Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:56

Европада чектөөлөр алына баштады


Күнүнө бир сааттык сейилди болушунча пайдалуу өткөрүүнү каалаган ата-бала. Мальорка, Испания. 26-апрель, 2020-жыл.
Күнүнө бир сааттык сейилди болушунча пайдалуу өткөрүүнү каалаган ата-бала. Мальорка, Испания. 26-апрель, 2020-жыл.

Коронавирустан катуу жабыркап жаткан Европа өлкөлөрү дем алыш күндөрү бир аз жеңилдегенсиди. Илдеттин курмандыктары азайып жатканына байланыштуу айрым чектөөлөр алынды. Орусияда COVID-19 илдетине чалдыккандар ыкчам көбөйүп, жекшембиде Кытайдын статистикасына жакындады.

Испания

42 күндүк катаал чектөөдөн кийин Испанияда деңиз жээктери жана көчөлөр кайрадан жанданып, бала жетелеген кишилер көбөйдү. Анткени бийлик жекшембиден тартып 14 жашка чейинки балдардын көчөгө чыгуусуна уруксат берди. Эрежеге ылайык, балдар эртең мененки 9дан кечки 9га чейинки аралыкта бир саат гана сыртта жүрө алышат. Анда да үйүнөн бир чакырымдан алыс кетпей, беткапчан жүрүүсү шарт.

"Балам уйкудан көзүн ачары менен “бүгүн көчөгө чыксам болобу?” деди. Ошентип Лас Кантерас пляжына барып, велосипед, самокат тепкендерди көрдүк. Албетте биз эми буга чейин такыр маани бербей келген нерселерди баалашыбыз керек", - дейт Гран-Канария аралында жашаган, үй-бүлөсү менен сейилге чыккан Карла Маркес.

Жөн гана көчөдө сейилдөө Испанияда алты жумалык эңсөөгө айланды
Жөн гана көчөдө сейилдөө Испанияда алты жумалык эңсөөгө айланды

Бир сутка ичинде коронавирустан өлгөндөр марттын аягы, апрелдин башында көп катталды. 2-апрелде бир күндө өлгөндөрдүн саны 961 адамга жетти. Акыркы апталарда азайып, жекшембиде көз жумгандар 288 болду. Өлкөнүн премьер-министри Педро Санчес муну дурус натыйжа катары баалады:

“Эгер пандемиянын өнүгүүсү буга чейин болуп жаткандай позитивдүү нукта улана берсе 2-майдан тартып жеке активдүүлүккө, адамдардын сейилдөөсүнө уруксат берилет”, – деди премьер-министр Санчес.

Акыркы маалыматка ылайык, өлкөдө жалпы коронавирус жуктурганы аныкталгандар 224 миңди, анын ичинен көз жумгандар 23 миңди чамалады. Илдетке чалдыккандардын жарымына жакыны айыкты.

Италия

Италия карантин чарасын 10-мартта, же Батышта биринчи болуп киргизген. Жекшембидеги эсеп боюнча акыркы суткада 260 киши COVID-19дан көз жумду. Бул марттын ортосунан берки эң төмөнкү көрсөткүч. 18-марттан бери бул өлкөдө көз жумгандар суткасына 400дөн кем болбой, коронавирус жалпысынан ушул күнгө чейин Италияда 27 миңдей өмүрдү жалмады. 65 миң чамалуу адам айыгып чыкса, дагы жүз миңден ашыгы дарыланууда.

Венециянын турист сагынган көчөлөрү. 25-апрель, 2020-жыл.
Венециянын турист сагынган көчөлөрү. 25-апрель, 2020-жыл.

Италия өкмөтү 3-майдан кийин чектөө чараларынын экинчи фазасы башталарын билдирген. Анда социалдык, экономикалык жана өндүрүш ишмердиги акырындап жанданары белгиленет.

Франция

Коронавирустан эң катуу жабыркап жаткан беш өлкөнүн бири - Франция. Акыркы суткада 242 оорулуу көз жумганы маалымдалды. Бул бир айдан берки эң төмөнкү көрсөткүч. Дем алыш күндөрү коронавирус жуктургандар да мурдагы күндөргө салыштырмалуу аз болду.

Газдан коргоочу беткап кийген аял. Париж, 24-апрель, 2020-жыл.
Газдан коргоочу беткап кийген аял. Париж, 24-апрель, 2020-жыл.

Француз өкмөтү адамдарды зарыл жумушу болбосо үйүндө отурууга мажбурлаган чектөөнү 11-майда алганы жатат. Эки ай жабык турган дүкөндөр кайра ачылып, балдар кааласа мектепке кайта алышат. Адамдар маршруттук кагазын да колдонбой коё алышат.

Камсыздандыруу компаниясында иштеген Себастьян Пена башкасынан да полициядан эркин болчу күндү чыдамсыздык менен күтүп жаткан экен:

"Анткени ар бир көчөгө чыккан сайын кагаздарды көрсөтүп актанып отуруунун кереги болбой калат. Бирок баары бир абайлашыбыз керек. Эми андан кийин жүрүм-турумубузда көп деле өзгөрүү болбойт го. Мен кеңсе кызматкеримин, ишимди үйдөн деле уланта берем. Бирок каалаганда дүкөнгө чыгып, кечки жетиге чейин чуркай алам".

Ошол эле маалда беткап кийүү, аралыкты сактоо эрежелери кала берет. Кафе-ресторандар азырынча ачылбайт.

Британия

Падышалыктын өкмөт башчысы Борис Жонсон дүйшөмбүдө жумушка чыкканы турат.

“Премьер-министр Даунинг Стритке кайтып келгенин ырастайм” деди өкмөттөгү атын атагысы келбеген аткаминер "Франс пресс" агенттигине.

Лондондогу резиденциясына келгиче премьер шаар сыртындагы үйүндө эс алып жаткан.

Борис Жонсон айыккандан кийин дарыгерлерге ыраазылык билдирип жаткан учур. 12-апрель, 2020-жыл.
Борис Жонсон айыккандан кийин дарыгерлерге ыраазылык билдирип жаткан учур. 12-апрель, 2020-жыл.

52 жаштагы Жонсон коронавирус жуктуруп алганы 27-мартта белгилүү болгон. 10 күн ооруканага жатпай жүрүп, дене табы түшпөгөндө гана 6-апрелде Лондондогу «Сент Томас» ооруканасына жаткырылган. Эртеси эле реанимацияга которулуп, дем алдыруучу аппаратка туташтырылды. Бул дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн өзгөчө бурду. Анын үстүнө Жонсон COVID-19дан жабыркап дарыланган алгачкы өлкө башчысы эле. 12-апрелде айыгып чыкканы жарыяланган. Анын милдеттерин тышкы иштер министри Доминик Рааб аткарып келди.

Британияда жекшембиге карата коронавирус жуктургандар 150 миңди чамалап, 20 миңден ашууну көз жумду. Өлкөнүн ички иштер министри Прити Пател адамдар үйүндө кала бериши керектигин, карантиндик чектөө чаралары күчүндө экенин билдирди.

Орусия

Ал эми Орусияда дем алыш күндөрү COVID-19 жуктургандар да, андан көз жумгандар да көбөйдү. Коронавируска чалдыккандар 81 миңге жетип, Кытайга жакындады.

Акыркы 24 саатта коронавирусту 6360 адам жуктурду. Бул - суткалык эң жогорку көрсөткүч. Алардын 681и көз жумса, айыгып чыккандар 6 миңден ашты. Ошол эле маалда Орусияда көз жумгандар менен айыгып чыккандардын жалпы саны башка европалык өлкөлөргө салыштырмалуу кыйла аз.

Жаңы вирусту жуктургандардын арасында өлкө парламенти – Мамлекеттик Думанын эки депутаты Дмитрий Новиков менен Леонид Калашников бар.

Орусиядагы мигранттар ооруп калганын ачык айтууну каалашпайт.
Орусиядагы мигранттар ооруп калганын ачык айтууну каалашпайт.

Бир нече кыргызстандык мигрант да “Азаттыктын” кабарчылары менен байланышып, COVID-19 илдетинен жабыркап жатканын айтышты. Аты-жөнүн атабоону өтүнгөн ал жарандардын айтканын башка булактардан текшерүүгө мүмкүн боло элек. Кыргызстандын Москвадагы элчилиги Орусиядагы мигранттар арасында коронавируска чалдыккандар тууралуу расмий маалымат жок экенин билдирип келет.

Орусияда коронавирус биринчи жолу 31-январда эки кишиден табылган болчу.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG