Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-май, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 14:30

COVID-19: Немистердин ийгилик сыры эмнеде?


Аскат Түркбаев.

Европанын башка мамлекеттерине салыштырмалуу коронавирустан өлгөндөр Германияда аз. Мунун себеби эмнеде? «Азаттыктын» ушул жана башка суроолоруна Хекстер шаарында реаниматолог болуп иштеген Аскат Түркбаев жооп берди.

- Аскат мырза, мурдагыдан иш көбөйдүбү? Сиз иштеген Хекстер шаардык ооруканасында абал кандай?

- Мен иштеген ооруканада абал коронакризиске чейинкидей эле уланып жатат. Өтө чоң өзгөрүү деле болгон жок. Болгону нөөмөткө көбүрөөк туруп жатабыз. Шашылыш гана операциялар жасалууда. Калганы абал оңолгуча жылдырылды. Биздин оорукана 450 орундуу. Азыр реанимацияда коронавирус жугузуп алган беш адам бар. Ал эми шаар боюнча жугузуп алгандардын саны көп эле. Алардын белгилери жеңил болгондуктан үйүндө дарыланып жатат. Коронавирустун симптомдору менен келгендерди атайын бөлмөдө кабыл алышат. Дароо ооруканага киргенге уруксат берилбейт. Бардык коопсуздук чаралары сакталган.

Өлүмдүн аз болуп жатышынын дагы бир себеби бул жакта жасалып жаткан тесттердин көптүгүндө деп ойлойм. Анткени Германияда күнүнө он миңдеген тест жасалып жатат.


- Германияда коронавирусту 100 миңден ашуун адам жугузуп алса дагы адам өлүмү башка коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу аз экен. Мунун себебин сиз эмнеден көрөсүз?

- Албетте, биринчиден калктын аң-сезими десек болот. Бардык эрежелерди так сактап жатышат. Канцлер Ангела Меркелдин да элине кайрылуусу аябай күчтүү болду. Согушту башынан өткөргөн эл дароо угуп, эч кандай өзгөчө кырдаал киргизилбесе да «үйдөн чыкпагыла» десе баш ийди. Бул жакта деле бийликти жаман көргөндөр бар, бирок ушундай учурда ар бир жаран өзүнүн жана жакындарынын саламаттыгына жоопкер экенин сезип бийликтин айтканын аткарып жатат.

Демек бул багыттагы мамлекеттик саясат жакшы жүргүзүлдү. Маселен, биздин эле шаарда жалгыз жашаган кары-картаңдар сыртка чыкпасын деп жашыраак коңшу-колоңдору керектүү азык-түлүгүн, дары-дармегин алып келип беришүүдө. Анткени коронавирус өзгөчө улгайган адамдар үчүн кооптуу экенин баары түшүнүп турушат. Экинчиден, коронавирустун жайылышы күчөй баштаганда өкмөт медицина тармагын мобилизация кылып, план түзүп, коркунучка даяр болуш үчүн бардык аракеттерди көрдү. Кошумча орундар даярдалды, өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар толукталды. Бул жагынан алганда Германияда медицина күчтүү.

Өлүмдүн аз болуп жатышынын дагы бир себеби бул жакта жасалып жаткан тесттердин көптүгүндө деп ойлойм. Анткени Германияда күнүнө он миңдеген тест жасалып жатат. Кээ бир адамдар коронавирус жугузуп алса деле симптомдору жок жүрө беришет да. Тест аркылуу аныктаган соң аларды дароо изоляцияга алууга шарт түзүлүп жатат.

Германиянын Герлиц шаарында айдоочудан тест алып аткан медкызматкер. 2-апрель, 2020-жыл.
Германиянын Герлиц шаарында айдоочудан тест алып аткан медкызматкер. 2-апрель, 2020-жыл.

- Германияда коронавируска чалдыккан адамдарды кантип дарылап жатышат жана эң кооптуусу эмнеде болууда?

- Коронавирустун азыр дарысы жок. «Андай же мындай дарылаш керек» деп эч ким айта албайт. Дене табын түшүрүш үчүн дарылар берилет. Анан албетте, өтүшүп кетсе анда ооруканага жаткырып, аппаратка кошконго туура келет. Эң кооптуусу - коронавирустун контагиоздуулук деңгээли же адамдан адамга жугуу көрсөткүчү абдан жогору болгону. Маселен, сиз жөнөкөй грипп менен ооруп жатасыз дейли: он адам отурган бөлмөгө кирсеңиз, алардын бир-экөөнө жугузушуңуз мүмкүн. Ал эми коронавирус ошол он адамдын сегизине жугат. Анан коронавирус өзгөчө жашы өтүп калган адамдарга, кант диабети, өсмө (рак) сыяктуу өнөкөт оорусу барларга, жүрөк оорулууларга, ички органдары трансплантация болгондорго өтө кооптуу. Ошондуктан эң биринчи кезекте дал ушундай адамдардын саламаттыгына өзгөчө көңүл буруш керек. Бул жаңы вирус, изилдене элек. Ошол себептен анын белгисиз жактары көп. Дал ошол белгисиздиги менен кооптуу болуп жатат. Ооруп айыккан адамдарда мындан ары туруштук пайда болобу же ал мутация болуп кетип кайра жугабы? Бул дагы чоң суроо. Эгер мутация болсо анда абдан коркунучтуу.

- Дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар менен иштеген дарыгерлердин коопсуздугу актуалдуу болуп турат. Кыргызстанда бул илдетти 34 медкызматкер жугузуп алганы белгилүү болду. Өз тажрыйбаңыздан улам айтсаңыз, эмнеге көңүл буруш керек?

Бул жаңы вирус, изилдене элек. Ошол себептен анын белгисиз жактары көп. Дал ошол белгисиздиги менен кооптуу болуп жатат.


- Жогоруда мен атап өткөн аялуу катмарга кирген адамдардан кийин эле коронавирусту жугузуп алуу коркунучу жогору топко дарыгерлер кирет.

Албетте, биринчи кезекте эле коопсуздук формасы маанилүү. Андан кийин иштегенге эң жөнөкөй шарттар түзүлүп берилиш керек. Кыргызстанда ошол да жок болуп жатпайбы. Бизде кайсы мамлекеттик ооруканада бардык шарттар түзүлгөн деп айта алабыз? Кыргызстанда дарыгерлер ансыз да аз. Көбүбүз Орусияга, Германияга жана башка жактарга чыгып кеткенбиз. Ошондуктан эң биринчи кезекте медицина кызматкерлерине көңүл буруу зарыл. Германияда коопсуздукка каражат абдан жакшы бөлүнөт. Бул илдет жакындаганда эле ооруканада дароо бөлмөлөр бошотулуп, аларды кабыл алчу кошумча орундар даярдалган жана коронавирусту жугузуп алган адамдар менен иштечү дарыгерлер атайын даярдыктан өткөн. Алар атайын формачан жүрүшөт. Калгандарыбыз кадимкидей эле медициналык беткап, халатчанбыз. Анткени Германияда деле атайын маскалар, формалар тартыш.

COVID-19: Немистердин ийгилик сыры эмнеде?
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:03 0:00
Түз линк


- Кыргызстандын шартында дагы эмнелерге көңүл буруш керек деп ойлойсуз?

Кыргыздар негизи эле ден соолукка жоопкерчиликсиз мамиле кылышат. Биз үчүн байлык, айфон, жакшы машине жана башка нерселер маанилүү. Ден соолукка кам көрүү сегизинчи-тогузунчу орунда калып калган.


- Кыргызстанда бийлик эл менен туура иштешип, туура мамлекеттик саясат жүргүзүшү керек деп ойлойм. Эми саламаттык сактоо тармагы буга чейин деле мышык ыйлагыдай абалда болчу, коронавируссуз эле эч кандай аппарат жок эле. Азыр эми бийликти сындай бергенде деле пайда жок. Эл жана бийлик дүйнө жүзүнүн башына түшкөн мүшкүлдөн азыраак жоготуу менен чыгыш үчүн бир муштумга түйүлүп аракет көрүшү зарыл. Учурда «мен эч нерсе болбойм» деп көчөгө чыгып кеткендер же бул илдеттин кооптуулугуна көңүл кош мамиле кылгандар да көп болуп жатканын социалдык тармактардан окуп жатам.

Эмне үчүн үйдө калыш керек? Макул, карантинди жоюп салып адамдын баары «Айчүрөк» дүкөнүнө же мечитке барды дейли, ал жактан кокус бирөөнөн 1000 кишиге коронавирус жугуп калды дейли. 1000 кишини Бишкектин бардык ооруканаларын мобилизациялаганда да эптеп орун жана өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар табылышы мүмкүн. Эртеси эле ушундай 1000 киши келсе анда аларды жаткырганга орун да, аппарат да табылбайт. Ошондуктан оор абалдагыларды сактап калуу мүмкүн болбой, эл жөн эле кырылып калат. Мына ушул себептен үйдө отуруш керек. Жок дегенде күнүнө 50 адамдан түшсө да жардам берүүгө мүмкүнчүлүк болуш керек.

Италия сыяктуу мамлекеттер адамдардын баары жапырт ооруганы үчүн айласын таппай калды. Кыргызстан алардын катасын кайталабашы зарыл. Элдин аң-сезими өзгөрүш керек. Өзүңдү ойлобосоң да улгайып калган ата-энеңди, буга чейин ооруп жүргөн жакын адамыңды ойло. Сен көчөдөн жугузуп келип, аларга жугузба. Кыргыздар негизи эле ден соолукка жоопкерчиликсиз мамиле кылышат. Биз үчүн байлык, айфон, жакшы машине жана башка нерселер маанилүү. Ден соолукка кам көрүү сегизинчи-тогузунчу орунда калып калган.

- Пандемия менен дүйнө жүзү күрөшүп жатат. Ар ким ар кандай божомолдору менен бөлүшүүдө. Кээ бирөөлөрү коронавирус кайра күзүндө кайтып келиши мүмкүн деген да ойлорун айтышууда. Сиз кандай деп ойлойсуз?

- Өтө деле пессимист болуп кереги жок. Адамзат орто кылымдарда деле жугуштуу ооруларды жеңип келген. Азыркы күндө технологиянын жардамы менен деле акырындап жеңет. Бул пандемия болуп жаткандан кийин бир да адам мындан четте калбайт. Ала-Тоонун чокусуна чыгып алса да эртеби-кечпи жетет. Болгону бардык гигиеналык эрежелерди сакташ керек. Азырынча коронавирустун жайылышын созуш керек. Бир жумада миңдеген адам түшсө мамлекет жөн эле жок болуп кетиши мүмкүн. Биз ошого жол бербешибиз керек. Эми күн ысыса ультрафиолет нурлары коронавирустун жайылышын да кыйла төмөндөтөт деген үмүттөмүн.

- Рахмат, маегиңизге!

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (12)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG