Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:36

Помпео коронавирус үчүн Кытайды күнөөлөдү


Майк Помпео.
Майк Помпео.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео COVID-19 Кытайдын Ухань шаарындагы лабораториядан чыкканына «эбегейсиз далилдер бар» экенин билдирди.

Помпео чалгынчылардын «вирус атайылап жасалган эмес» деген корутундусуна ишенерин айтты. Буга чейин президент Дональд Трамп коронавирустун пайда болушуна байланыштуу Бээжинди күнөөлөгөн. Кытай Вашингтондун бардык дооматын четке кагууда.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео жекшембиде «ABC News» телеканалындагы маегинде Бээжинди «COVID-19дун коркунучу тууралуу маалыматты өз убагында айтпай, жаап-жашырган» деп сындады. Ал «Кытай Компартиясы дезинформациясы үчүн жооп берет» деп эскертти.

Помпео Кытайдагы вирусологиялык лабораториялардагы коопсуздук маселелери тууралуу кеп козгоду:

«Эстесеңер, Кытай буга чейин деле дүйнөгө вирус тараткан жана стандарттарга төп келбеген лабораториялары болгон. Кытай лабораторияларындагы алешемдиктердин айынан дүйнө вируска биринчи жолу кабылып жаткан жок».

Майк Помпео өпкөнү сезгенткен жаңы вирус Ухань лабораториясында жарганаттардын вирустары иликтенип жатканда тарап кеткенин ырастаган «эбегейсиз далилдер» бар экенин билдирди. Ошол эле учурда ал америкалык чалгынчылардын «бул вирус атайылап жасалган эмес жана генетикалык жактан модификацияланган жок» деген корутундусуна ишенерин айтты.

Помпеонун айтымында, Бээжин америкалык жана башка окумуштууларга Ухандагы лабораторияга барууга макул болбой койгон жана вирустун үлгүсүнүн түп нускасын берүүдөн баш тарткан. Помпео Кытай бийлигин «пандемиянын жайылып кетишиндеги Бээжиндин ролунун иликтенишине каршы өнөктүк баштады» деп күнөөлөдү.

Кошмо Штаттардын Чалгын кызматы вирус адамдын аралашуусу жок эле, табигый булактан чыккан деген версияга ыктап жатканын билдирип келет.

Кытайдын англис тилинде чыгуучу «Global Times» басылмасы дүйшөмбү күнү Помпеонун дооматына комментарий берди. Анда мамкатчынын колунда вирустун Ухандан чыкканын көргөзгөн эч кандай далилдери жок экени айтылат.

«Трамптын администрациясы үгүт өнөктүгүн улантууда жана пандемияга каршы аракеттерге тоскоол болууда», деп жазды гезит.

Өткөн аптада АКШнын президенти Дональд Трамп коронавирус Кытайдагы вирусология лабораториясынан чыкканына далилдер бар экенин билдирген, бирок чоо-жайын кеңири айткан эмес.

«Жакын арада билесиңер, бирок жаман окуя болду. Алар ката кетиришкенби же баары ката сыяктуу башталганбы, анан алар башкасын жасап чыгышканбы же кимдир-бирөө атайылап бир нерсе кылганбы... Билесиңерби, Кытайдын өлкөгө эч кимди киргизбей, бирок адамдардын өлкөдөн чыгып кетишине уруксат бергенин түшүнбөйм. Бул алар жооп бере турган оор суроо», - деген Трамп.

Кытай Трамптын дооматына дароо эле жооп кайтарган. Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Ген Шуан ооруну кырсык деп атаган жана күнөөнү Кытайга оодаруудан оолак болууга чакырган:

«COVID-19 - табигый кырсык. АКШ сыяктуу эле Кытай да бул вирустан жабыркады. Жабыркагандардын баарынын тагдыры бирдей. Алар кыйынчылыкты жеңиш үчүн чогуу иш алып барышы керек. АКШ Кытай эмес, вирус душман экенин билиши зарыл. Ушул тушта алар Кытайга күнөөнү оодаргандын ордуна, ички эпидемияны көзөмөлдөөгө, илдетке каршы эл аралык аракеттерге көңүл бурушу керек».

Коронавирус пандемиясы былтыр декабрда алгач Кытайдын Ухань шаарында башталган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG