин башы үчүн сый акы убада берген экен. Сиз бул маселени кызматташыңыз Сергей Лавров менен талкуулаганыңыз кабарланган. Менин суроом мындай: чалгындын бул маалыматына өзүңүз ишенесизби?

- Биз америкалык чалгынчылардын ишмердиги тууралуу комментарий бербейбиз. Жада калса кайсы бир булак «ишенимдүү маалымат бар» деген күндө дагы... Позициябыз мындай: эгерде Орусия америкалыктарды же дегеле Батыштагы жарандарды өлтүрүш үчүн акча сунуш кылса, анда бул аларга өтө кымбатка түшүп калат. Мен тышкы иштер министри Лавровго дал ушул ойду жеткирдим. Билишимче, биздин аскердик жетекчилик да бул маселени орусиялык кызматташтары менен талкуулаган. Биз андайга чыдай албайбыз.

- Демек, сиз бул тууралуу Сергей Лавров менен сүйлөштүңүз. Сиз бул маалыматка ишенсе болот деп эсептейсизби?

- Биз өз позициябызды так көрсөтүп койдук. Тарых жакшы эле эсибизде. Мурда Орусия «Талибанды» куралдандырган. Ошондой да? Билебиз, алар бүгүн Иранга куралдандырып атышат. Бул факт. Биз өзүбүздүн эсеп-кысапты түшүндүрүп койдук. Ар бир америкалык жоокерди, же чех жоокерин, же болбосо «Чечиндүү колдоо» операциясынын кайсы гана катышуучусу болбосун коргош үчүн зарыл болгондун баарын кылабыз. Кылып да жатабыз. Былтыр ошенткенбиз, быйыл да. Жоокерлерибиз Ооганстанда турганда уланта беребиз.

- Президент Трамп жакынкы маектеринин биринде Владимир Путин менен телефондон сүйлөшөрдүн алдында ага бул тууралуу айтышпаганын билдирди. Ага кабарлап коюш керек эмес беле?

- Президентке кайсы бир нерсе тууралуу айтышканбы же жокпу, муну менен Ак үйдөгүлөр алектенишсин. Өзүм көргөн нерсеге сизди ишендирип кетейин - президент Трамптын улуттук коопсуздукту тескеген командасынын кайсы гана мүчөсү болбосун ага келип: «Сэр, менде кандайдыр чочулоо бар. Биз бул маселеде жетиштүү иш кыла албай атабыз. Артыгыраак кылсак болот. Биерде мындай тобокелчилик бар», - деп айта алат. Президент мындай сөздөрдү абдан олуттуу кабыл алат. Мындайда биздин реакциябыз жөндүү гана эмес, элибиздин коопсуздугун камсыздоодо натыйжалуу дагы.

- Дагы бир суроо. «Эркин Европа/Азаттык» радиосу иштеген айрым өлкөлөр - бул эми авторитардык мамлекеттер - дегеле бүтүндөй дүйнө өзүндө болуп жаткандарга Америка айткан сынды абдан олуттуу кабыл алышат. Ошол эле учурда Америка өзүндөгү быйылкы каршылык акцияларына кандайча реакция кылганын көргөн айрым комментаторлордо суроо пайда болду. Маселен, Портленддин көчөлөрүндө адамдарды эч бир белгиси жок машинелерге тыгып кетип жатышканы авторитардык режимдерге «туура эмес кылып атасыңар» деген АКШнын моралдык аброюн талкалабайбы? Бул Кошмо Штаттардын имиджине зыян эмеспи?

- Жада калса ушундай суроонун коюлушунун өзү кемсинтүүгө тете. АКШ менен авторитардык режимдердин айырмасы так көрүнүп турат. Бизде мыйзам үстөмдүгү, басма сөз эркиндиги жана калыс сот бар. Тынч демонстрациялар өтүп жатканда адамдар сөзүн айтып алышы үчүн орун бөлөбүз. Ушуну авторитардык өлкөлөрдө болуп аткандар менен салыштырсаңыз. Мындай салыштырууну, дегеле бүтүндөй Америкадагы укук коргоо органдарынын мыкты ишинен күмөн саноону, чынын айтсам, ушундай суроонун берилишин маанисиз жана кемсинтүүчү деп эсептейм.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG