Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-май, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 15:49

Дарыгерлердин санаага салган саламаттыгы


Кыргызстандык дарыгерлер.

Кыргызстанда коронавирус жугузуп алган дарыгерлердин саны 30дан ашты. 100дөн ашык медицина кызматкери обсервацияда жатат.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккан дагы 13 медицина кызматкери аныкталганын 8-апрелдеги брифингде саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди. Анын айтымында, вирус жаңы аныкталгандардын көпчүлүгү Ош шаарындагы инфекциялык оорукананын кызматкерлери.

Сабиржан Абдикаримов.
Сабиржан Абдикаримов.

«Вирус жуккан медициналык кызматкерлердин ичинен бирөө - Бишкек шаардык санитардык көзөмөл департаментинин кызматкери, - деди министр. - Ал эми Ош шаардык жугуштуу оорулар ооруканасынын сегиз кызматкери бар. Алардын төртөө дарыгер, төртөө медициналык кызматкер. «Азия кардио» ооруканасынан бир дарыгер, бир медайым жана кенже медицина кызматкери бар».

Ошентип, өлкөдө COVID -19 вирусу жуккан дарыгерлердин жалпы саны 32 кишиге жетти. Алардын ичинде Ош облусунда – 20, Жалал-Абад облусунда – 7, Бишкекте шаарында – 5, Баткен облусунда – 1 дарыгер бар.

Илдет жуккан дарыгерлер көп катталган Оштогу балдардын жугуштуу оорулар ооруканасы дезинфекция кылыш үчүн убактылуу жабылып, бейтаптар башка ооруканаларга которулду.

Мындан сырткары Жалал-Абад шаарында 107 медкызматкер обсервацияда жатканы белгилүү болду. Облустагы ыкчам штабдын төрагасынын орун басары Урмат Боржиевдин айтымында, учурда бул дарыгерлердин анализдери толук аныктала элек.

«Обсервацияда жаткандардын ичинен 57си - 14 күндүк нөөмөт алмашкан дарыгерлер. Калган 49у илдет аныкталган санэпидкөзөмөл дарыгери менен байланышта болгон шаардык санитардык эпидемиологиялык борбордун кызматкерлери. Алар өз иш бөлмөсүндө жана Жалал-Абад курортуна карантинге жаткырылган. Анализдери алынып, толук жыйынтыгы чыга элек», - деди Боржиев.

Бул дарыгерлер кандай жагдайда ооруну жугузуп алганы ачык айтыла элек. Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов дарыгерлерге илдеттин жугушу боюнча эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүү зарыл экенин белгиледи.

Дүйнөдө коронавирус илдети тарап, Италия жана башка өлкөлөрдөгү кыйын кырдаал ачыкка чыккан убакта эле ириде дарыгерлерди сакташ керек деген маселе коюлуп жаткан. Бийлик органдары «бул жагынан даярдык жакшы, дарыгерлер бардык керектүү каражаттар менен камсыз болду» деп айтып келишкен. Бирок акыркы кырдаал даярдык талаптагыдай болбогонун көрсөтүүдө.

Бишкектеги «Бикард» клиникасынын башкы дарыгери Дамир Осмонов дагы эле медициналык кызматкерлердин коопсуздугуна байланыштуу маселелер бар экенин айтты:

Дамир Осмонов.
Дамир Осмонов.

«Дарыгерлер өзүнүн гана эмес, үй-бүлөсүнүн да саламаттыгын тобокелге салып иштеп жатышат. Чынын айтканда, коопсуздук каражаттары, коопсуздук костюмдары жетишсиз түрдө иштеп жатканы анык эле болуп атат. «Тез жардамда» иштеген же аймактарда иштеген дарыгерлер «иштен бошоп калам» же «жоопкерчиликке тартылып калам» деп азыр муну ачык айта албай жатышат».

Негизи пандемия шартында дүйнө жүзүндө дарыгерлердин коопсуздугу орчундуу маселелердин бирине айланды. Медицина кызматкерлери беткап, коргоочу кийимдерине карабай, эң тобокелчил топко кирет.

Мындан тышкары адистер илдет жуккандар менен дайым байланышта болгон дарыгерлер вирустун оор формасына кабылышы ыктымал экенин белгилеп жатышкан.

Германиядагы Бад Херсфильд шаардык клиникасынын дарыгери Уран Камчыбеков бул коркунучту төмөнкүдөй түшүндүргөн:

Уран Камчыбеков.
Уран Камчыбеков.

«Биринчиден, «супер инфекция» деген түшүнүк бар. Эгер коронавируска кабылган адамдар менен улам тыгыз байланышта боло берсе, вирус улам жугуп отуруп күчкө кирет. Ал күчөп кетсе, дарылоо кыйын болуп калат. Экинчиден, медицина кызматкерлери күнү-түнү эс албай иштеп жаткандыктан, организм начарлап, иммунитет ооруга туруштук бере албай калат».

Ал ортодо өкмөт өзгөчө кырдаалдар убагында өздөрүнүн кесиптик милдеттерин аткарып жатып ооруга чалдыккан дарыгерлерге жана медицина мекемелеринин кызматкерлерине 200 миң сом төлөнөрүн жарыялады. Эгер оорудан көз жумса алардын үй-бүлөсүнө 1 миллион сом акчалай компенсация берүү маселеси чечилди. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 8-апрелдеги брифингде маалымдады.

«Дарыгерлер апрель айында айлык акысын жана үстөк төлөмдөрүн мөөнөтүндө алышат», - деп кошумчалады Кубатбек Боронов.

Мындан сырткары Кыргызстанда өлкөдө медицина кызматкерлеринин өзгөчө абалда иштешин жөнгө салуучу мыйзам долбоору даярдалып жатканы белгилүү болду. Анда өзгөчө абал учурунда иштеген дарыгердин айлык акысы, эгер ооруну жугузуп алса же ошол илдеттен каза тапса төлөнө турган жөлөкпулдун өлчөмү жазылат.

Айрым депутаттар мыйзам долбоорун парламент дароо үч окууда караганы жатканын билдиришти.

Ушул тушта коронавирус дүйнөнүн 184 өлкөсүндө катталып, оору жугузуп алгандардын саны 1 миллион 448 миң адамдан ашты. Бул илдет 83 миңден ашык адамдын өмүрүн алды жана 309 миңге жакын адам айыгып чыкты.

Кыргызстанда 6-апрелге карата 270 адамдан вирус аныкталып, төрт адам көз жумду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (28)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG