Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-май, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 23:05

Дарыгерлерге «кечиккен» камкордук


Баткен.

Кыргызстанда өкмөт менен парламент өзгөчө абал шартында иштеп жаткан дарыгерлерге кошумча акы төлөө боюнча документтерди иштеп чыгышты.

Кыргыз бийлиги коронавируска каршы күрөшүп жаткан дарыгерлерге кошумча акы төлөөнү өлкөдө бул илдетти жугузган медиктер 39 кишиге жеткенден кийин сунуш кылды. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, кошумча акы дарыгерлер СOVID-19 вирусун жугузуп алса же андан каза болсо төлөнмөкчү.

Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

«Мен азыр суммасын айтпай эле коёюн, бирок бул документ чыккандан кийин буюрса ишке кирет. Эгерде кайсы бир мамлекеттик кызматкерибиз ооруга чалдыгып калса, компенсациясын алат. Экинчи маселе - өзгөчө абал шартында коронавирус жугузуп, ошонун негизинде каза болуп калган медицина кызматкеринин үй-бүлөсүнө да атайын өлчөмдөгү компенсация төлөнөт», - деп түшүндүрдү Боронов.

Биринчи вице-премьер компенсациянын суммасын айтпаганы менен өкмөттүн токтомуна ылайык коронавирус жугузган медкызматкерлерге 200 миң сом, ал эми каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө 1 миллион сом каражат бөлүнөрү белгилүү болду. Өкмөттөгүлөр бул токтомго жакын арада кол коюларын кабарлашты.

Ал ортодо дал ушундай мазмундагы мыйзам Жогорку Кеңеште даярдалып жатат. Парламенттин бир нече депутаты иштеп чыккан «Медициналык кызматкердин макамы» боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдө өзгөчө абал шартында иштеген дарыгерлер үчүн бир катар камкордук чаралары камтылган.

Атап айтсак, вирус чыккан жерде иштеп жаткан дарыгерлерге 10 айлык маянасынын суммасынын аз эмес өлчөмдө кенемте төлөө каралган. Мисалы, дарыгердин орточо айлыгы 10 миң сом болсо, жаңы мыйзамга ылайык карантик шартында иштегенде 100 миң сомго чейин кошумча айлык алышы керек.

Мындан сырткары эгер медицина кызматкери коронавирустун айынан каза болсо анын үй-бүлөсүнө 20 жылдык маянасын төлөп берүү сунушталууда. Ал эми кооптуу жерде иштеп жатып 1-топтогу майып болуп калса 10 жылдык айлыгы, 2-топтогу майыптык алса 8 жылдык жана 3-топтогу майып деп таанылса, беш жылдык айлыгы төлөнүшү керек. Жаңы мыйзамда өзгөчө абал учурунда өкмөт дарыгерлерди коргоочу каражаттар, транспорт менен камсыз кылууга милдеттүү болот.

Мыйзамдын демилгечилеринин бири, Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева учурда дарыгерлерге моралдык колдоо көрсөтүү зарыл болуп турганын билдирди:

Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

«Учурда вирус табылган жерде өз милдетин аткарып жаткан дарыгерлер көп. Алар өзүнө, өз үй-бүлөсүнө коркунуч туулганына карабай иштеп жатышат. Мына ошондой дарыгерлер бушайман болбош үчүн колдоо катары бул чечимдерди ыкчам кабыл алыш керек болуп жатат. Анткени, биринчи күндөрү өтө көп дарыгерлер депутаттарга кайрылып, жазып жатышты. Мына ушундай абалда дарыгерлер, милиция кызматкери куткаруучулар сыяктуу мамлекеттин, коомчулуктун колдоосун сезип турушу керек».

Касымалиева кошумчалагандай, учурда мыйзам долбоору толугу менен иштелип чыкты, жакынкы күндөрү парламент жыйынга чогулса, ыкчам түрдө кабыл алуу пландалууда.

Мындан сырткары коронавируска каршы жарандар топтоп жаткан каражаттын 38,5 миллиону дарыгерлерге кошумча акы катары төлөнмөй болгон. Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус аныкталган аймакта иштеп жаткан дарыгерлерге бул каражат төлөнө баштаганын жарыялады.

Ошентсе да өкмөт менен парламенттин дарыгерлерди камкордукка алуу боюнча чечими кечигип кабыл алынганын айткандар бар. Учурда коронавирус жуккан деген шек менен обсервацияда жаткан, атын атагысы келбеген дарыгерлердин бири учурда медкызматкерлер жардамга муктаж болуп турганын билдирди:

«Чынын айтканда, азыр иштеп жаткан дарыгерлер моралдык да, материалдык да жардамга муктаж. Мисалы, биз ооруканада иштеп жаткан учурда жергиликтүү ишкерлер үй-бүлөбүзгө азык-түлүктөн жардам берип атышты. Бирок мамлекет эч кандай жардам көрсөткөн жок».

Ал ортодо «Адилет» укуктук клиникасы акыркы кырдаалга байланыштуу президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды. Анда укук коргоочулар күч түзүмдөрүн ооруканалардагы чыныгы абал тууралуу айтып чыккан дарыгерлерди жана алардын жакындарын куугунтуктаганын тез арада токтотушын талап кылган. Уюм өкмөттү ар бир медицина кызматкерин жеке коргонуу каражаттары жана тийиштүү төлөмдөр менен камсыз кылууга чакырган. Клиниканын директору Чолпон Жакупова дарыгерлерге кам көрүү жаатында өкмөт кечигип жатканын билдирди:

Чолпон Жакупова.
Чолпон Жакупова.

«Бизде дарыгерлер ооруну жугузуп алышты. Өкмөт аларды керектүү коргонуу каражаттары менен камсыз кылган эмес. Алар аны айтып, кайрылып, маселени жеткирүүгө аракет кылышты. Ал эми ушул эпидемия башталгандан тартып бул чөйрөдөгү кыйынчылыктарды айтууга аракет кылгандарды коркутуп-үркүтүп жатышат. Бул абдан ачууну келтирчү көрүнүш. Азыр дарыгерлер - биздин акыркы чебибиз, алар бизди коргоп жатышат. Ошондуктан президентке кайрылып, бул көрүнүшкө көңүл бурууга чакырдык».

Президент Сооронбай Жээнбековдун аппараты бул кайрылуу боюнча комментарий бере элек. Бирок саламаттык сактоо министрин кабыл алган учурда президент дарыгерлерге мамлекет кам көрөрүн билдирди.

Чынында эле пандемиянын шартында дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү медицина кызматкерлерине кошумча камкордук көрүп жатат. Буга чейин Казакстан коронавирусту дарылоого катышып жаткан адистерге 470 доллардан 1800 долларга чейин кошумча акы төлөп берерин билдирген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (8)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG