Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:48

Уханда өлгөндөрдүн саны көп болуп чыкты


Кытайдын Ухан шаары.
Кытайдын Ухан шаары.

Кытайдын Ухань шаарында COVID-19 илдетинен өлгөндөр мурда айтылгандан көп болуп чыкты. Айрым Батыш өлкөлөрү Кытайды вирустун чоо-жайы жана кантип таралганы тууралуу маалыматтарды ачык айтууга чакырышууда.

Дүйнөнү каптаган COVID-19 илдети адеп катталган Кытайдын Ухань шаарында турмуш-тиричилик мурдагы калыбына түшө баштады. Жергиликтүү бийлик вирусту жугузуп алган жаңы бейтаптар жок экенин билдирип жатат. Бирок бул шаарда өпкөнү сезгенткен илдет мурда айтылгандан да көп жоготууларга себеп болгонун Бээжиндин 17-апрелдеги маалыматы күбөлөдү.

Ага ылайык, Уханда декабрь айынан бери илдеттен көз жумгандар 1290 кишиге, ал эми вируска чалдыккандар 325 адамга көп болуп чыкты. Натыйжада жаңыланган статистика ылайык, Кытайда жалпысынан 83700дөн көп киши илдетти жугузуп алса, алардын 4600дөн ашыгы каза тапты.

11 миллиондой калкы бар Ухандын бийлиги статистика эпидемия алгач башталганда үйүндө каза болгондордун жана убагында расмий органдарга кабар берилбей калган учурлардын эсебинен көбөйгөнүн билдирип жатат. Кантсе да Бээжиндин маалыматы эл аралык эксперттер Кытайдагы эпидемиянын масштабынан күмөн санап жаткан учурда жаңыланды.

Ухан шаарындагы бир көрүнүш, 14-апрель 2020-жыл.
Ухан шаарындагы бир көрүнүш, 14-апрель 2020-жыл.

Вашингтон Бээжинди илдет тууралуу чыныгы жагдайды жашырган деп айыптап келет. 16-апрелде анын катарына Франция менен Британия, жума күнү Австралия да кошулду.

“Биз билбейбиз. Биз билбеген нерселер орун алганы анык”, - деп билдирди француз президенти Эммануэл Макрон “Financial Times” гезитине.

Британ тышкы иштер министри Доминик Рааб Кытай көп суроого жооп бериши керек экенин белгиледи.

“Бул кризистен кийин ишти мурдагыдай эле уланта албай турганыбыз талашсыз. Илдет кайдан чыкканы, эмне үчүн эртерээк токтотулбаганы тууралуу оор суроолорду беришибиз керек”, - деди ал.

15-апрелде АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео “Fox News” телеканалы менен маегинде Бээжин вирустун чоо-жайын, кантип дүйнөгө тарап кеткенин ачык айтышы керектигин билдирген. Деген менен Кытай бийлиги Батыш өлкөлөрүндө айтылып жаткан дооматтарды четке кагып, дүйнө пандемияга каршы биргелешип күрөшүүсү керектигин белгилеп жатат.

“Коронавирус кайдан чыкканы жана кантип таралганы тууралуу Кытайдын позициясы анык. Биз муну илимпоздор иликтеши керек деп эсептейбиз. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус лабораторияда жасалды дегенге далил жоктугун билдирген. Дүйнөдөгү көптөгөн белгилүү эксперттер вирус лабораториядан чыгып кетти деген жоромолдордун илимий негизи жок деп эсептешет”, - деп билдирди Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Чжао Лижян.

Нью-Йорктун Бруклин аймагындагы оорукана, 14-апрель 2020-жыл.
Нью-Йорктун Бруклин аймагындагы оорукана, 14-апрель 2020-жыл.

Кантсе да декабрь айында башталган COVID-19 илдети саналуу өлкөлөрдү эске албаганда дүйнөнүн бардык аймактарына тарады. 17-апрелге карата вирусту жугузуп алгандардын саны 2 миллион 165 миңден, көз жумгандардын саны 145 миң кишиден ашты.

Европада Британия жана Франция сыяктуу өлкөлөр карантиндин мөөнөтүн узартса, Германия, Австрия жана Дания чектөөлөрдү жумшарта баштады. 16-апрелде Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп карантин чараларын акырындык менен алуунун жол-жоболорун жарыялады.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG