Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-октябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 04:32

«Foreign Policy»: Кытайдын Евразияга таасири артат


Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (20-26-апрель).

“Foreign Policy” журналы Москвадагы Карнеги борборунун илимпозу Александр Габуевдин пандемия маалында жана андан кийин Кытайдын Евразиядагы таасири улам арта берери тууралуу талдоосун жарыялады. Автор макаласынын башында Орусия, АКШ жана Кытай мамилесинин 90-жылдардан берки абалына сереп салып, андан соң пандемиядан кийин кандай өзгөрүп жатканын талдаган. Кытай Орусиядагы айыл чарбасына, суу ресурстарына жана токой чарбасына өз таасирин тийгизип, соода, аскерий алакалары өтө тыгыз эле.

Кыргызстанга да кытайлык догдурлар жардамга келишти
Кыргызстанга да кытайлык догдурлар жардамга келишти

Эми коронавирустан улам саламаттык сактоо секторунда да Евразия менен Кытайдын ымаласы оңолгону турат. Вирус башталганда Орусия биринчилерден болуп Кытай менен чек арасын жаап, өлкөдөгү Кытай жарандарын, студенттерди “депортациялаган”.

Орусиянын көчөлөрүндө кытайларга карата кысым күчөгөн. Бирок бир нече ай өтпөй Владимир Путин менен Си Цзинпин 16-апрелде телефондон “жылуу” баарлашты, ооруну ооздуктоого Кытайдын жардамы керек экени билинди. Дал ушундай эле реакцияны Борбор Азиянын лидерлери да жасады.

Учурда Орусиянын болжол менен 600 миллиард доллардай акча запасы бар. Бирок коронавирус күчөгөн сайын саламаттык секторунун алсыздыгы байкалып, социалдык-экономикалык чыңалуу да артып, эми Кремл көкүрөк кагып, сөөмөй кезеген саясатынан алыстай баштады. Буга кошумча мунайдын баасы да кескин түшүп, Орусия баштаган Евразия өлкөлөрү экономикалык туңгуюкка кептелди. Мындай оор абалда Кытай аймак үчүн өтө чоң тирөөч болмокчу. Европага, АКШга салыштырмалуу коронавирус жүгүнөн Кытай эрте арылып, экономикасы акырындап калыбына келүүдө. Анан калса Орусия менен Борбор Азиянын лидерлери Кытайдын жаңы доордо санариптешип, 5G, "Huawei", "Hikvision" сыяктуу алдыңкы технологиянын жардамы менен адамдын артынан аңдыган авторитардык башкаруусуна көз артканы, колдогону чындык.

Дүйнө менен Кытайдын соода алакасы быйыл 8,4 пайызга түшүп жатканда Орусия менен соодасы 3,4%, же 25,4 миллиард долларга көбөйдү. Казакстан азыр Кытайга мунай ташыган башкы өлкө болуп, соода-сатыгы жыл башынан бери 17,8 пайызга көбөйдү.

Пандемияга чейин Франциянын президенти Эммануел Макрон “Кремл өзүнүн бардык жумурткаларын Кытайдын себетине сала бербейт” деп, Орусияны Европа менен жакындоого чакырган эле. Бирок пандемия баарын өзгөртүп Бээжиндин Москвага болгон таасирин арттырды. Эми Европанын өзү рецессияга кабылып отурат. Ал арада Бээжин технологиялык, экономикалык дымагын Евразияга болушунча жайылтары шексиз" деп жазды автор.

Оору менен күрөштө аял лидерлердин ийгилиги

“Forbes” журналы адамзатын каптаган кризисти башкарууда аял лидерлеринин ийгилигин жазды. Макаланын автору Авива Виттенберг-Кокс: “Исландиядан Тайванга, Германиядан Жаңы Зеландияга чейин аял лидерлер адамзаттагы башаламан учурду адамгерчилик менен жөнгө сала аларын көрсөттү. Финляндиянын, Даниянын аял жетекчилери ири державаларга өрнөк болчудай иштеп жатышат. Балким бул өлкөлөрдү майда дегендер чыгар, бирок Германияны алсак, Ангела Меркел биринчилерден болуп элине чындыкты айтты.

“Бул өтө кооптуу вирус, олуттуу кабыл алгыла” деген Меркел элинин 70 пайызы ооруну жугузарын айтып, жапырт тесттен өткөрүп, өзү баш болуп карантин режиминде иштей баштады. Азыр Германия Европадагы башка ири өлкөлөргө салыштырмалуу вирустан жеңил арылып, карантин эрежелерин жумшартууда.

Тайвандын өлкө башчысы Цай Инвень январда эле элин илдеттен коргоочу 124 эрежени иштеп чыгып, калкын карантинсиз, дени сак алып калуунун жолун таап, азыр Европа менен АКШга 10 миллион беткап экспорттоп жатат. Тайванда бул оорудан алты адам өлдү.

Жаңы Зеландиянын лидери Жасинда Ардерн алты адамда вирус табылганда эле карантин жарыялап, өлүмдүн саны төрттөн ашкан жок. Исландиянын өкмөт башчысы Катрин Якобсдоттир ири, бай өлкөлөр жасай албай жаткан жапырт тестирлөөнү ишке ашырып, Түштүк Кореядан да мыкты көрсөткүчкө жетти. Финляндияны башкарган эң жаш аял лидер Санна Марин социалдык медианы вирус менен күрөшүүдө башкы курал катары колдонду.

Норвегиянын премьер-министри Эрна Солберг сыналгыдан күнүгө балдарга үч мүнөттүк басма сөз жыйынын өткөрүп, зомбулуктун, балдардын психологиялык жактан жабыркоосун алдын алды.

Дал ушундай кадамга Даниянын өкмөт башчысы Метте Фредериксен да барып, аял лидерлер кандай болгон күндө да элдин ишенимине ээ болуп, өлкө калкына болгон камкордугун онлайн, телевидение аркылуу билдирерин далилдеди.

Эми бул ишенимге арзыган аял лидерлери менен кризистен пайдаланып, күнөөнү чет жактан, журналисттерден, же дагы башкалардан издеп, мен баарынан кыйынмын деп кайталап авторитардык башкарууну кыялданган Трамп, Болсонаро, Лопес Обрадор, Моди, Дутерте, Орбан, Путин, Нетаньяхуну салыштырып көргүлө. Элди ишендирүү, туура уюштурууну ишке ашыруу жагынан коронавирус аял лидерлеринин талантын, чынчылдыгын далилдеди”, - деген ойдо.

АКШдагы мечиттер кан борборлоруна айланууда

"Newsweek” журналы Рамазан айы башталгандан бери АКШдагы мечиттер ачылып, бирок намаз окуганы эмес, мусулмандар кан тапшырганы барып жатканын маалымдады. Американын “Кызыл чырым” уюмунун координатору, "Ахмадия мусулмандар жамааты", "Ахмадия жаш мусулмандар бирикмеси" жана "Адамгерчилик биринчи орунда" аттуу уюмдун демилгеси менен мечиттер кан тапшыруучу убактылуу борборлорго айланды.

АКШ, Коламбустагы мечит
АКШ, Коламбустагы мечит

Пандемиядан улам Америкада 250 миң донор кан тапшыра албай калган. Өлкөдөгү 2700 оорукана күн сайын 15 миң кишиден кан алганы менен баары бир кан запасы жетишпей жатат. Ушундан улам “Кызыл чырым” уюму мусулман жамаатына кайрылып, мечиттерди дезинфекциялоону суранган.

"Ахмадия мусулмандар жамааты" 1920-жылы түзүлүп, дүйнөнүн 213 өлкөсүндө миллиондогон мүчөлөрү бар. Мечитте кан тапшыргандардын санитардык коопсуздугун “Кызыл чырым” уюму камсыз кылууда.

Бишкекте кыйналган пакистандык студенттер

Пакистандын “International News” аттуу англисче басылмасы Кыргызстанда кыйналган пакистандык студенттер тууралуу кабарлады.

Бишкекте билим алып жаткан пакистандык 8700дөй студент коронавирустан улам тамак-аш тартыштыгына учурады.

Гезитке телефон аркылуу бир нече студент байланышка чыгып, Пакистандын Бишкектеги элчилигинен да жардам сураганын айтышкан. Бирок азырынча бийлик алардын өтүнүчүнө жооп кайтара элек. Пакистандык жаштар тез арада мекенине кайтууну каалашууда.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG