Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:06

COVID-19 ириде өпкөнү талкалайт


SARS-CoV-2 вирусунан жабыркаган бейтаптын өпкөсү.
SARS-CoV-2 вирусунан жабыркаган бейтаптын өпкөсү.

Кит Мортман – АКШдагы Жорж Вашингтон университетинин дем алуу органдарынын хирургиясы бөлүмүнүн башчысы. Ал бул күндөрү коронавируска чалдыккандарды дарылап, жугуштуу илдетке каршы күрөшүп жатат.

- Дарыгер вирус жуккандан кийин адамдын организми кандай өзгөрүүлөргө дуушар болорун, өпкө кандай жабыркай турганын түшүндүрүп берди:

- Коронавирус жугузган биринчи бейтап бизге 18-мартта келип түштү. Курагы 60га таяп калган киши, ушуга чейин тынчын алган бир гана жогорку кан басымы болгон экен. Адегенде анын да башкалардай эле дене табы көтөрүлүп, жөтөлүп, анан дем алуусу оорлошкон. Өз алдынча дем ала албай калганда башка оорукана шашылыш кабыл алган. Өпкөсү тез эле катуу жабыркап, интенсивдүү дарылоого муктаж болуп калган. Ошондон кийин ал бейтапты биздин ооруканага алып келишкен. Биздин адистер карап туруп, аны дагы кошумча канын кычкылтек менен байытуучу аппаратка туташтырышкан. Башкача айтканда бейтаптын өпкөсүн жасалма дем алдыруу жетишсиз болуп калган.

- Демек, ал бейтап адегенде жөтөлүп туруп эле абалы өтө оорлошуп кеттиби?

– Ооба, өтө тез арада эле.

- Бейтаптын өпкөсүндө эмне өзгөрүү болду? Дарыгерлер эмнени байкашты?

- Биз бейтаптын өпкөсүнүн сүрөтүн атайын программага салып, виртуалдык реалдуулукта 360 градуста карап чыктык. Анда өпкөнүн белгисиз вирустан жабыркаган бөлүгү менен таза ткандарынын ортосундагы айырма асман менен жердей экенин көрдүк.

Айырма ушунчалык айкын болгондуктан, медициналык адистер өпкөдө эмне өзгөрүү болуп жатканын дароо эле түшүндүк. Адис эместер да ал сүрөттү карап туруп, өпкө ушунчалык катуу сезгенип, вирус өпкөнүн ткандарын бузганын көрдүк.

Биз көрүп турган өпкөнүн жабыркаган эки тарабы.

Коронавирус ириде өпкөнү талкалайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:53 0:00

Кит Мортман дарылаган бейтаптын өпкөсү

- Мындай өпкөнүн сүрөтүн биринчи көргөндө эмне деп ойлодуңуз? Биринчи реакцияңыз кандай болду?

- Менин биринчи реакциям буга чейинкидей эле болду. Мен көптөн бери эле коомчулукту жана адистерди ар кандай илдеттер тууралуу кабардар кылып келем. Мындай сүрөт менен адистердин айтканын этибарга албай койгондорго жана өпкө мынчалык сезгенгенде бейтапты жасалма дем алдырчу аппаратка туташтыруу жетишсиз экенин көрсөткүм келди.

Бул сүрөттү көргөндөр вирус канчалык коркунучтуу экенин аңдап, ал жаш-карысына карабай турганын түшүнөр деп үмүттөнөм.

- Сүрөттү карап туруп COVID-19 менен ооруган бейтаптын өпкөсүндө эмне өзгөрүү болуп жатканын айтып бере аласызбы?

- Коронавирус жуккан көпчүлүк бейтаптарда оорунун белгилери жумшак формада же такыр эле билинбей өтүп кетерин билебиз. Бейтаптардын 20% дем алуусу кыйындап, абалы оорлошот. Алардын дем алуусун жеңилдетиш үчүн атайын аппаратка туташтыруу зарыл.

- Бул чындап эле кооптондурат экен. Ооругандардын өпкөсүндө берч пайда болорун укканбыз. Анын кесепети кандай болот?

- Иш жүзүндө вирустук инфекция өпкөнү катуу сезгентет. Ал узакка чейин дарыланбай жүрө берсе өпкөнүн тканын бузуп, берч пайда кылат. Анын айынан бейтаптын дем алуусу оорлошуп, анын кесепети көпкө сезилет.

- Доктор Мортман, вирус кары-жаш дебей кооптуу деп атасыз. Жаштардын тынчсыздануусуна эмне себеп деп ойлойсуз?

- Жаштар эки негизден улам тынчсызданышы керек. Биринчиден, жаш курактагылар да вирусту жугузуп алат, алар улам көбөйүп баратканын билебиз. Алар да ооруканага түшүп жатат. Демек, коронавирус алардын жашоосуна да түздөн-түз таасир этип жатат. Экинчиден, жаштардын арасында оорунун белгилери байкалбай жүрө бергендер арбын. Алардын байкалбай вирусту алып жүрө бергени өтө чоң коркунучту пайда кылат. Мындай учурда алар ата-энесине, бир туугандарына, чоң ата, чоң энесине, коңшуларына, жакындарына вирус жугузушу мүмкүн.

Вирус жугузгандан кийин абалы оорлошуп кеткендер тууралуу айтсак, алар негизинен улгайып калган, иммунитети начар жана башка өнөкөт оорулары бар адамдар деп билебиз. COVID-19 жуккан учурда кандай оорулар кайра козголушу мүмкүн?

- Кимдин иммунитетин түшүргөн өнөкөт оорусу болсо, алар коркунучта. Мисалы, астма жана башка өпкөнүн өнөкөт оорусу барлар, муун илдеттеринен жабыркагандар дарыланган стереоддик дары-дармектерди ичкендерге тиешелүү. Ошондой эле кант диабети, өсмө (рак), кан басымы жогорулар вируска өтө сезимтал келишет.

Профлактика тууралуу сөз кылсак, колду тез-тез таза жууп турган эле жетиштүүбү? Вирустан коргонууга жана аны башкаларга таратпоого эмне жардам берет?

- Ар бирибиздин колубуздан келе турган нерселер бар. Баарыбыз тең коопсуздук эрежелерин сактай алабыз. Эң оболу жеке гигиенаны сактап, колду тез-тез жууп туруудан баштайлы. Сиз дүкөндө арабаны түрткөндө, имараттын эшигин же машиненин эшигин ачканда вирусту кокустан жугузуп алсаңыз, колду таза жууп эле андан коргоно аласыз.

Вирусту кайдан жугузуп аларыбызды биз билбейбиз. Анткени коронавирус кээ бир нерсенин бетинде (желим, металл, жыгач, картон) үч-беш күнгө чейин өлбөй тура берет.

Андыктан колду тез-тез таза жууп туруу эң маанилүү. Эгер жөтөлсөңүз же чүчкүрсөңүз – оозуңузду алаканыңыз менен эмес, колуңузду чыканактан бүгүп туруп жабыңыз.

Ошондой эле башкалардан кеминде эки метр алыс болуп, аралыкты сакташ керек. Албетте, эң башкысы - үйдөн чыкпай, эл топтошкон жерлерге барбай отуруу абзел.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG