Линктер

ишемби, 20-июль, 2019 Бишкек убактысы 19:31

Лидерлер ооруганын жашырат


Титиреген Меркел.

(Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама. 8-15-июль, 2019-жыл).

Германияда чыккан «Tages Spiegel» басылмасы Ангела Меркелдин, Эмануэл Макрондун, Дональд Трамптын жана Владимир Путиндин мисалында дүйнө лидерлери эмнеге ден соолугу тууралуу ачык маалымат бербей турганына кызыккан. «Немис канцлери Ангела Меркел узаган жумада Даниянын өкмөт башчысы Метте Фредериксен менен жолугушуу маалында турган жеринде калтырап-титиреп, кайрадан дүйнө коомчулугун чочутту. Анткен менен канцлер ден соолугу жайында экенин айтып, элинин көңүлүн жубатууда. АКШнын президенти Дональд Трамп тууралуу «акыл-эси ордунда эмес, Альцгеймер оорусуна чалдыкты» деген маалымат эл арасына тараган. Бирок анын жеке дарыгери 2018-жылы президенттин саламаттыгы жайында экенин айтып, текшерүүдөн өткөн соң салмагы ашыкча деген гана жагдайын маалымдаган. АКШда мээсине кан куюлган, жүрөгү ооруган, деменцияга чалдыгып, эс тутумун жоготкон президенттер буга чейин да болуп келген. Бирок алардын оорусу тууралуу эл өтө кеч маалымат алат. Франциянын президентинин ден соолугуна байланышкан маалымат таптакыр чыкпайт. «Президенттин саламаттыгын талкуулоого болбойт» деген жазылбаган эреже болсо да, «Эммануэл Макрон өтө арыктап, жүзү кубарып кетти» деген чочулоо басма сөздө көп айтылган. «Катуу стресстен улам жүрөгүнө тамак баспай, кыйналууда» дегендер да бар. 1981-1995-жылдары Францияны башкарган Франсуа Миттерандын ден соолугуна байланыштуу убагында бир топ кеп-сөз айтылганы менен 1992-жылы өсмө оорусунан операция болгонго чейин элге так маалымат берилген эмес. Орусиянын президенти Владимир Путиндин да өсмө оорусу бар деген сөздөр айтылып калат. Бирок Кремль буга эч качан түшүндүрмө бербейт. Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков: «Президенттин саламаттыгын талкуулоого жол берилбейт», - деп так кесе айтканы бар», - деп жазат гезит.

Кытайда иликтөөчү журналисттер калбай калды

«The New York Times» гезити Cи Цзиньпиңдин бийлигинин тушунда Кытайда иликтөөчү журналисттер калбай калганын жазып: «Коммунисттик партиянын катуу чеңгелинде турганына карабай кытайлык иликтөөчү журналисттер коомдо өзгөчө добушка ээ болуп, балдардын меламин менен ууланышы, бийликтин кан сатууга байланыштуу көмүскө иштери сыяктуу элдин көйгөйүн чагылдырууда чоң күч болгон.

Си Цзиньпиң.
Си Цзиньпиң.

2012-жылдан бери Си Цзиньпиңдин бийлиги Кытайдын медиасын таптакыр башка нукка буруп, жаңылык таркатуучу булактарды жакшы гана кабарларды берген, «партияны сүйүү, аны коргоо, ага кызмат кылуу» деген ураанды гана жайылткан үгүт каражатына айлантты. Бул саясат дээрлик 1,4 миллиард элдин арасында маалыматтык боштукту жаратты. Бир нече жыл мурда сот жообуна тартылган Сычуань провинциясынын иликтөөчү журналисти Лю Ха: «Бийлик элдин көзүн көр, кулагын кер кылды. Биздин оозубузду жаап, элдин үнүн да басты. Азыр кытайлык жарандар кайдыгер адамдарга айланышты. Иликтөөчү журналистиканы коомдун мүшкүлдөрүн чагылдырган, башкарууга жардам берген чоң жардамчы катары кабылдоонун ордуна Си Цзиньпиңдин партиясы аны элдин тынчтыгын бузуучу атаандашындай көрдү», - деген пикирде. 2015-жылы Янцзы дарыясында кеме кыйрап, 442 адам каза болгондо Ян Зайкяң аттуу журналист кесиптештери менен «Southern Metropolis Daily» басылмасына бийликти сындаган көлөмдүү макала даярдаган. Бирок ал макаласы жарыяланар алдында бийлик тыйып койгон. «Биз өзүбүз каалаган теманы жаза албайбыз. Коомчулук журналистикадан барган сайын алыстоодо», - деп кейийт Зайкяң. 2014-жылы Шанхайда ачылган «Q Daily» гезити социалдык кыйынчылыктарды, ички-тышкы миграциянын оор жагдайларын чагылдырып турчу. Муну да бийлик бир жылдан кийин эле «коомдук пикирди тескери нукка буруп жатат» деген жүйө менен жапты. Си Цзиньпиң бийликке келерде Кытайдын иликтөөчү журналистикасы алтын доорун сүрүп турган. Эркин журналисттер жер титирөөдөгү массалык кыргын, вакцинация чыры сыяктуу коомдогу олуттуу маселелердин бетин ачышчу. Бирок Си бийликке отурары менен дароо эле 48 иликтөөчү журналист камакка алынды, эркиндикте жүргөндөрүнүн темаларын чектеп жатышат. Кытайдын ичиндеги мындай оор кырдаалга карабай, айрым журналисттер өлкө тышында элдин көйгөйүн чагылдырууну улантууда. Маселен, Британиянын Лидс университетинде иштеп жаткан кытайлык журналист Юан Цең кесиптештери менен чакан топ түзүп, Кытайдагы коррупция, кылмыштуулук, киши өлтүрүү сыяктуу оор темаларды эл аралык басылмаларда чагылдырып келет», - деп баяндайт.

Кыргызстанда расизм коркунучу бар

«Eurasinet» басылмасы Кыргызстан Борбор Азиядагы эң меймандос өлкө болгонуна карабай, Бишкектин чок ортосунда эл аралык мектептин негиздөөчүсү, нигериялык жаран киши колдуу болгону бул өлкөдө жашап, окуп, иштеп жаткан башка расадагы элди чочутуп койгонун жазат.

Али Абубакр.
Али Абубакр.

​​«Айрыкча Түштүк Азиядан келген студенттер расизмди жон териси менен сезүүдө. Медициналык билим алып жаткан индустар Бишкекте 10 жылга жакын убактан бери жүрүшөт. Алар күнүгө ксенофобиялык мамилеге учурайт. Маселен, Бишкекке ондогон жылдар мурда келип, ишкердик менен алектенген индиялык адам шаарда өзү жалгыз жүрө албай турганын айтты. Каны кызуу жергиликтүү жаштар өңү башка чет элдиктерге тийише бергендиктен, алар топтошуп жүрүүгө аргасыз. Атын атагысы келбеген кыргызстандык кыз африкалык жигитке турмушка чыккан. Ал Бишкекте күйөөсүнө кысым болгонун ырастады. Ал арада каза тапкан нигериялык окутуучунун бир тууганы Абдул Рахман эми Кыргызстанда калбай турганын, бул өлкөнү жакшы көрсө да, аргасыз мекенине кетүүгө камынганын бизге билдирди», - деп баяндайт басылма.

Дубай ханбийкесинин жомогу бүттү

Иордан падышасынын карындашы, Дубайдын башкаруучусу Мухаммед Рашид аль-Мактум шейхтин жубайы Хая ханбийке аны таштап, бала-чакасы менен Европага качып кеткен окуя бир нече жумадан бери эл аралык басылмалардагы эң көп талкууланган тема болду.

Хая ханзада Лондондо.
Хая ханзада Лондондо.

«Foreign Policy» журналы Мухаммед шейхтин социалдык медиага жазган ырын чыгарып, андагы жашыруун маанини талдады: «Мухаммед шейх өз саптарында «Айрымдар муну чыккынчылык дешет, ооба, дал өзү, менин жан дүйнөмдү талкаладың, рухум сенин оюнуңа чыдабай калды» деп жазган. Шейхти дубайлыктар жалаң эле саясатчы эмес, акын катары да таанышат. Ал өз ырында күнөөнүн баарын жубайы Хаяга оодарууда аракет кылып, аны айыптайт. Бирок буга чейин да шейхтин үй-бүлөсүнөн аялдар качууга аракет кылышкан. Кызы Латифа 2018-жылы февралда Британияга кетип, кайра мекенине барбай, өз үйүндөгү кордук, зомбулук тууралуу 39 мүнөттүк видеону жарыялап жиберген. 2000-жылы Мухаммед шейхтин дагы бир кызы Шамса Британиядан баш калка издеп, бирок саудиялык тыңчылар аны мекенине кайра мажбурлап алып барышкан. Саудиянын эң бай, падышалык тукумга кирген үй-бүлөлөрүнүн айрым кыз-келиндери Европадан баш паанек сурап, качып жүргөнү маалым».

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG