Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:05

COVID-19: АКШ Кытайды кайра айыптады


АКШнын президенти Дональд Трамп. Ак үй, 27-апрель, 2020-жыл.
АКШнын президенти Дональд Трамп. Ак үй, 27-апрель, 2020-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп COVID-19 пандемиясына байланыштуу Кытайды айыптады. Европанын айрым өлкөлөрүн улай Жаңы Зеландия жана Австралия чектөөлөрдү четинен ала баштады. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму пандемия аягына чыга элек экенин эскертти.

АКШнын президенти Дональд Трамп дүйшөмбү күнү Ак үйдөгү кайрылуусунда Кытайды кайрадан айыптады. Ал Бээжин COVID-19 илдетин жаңы башталганда ооздуктай албаганын белгилеп, анын айынан вирус дүйнөнүн кеминде 184 өлкөсүнө жайылып кеткенин, АКШда өтө көп адамдын өлүмүнө себепчи болгонун айтты. Ошондой эле Кошмо Штаттар бул маселе боюнча иликтөө жүргүзүп жатканын кошумчалады.

«Алардын жоопкерчилигин кароонун көп жолу бар. Биз олуттуу иликтөө жүргүзүп жатабыз. Силер билгендей, биз Кытайдын аракетине канааттанган жокпуз. Бул кырдаалга канааттанбай турабыз. Вирусту очогунан токтотсо болмок деп ойлойбуз. Бүтүндөй дүйнөгө жайылбаса болмок», - деди Трамп.

Буга чейин Франциянын жана Британиянын бийлиги да Вашингтондун мындай билдирүүлөрүн коштоп, илдеттин жайылышына байланыштуу Кытайга суроолор көп экенин белгилешкен. Бирок расмий Бээжин вирустун чоо-жайына жана Кытайдагы эпидемиянын масштабына байланыштуу дооматтарды четке кагып келет.

Кытайдын Ухань шаары кадимки турмушка кайта баштады.
Кытайдын Ухань шаары кадимки турмушка кайта баштады.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Ген Шуан пандемия күч алып турган шартта «бардык мамлекеттер илдеттин алдын алууга, аны көзөмөлдөөгө көңүл бурушу керек» деп билдирди.

«Учурда маселени саясатташтыруу илимий изилдөөлөрдүн башкы максатына, эл аралык кызматташтыкка гана каршы келбестен, пандемияны токтотуу боюнча глобалдык аракеттерге кедергисин тийгизет», - деп билдирди 27-апрелде Ген Шуан.

Коронавирус жуккандар 3 миллиондон ашты

Кантсе да декабрь айында Кытайдын Ухань шаарынан башталган вирус дүйнө жүзүндө 3 миллиондон ашуун адамга жукту. 28-апрелге карата 211 миң киши өпкөнү сезгенткен бул илдеттен көз жумду. АКШнын өзүндө эле коронавируска чалдыккандардын саны дээрлик бир миллион адамга чукулдап, 56 миңден ашуун бейтап жашоо менен кош айтышты.​

Соңку күндөрү Кошмо Штаттарда илдетке чалдыккандардын жана андан каза тапкандардын саны акырындап азайып баратканы менен Орусия, Бразилия сыяктуу бир нече өлкөдө вирус тездик менен жайылып жатат. 28-апрелдеги маалыматка ылайык, акыркы бир сутка ичинде Орусияда 6411 кишиден вирус табылып, өлкөдө COVID-19 илдетине чалдыккандардын жалпы саны 93 миңден ашты. Натыйжада бул өлкө дүйнөдө вирус эң көп катталган тогузунчу мамлекетке айланды.

Москвадагы «Тез жардам» кызматы коронавируска чалдыккан бейтапты ооруканага алып кетип баратат. 27-апрель, 2020-жыл.
Москвадагы «Тез жардам» кызматы коронавируска чалдыккан бейтапты ооруканага алып кетип баратат. 27-апрель, 2020-жыл.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Африка, Чыгыш Европа, Түштүк Америка менен Азия өлкөлөрүндөгү кырдаал өзгөчө тынчсыздануу жаратып жатканын билдирип, дүйнө өлкөлөрүн чектөөлөрдү алууда этият болууга чакырды.

«Европада вирус жуккандар азайып, карантин эрежелери жумшарууда. Биз өлкөлөрдү илдеттин басаңдашын мындан ары да камсыз кылыш үчүн вируска чалдыккан бардык адамдарды текшерүүдөн өткөрүп, дарылап чыгууга жана алар менен байланышта болгондору аныктоого чакырабыз. Пандемия аягына чыкты дегенге эрте», - деди ДССУнун жетекчиси Тедрос Гебрейсус.

Ал арада илдеттин жайылышы басаңдап бараткан Европанын Испания, Германия сыяктуу мамлекеттерин улай Жаңы Зеландия менен Австралия да карантинди жумшартууга киришти. Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн вирустун тамыры кыркылганын билдирип, 400 миңдей адамга жумушка чыгууга уруксат берди. Дүйшөмбү күнү бул өлкөдө бир адамдан гана коронавирус табылды.

Австралияда да акыркы 24 саатта 12 жаран гана коронавирусту жугузуп алганы аныкталды. Натыйжада Сидней шаарында белгилүү Бонди пляжы кайра ачылды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG