Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:11

Коронавирус менен күрөштүн Ысык-Көл ыкмасы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (13-19-апрель, 2020-жыл).

«New York Times» гезити мурдагы Советтер Союзуна кирген өлкөлөрдө коронавирус АКШ менен Европадагыдай тездик менен тарабай, көп адамды өлүмгө учуратпай жатканынын сырын издеген. Буга гезит Ысык-Көлдө 2013-жылы суур союп, андан кара тумоо жугузуп, кайтыш болгон 15 жаштагы өспүрүмдү мисал келтирди.

Анда баяндалгандай, Советтер Союзу 1920-жылдары чыккан кара тумоого каршы атайын агенттик түзгөн. Алыскы тоолуу аймактарга чейин бул агенттик көзөмөлдөп, тумоону токтоосуз басуунун мыкты стратегиялык, тактикалык схемалары даяр эле. Дал ушул ооруга каршы күрөшүү ыкмасы учурда Кыргызстанда жана мурдагы советтик өлкөлөрдө колдонулуп жатат.

Мисалы, 2013-жылы Ысык-Көлдүн тоолуу аймагындагы малчынын 15 жаштагы уулу суур союп терисин сыйрып, андан кара тумоо жугузуп алгандан кийин анын жакындары, ал жашаган айыл толугу менен карантинге алынганын учурунда советтик лабораторияларда иштеген, Орусиядагы «Микроб» аттуу тумоого каршы бүткүл союздук институтта атайын даярдыктан өткөн кыргызстандык адис Равшан Маймулов айтып берген.

Кара тумоону Кыргызстанда дарыгерлер «Формула-100» деп тергеп, бул сыр сөз телефондон жетекчилерге жетери менен өспүрүм жашаган Ичке-Жергез кыштагы көз ачып-жумгуча толук карантинге алынган. Коронавирус Батыш Европа менен АКШда 100 миңдеген кишиге жайылып, курмандыктары да көп болуп жатканда мурдагы Советтер Союзунда анын аз катталышынын эки гана себеби бар. Биринчиси - кара тумоо чыккандагыдай катуу тартип жана тездик менен элди аскердик режимдеги карантинде камоо. Экинчиси - чыныгы фактыларды авторитардык бийликтин жашыруу амалдары.

Март айында алгачкы коронавирус Кыргызстанда табылганда Равшан Маймулов Ысык-Көлдөгү «Формула-100гө» окшош схема дароо ишке киргенин айтат.

Москвадагы Карнеги институтунун директору Дмитрий Тренин: «Орусия менен мурдагы советтик өлкөлөрдүн саламаттык сактоо тармагы бирдей. Советтик медицина жеке адамды дарылоого багытталбаганы менен эпидемияны аскердик тартипте тосуп ала алат» деген пикирде.

Ал эми Орусиянын саламаттыгы жана экономикасы боюнча жогорку мектептин профессору Евгений Гонтмакхер «эпидемияны ооздуктоо темирдей тартипте жүрсө да, ага чалдыккан адамды дарылоо советтик өлкөлөрдө жакшы эмес» деген оюн айткан», деп жазат басылма.

Борбор Азиядагы «коронакризис»

Швейцарияда чыккан «Neue Zürcher Zeitung» басылмасы Борбор Азия менен Кавказда коронавируска каршы ар бир мамлекет ар кандай саясат жүргүзүп жатканын жазды.

Макаланын автору: «Мисалы, Түркмөнстан менен Тажикстанда бул вирусту таптакыр танып коюшту. Түркмөнстанда «вирус жок» деп расмий айтылганы менен бардык учак каттамдары токтотулду. Чет жактагы түркмөнстандыктарды алып келишүүдө. Өлкөдө буга чейин эле карантиндик режимдегидей тартип өкүм сүрчү. Бирок Бердымухамедовдун жашоосу кадыресе уланууда, ал Дүйнөлүк саламаттык күнүнө карата массалык чуркоо акциясын уюштурду.

Борбор Азия менен Кавказ дүйнөнүн башка аймактарынан кескин айырмаланат. Бул чөлкөмдө коронавирус менен күрөшүүдө ар бири өз алдынча аракеттенип, бирдиктүү саясат жок. Ошентсе да өзбек президенти телефон аркылуу дипломатияны сактап туруу аракетинде. Тажикстанда вирус жугузгандар расмий тастыкталбаганы менен марттын аягында бардык авиакаттамдар токтоп, элге вирустан сактануу жолдору байма-бай айтылууда.

Коронакризис эмгек шарттары начар, казынасы бөксө, экономикалык резервдери аз өлкөлөргө өзгөчө чоң сокку болуп жатат. Буга мисал - Кыргызстан карантин жарыяланары менен Эл аралык Валюта Фондунан 121 миллион доллар акчалай жардам алган дүйнөдөгү биринчи өлкө болду.

«Коронакризис» Азербайжан менен Казакстанда авторитардык бийликтин отуна май тамызып, атуулдары сыртка чыгууга расмий уруксат алмайын кыймылдай албай калышты. Казакстанда элге акча таратуу башаламандык менен коштолду. Ошондой эле бийлик «жалган маалымат таратып жатат» деген негизде өзүнө ыңгайсыз медианын оозун басыш үчүн коронавирусту колдонууда» деп жазган.

Карантин азиялыктарды ачарчылыкка алып барат

Британиянын «Economist» журналы Азиянын эли карантинге көпкө камалса жокчулуктан кыйналарын жазды. Тынч океан менен Азия чөлкөмүндөгү элдин 70 пайызынын туруктуу кирешеси жок, расмий эмес жумштарда иштейт. Алар эс алууга кетсе же ооруп калса акча төлөнбөйт. Жакыр, жумушсуз калктын катмары карантинден улам ачарчылыкка кабылууда.

Бейрасмий иштеген адамдар тууралуу маалыматты мамлекет тастыктабагандыктан, аларга кандайдыр бир социалдык төлөм же жардам берүү да кыйын. Эл аралык эмгек уюмунун директору Гай Райдер бюрократиялык тоскоолдуктардан улам эң жакыр катмар жардам ала албай калат деген оюн айткан.

Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча, Азияда күнүнө 5,50 доллардан аз каражат тапкан 11 миллион адам жашайт. Учурда Таиланд менен Казакстандын жумушсуз, кирешесиз калкына социалдык төлөмдөр иштелип чыгууда. Бейрасмий жумушта иштегендер, жардамга муктаждар аныкталгандан кийин бийлик аларга кантип жардам берээрин чечиши керек.

Азиянын бир топ өлкөлөрүндө жакырларга тамак-аш таратылып жатат. Бангладештин бийлиги күрүч, мьянмалыктар туз, буурчак, пияз, Филиппиндер шекер, кофе, консерва балык, эт берүүдө. Бирок азык-түлүк жагынан көмөк көрсөтүү мамлекет үчүн кымбатка турат. Тамак-ашты ташып келүү, таркатууга бир топ каражат кетет. Ушундан улам Индияда 300 миллиондой адамга кошумча социалдык төлөм акчалай берилди. Акчаны аялдар, пенсионерлер, дыйкандар, курулушта иштегендер алышты.

Кээ бир өлкөлөр насыяларды төлөөгө үч айлык каникул жарыялады. Шри-Ланкада автоунааны насыяга алгандардын төлөмү алты айга узартылды. Жардам таратууда жең ичинен бөлүштүрүү деген өнөкөт чыкты. Маселен, Бангладеште бир нече аткаминер акысыз күрүчтү дос-туугандарына таратып жатканда кармалды. Техникалык бюрократия Казакстанда да болуп, социалдык төлөм алууда кыйынчылыктар жаралган.

Ардагер дарыгерлерге 20 миллион доллар чогултуп берди

Британияда Экинчи дүйнөлүк согуштун 99 жаштагы ардагери медициналык кызматкерлерге жардам иретинде 20 миллион долларга жакын каражат чогултту. Узаган жумада капитан Том Мур дүйнөлүк басма сөздүн башкы каарманына айланды.

«The Guardian» гезити Том Мур 30-апрелде 100гө чыгарын, ал алгач өз үйүнүн короосунда ары-бери басып, атайын марафон баштаганын, бул марафонго кайрымдуулар салган акча улам көбөйүп отуруп, 15 миллион фунт стерлингден ашканын кабарлады.

Том Мур 8-апрелде Британиянын өмүр сакчылары үчүн бир миң фунт стерлинг чогултам деген тилек менен бул марафонду баштаган. 24 сааттын ичинде ага акча салгандар 70 миң фунт стерлинден ашкан.

«JustGiving» кайрымдуулук порталынын маалыматына караганда аксакал Мурдун марафону рекорд койду. Ага Британ саламаттык кызматынын дарыгерлери, медайымдары алкыш айтып жатышат.

Бириккен падышалыктын саламаттык сактоо министри Мэтт Хэнкок да басма сөз жыйынында Том Мурга рахмат айтты. Каныша Елизаветанын үй-бүлөсү да аксакалга ыраазычылык билдирип кат жазды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG